Жетиген (уруу)

Википедия дан

Жетигенкыргыздардын сол канат тобунун курамындагы сегиз уруунун бири.

Уруктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетиген[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыбал
    • Чокой, Төлөбай, Итэмген, Кесек Сары (Насип), Омош, Кудай Менде, Жалаң Найза, Насыкул,Торгой, Бекболот, Байсейит.
    • Кесек-Сарыдан Тогонош уурусу таралып азыркы учурда Талас облусунун Талас районунда көп жашашат.
    • Тогоноштун баласы Сасык
    • Сасыктын баласы Мааке
    • Маакенин баласы Ибраим
    • Ибраимдин баласы Сапарбек
    • Сапарбектин баласы Эсенбек
    • Эсенбектин баласы Эрнис
  • Кыргый
    • Кара Моюн, Сары Моюн.
  • Дербиш
    • Жаныбек, Асан, Абышка, Жал.

Генеалогиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Генеалдык уламыштар боюнча жетигендер сол канат уруу бирикмесине сырттан келип кирген уруу катары түшүндүрүлөт. Анда бул уруунун түпкү атасы Молдо Ыбрайым (Нусуп) өз туугандары менен башка элден качып чыгып, жолдон кээ бир туугандарынан айрылып, сол канаттагы кушчу уруусуна келип, ал уруунун курамына кошулуп калышкан. Ал эми анын айрым бир туугандары казак урууларына барып аралашат. Алардын ичинен Эшенкарек (чакыр) деген тууганы кыргыздын саяк уруусуна кошулуп, анын ичиндеги «Чекир саяк» бутагынын түпкү атасына айланган. Жетиген уруусу жөнүндөгү тарыхый булактар маалыматтарга өтө жарды. Ошондуктан, бул уруунун генезисине арналган атайы эмгектер жокко эсе. Бирок, санжыраларда айтылып жүргөн маалыматтарга таянып, жетиген уруусу менен чекир саяктардын байыркы теги бир жерден чыкканын, ошондой эле бул уруулардын бир бөлүгү тектеш, кошуна элдердин курамына сиңип кеткен деп божомолдоого болот. Жетиген уруусу ич ара кыргый, кыбал деген уруктарга ажырайт. Этнограф С. М. Абрамзондун иликтөөлөрү боюнча бул урууга дагы бир «дербиш» деп аталган урук кирет. 19-кылымдын биринчи жарымында канатташ кушчу уруусу менен жайыт талашуудан келип чыккан чатактын натыйжасында жетигендер жеңилип, бир бөлүгү жер которууга мажбур болгон. Ошондуктан, азыркы жетиген уруусу чачкын жайгашкан. Жетигендердин кыбал уругунун тукуму негизинен Талас өрөөнүнүн жогорку аймагын (Талас району) жана ага чектеш жаткан Чүй өрөөнүнүн төмөнкү чөлкөмүн (Панфилов району) мекендешет. Ал эми кыргый жана дербиш уругунун өкүлдөрүнүн көбү сарыбагыш, солто арасында болуп, Нарын облусунун Нарын, Кочкор, Чүй облусунун Кемин, Чүй, Сокулук райондорунда турушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1