Кыдыршаа (уруу)
Кыдырша ичкилик тобуна кирген - өзүнчө уруу катары, ошондой эле ават, каңды, кесек, тейит, кыпчак уруусунун курамына кирген урук катары да айтылат.
Кыдырша уруусунун этимологиясы:
1. "Кыдыр" жана "шаа" деген эки сөздөн куралып, биринчиси адам аты, экинчиси "падыша" дегенди билдирет. 2. Кыдырша - "Кичинекей Кыдырча - кичинекей Кыдыр ата" дегенди түшүндүрөт.
Кыдырша Манас эпосунда Алмамбет менен Чубак жол талашкан, чатагында Чубак кыдырша жөнүндө төмөнкүдөй оюн билдирет
А да кыргыз уругу
Атын уксаң кыдырша
Анжияндын улугу.
Манасчы Б.Сазановдун айтуусунда кыдырша уруусу байыркы кырк уруунун бири катары берилет.
16-к. Сайф ад Дин Аксыкентинин "Тарыхтардын жыйнагы" аттуу эмгегинде хыдыршах деген ат менен туюнтулат.
Кытай булагы "Сиюй Чжиде" (Батыш жерлердин сүрөттөлүшү) кыргыздар экиге бөлүнөт: кэ-эр-гэ-ци-сы (түндүк) жана то-го-со-хо-лэ (түштүк). Аталган булакта кыдырша уруусу жана анын жайгашкан жери эскерилет.
Полковник Н.Ф.Ситняковский кесек уруусу 14 уруктан туруп, анын курамына кыдырша уругун киргизет.
Америкалык антрополог М.Н.Шахрани ооган-памирлик кыргыздарды изилдеп бостон жана кыдырша уругун кесек уруусунун курамына кошот. Француз окумуштуусу Реми Дор кыдырша уругун кесек уруусуна кошот. Молло Шарап Карваний ичкилик уруусун оң, солго бөлүп, кыдырша уруусунун солго киргизет.
Тарыхчы А.Сыдыков Ош округунун Куршаб болуштугунун каңды уруусунун курамында, Найман болуштугунун тейит уруусунун курамында, Жалал-Абад округунун Аим болуштугунун кыпчак уруусунун курамында кыдырша уругу бар экендигин белгилейт. Тарыхчы А.Абышкаев Каратегин өрөөнүндө жашаган кесек уруусун кыдырша жана бостон деген эки чоң топко бөлөт. Кыдырша - чоок, мушук (мөшкө), таз, боби (баба), казке, шамирек, гунай, атабай, борбаш уруктарын; бостонго - дуңкө, чегетер, уйгур, коңурбай, кошой, чоң кыргыз, балкы уруктарын киргизет. Тажикстандын Жерге-Тал районунда кошой жана чоң кыргыз өзүнчө уруулары жашайт. Чоң кыргыз топоними кездешет.
Тарыхчы, профессор А.А.Асанканов Чыгыш Түркстанда кыргыз уруулары жөнүндө: "Ак тоо ооданынын Суу Башы айылында кыдырша, Кашкар шаарына жакын Армүдүн айылында мөшкө уругу, Көк -Жар кыргыз автоном айылында чоок уругу, Котон аймагынын Сары-Кыя, Кең -Кыр айылында кыдырша уруктары турушат" деп жазат.
М.Өмүрбай СУАРда жашаган тейит уруусунун курамына кирген кыдырша уругунун чоок урук бөлүкчөсүн белгилейт.
С.Саттаров кыдырша уругун ават уруусун түзгөн тогуз уруктун бири катары көрсөтөт. Кыдырша Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу айылдын аталышы.
С.М.Абрамзон кыдырша уругунун эн тамгасы "босого тамга" П деп берет.
Кыдырша уруусунун негизги уруктары: Ийрекчи, Кошой, Мөшкө, Олжочу, Шамирек, Текрең, Түпкүч, Чоок, Солтонкелди.
Азыркы учурда кыдырша уруусу Баткен, Кадамжай, Сузак, Чоң Алай, Кара Суу, Өзгөн, Араван, Ак Талаа районунда, Тажикстандын Жерге-Тал, Мургаб районунда, Өзбекстандын Фергана, Андижан областтарында жашашат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4
- Нурбек Туран. Каңды санжыра жана тарых. "Турар" Бишкек 2014.