Муңгуш

Википедия дан

Муңгушкыргыздын оң канатына таандык уруулук бирикме. Кош тамга жана жагалмай деген эки чоң уруудан турат. Кыргыз санжырасы боюнча Ак уулдун балдары Муңгуш, Адигине, Тагай жана Наалы эже болуп эсептелет. Жазма маалыматта (к. «Мажму ат-Таварих») да Адигине, Тагай, Кара Багыштар менен бирдикте Отуз уулдун (огул) бир уулу катары эскерилет. М-тар азыркы учурда негизинен адигине уруулары менен бирге Фергана-Алай, Талас-Чаткал өрөөндөрүндө, КЭРде (Улуучат, Какшаал), Ош шаарында, анын тегерегиндеги айыл-кыштактарда турушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]