Мазмунга өтүү

Ичкилик

Википедия дан
Ичкилик (уруулук топ)‎»‎ барагынан багытталды)

Ичкиликкыргыздын эң ири үч уруулук бирикмелеринин биринин аталышы. Кыргыздын өз алдынча уруулук тобу катары 16-к. Сайф ад-Дин Аксыкендинин «Мажму ат-Таварихинде» баяндалат: «...Ушундан соң, алар (Мир Жалил маулан) салт атчан жолго чыгышты, арадан бир топ убакыт өтүп Салус-бек Бул(а)га- чинин жерине келишти. Алты уулу менен конокту сый-урматка бөлөгөн Бул(а)гачи ыйык Мир Жалил Маулан Агзамдан балдарына бата берүүнү суранды, жооп иретинде алкоо алышты. Алар алты уруу болуп калды: бостон, теит (тейит), жоо кисек (жоо кесек), дөөлөс, хыдыршах (кыдырша), кангды (каңды). кызылаяк...». Бул тарыхый булактагы маалыматтарды кыргыздардын айрым урууларынын ислам динин расмий кабыл алышы катары түшүнүү зарыл. Арийне, Ичкиликтер уруулук тобунун курамындагы уруулардын келип чыгыш теги байыркы хунну, эзелки Кыргыз, Түрк каганаттары, Караханийлер доорлору менен терең байланышкан. Ошондуктан бул уруулук топтордогу уруулардын келип чыгышы соңку доорлор менен гана байланышы бар деген көз караш илимий негизсиз. Ичкиликтер уруулук тобунда кыргыз этносунун пайдубалын түптөгөн этнокомпоненттер арбын. Этностук аталыш «борбор», «борбордук» маанисин түшүндүрүп, мындай уруулук бирикмелерге бөлүнүү чыныгы аскердик жана зарылчылыктардан гана улам келип чыккан. Маселен, орто кылымдардагы огуз-түркмөн урууларынын жайгашкан аймагынын борбордук бөлүгүн ээлеген «бозок» (борбор) уруулук бирикеси «ич огуз» деп аталганын «Коркуд атамын китеби» эпосу да чагылдырат. Бүгүнкү күндө ичкиликтер уруулук тобунун курамына төмөнкү уруулар кирет: найман, кесек, жоо кесек, тейит кыпчак, бостон, каңды, коңурат, дөөлөс, чапкылдык, ават кыдырша, оргу, нойгут. Бул уруулук топтун өкүлдөрү Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында, кошуна Өзбекстандын Наманган, Анжиян, Фергана, Навои, Жизак, Сырдарыя, Ташкент аймактарында, Чыгыш Түркстанда (КЭР), Тажикстанда (Жергетал, Мургаб, Шаартуз, Пролетар, Нау аймактары), Ооганстанда (Кичи Памир, Чоң Памир), Түркияда жашап келишет.

Булгачылар ― уруулук тобунун башка аталышы. Түшүнүктүн келип чыгышы Саян-Алтайдын мифологиялык-диний чөйрөсү менен байланыштуу. Монгол тилдүү элдерде «булгач» сөзү көтөрүлүш чыгарган эл маанисин туюнтат. Термин-этноним Умай эне аталышынын синоними, байыркы кыргыздар колдонгон диний термин. Закамендик буряттардын жана алардын шамандарынын сыйынуучу жери «Булган тээби» деп аталчу. Бул жамааттык дуба кылып, сыйынуучу жерге коёндун терилерин көрүнөө жерлерге илип коюшкан. Шамандар тарабынан ырымдалган терилер жаш балдардын колдоочусу жана сактоочусу болгон. Г.Н. Потанин Алеар буряттарындагы бул онгон «Булгаша» же «Булгаша хан» деген ат менен белгилүү болгондугун жазат. «Тогуз бубендүү Булгаша хан» деген шаман аял сыйкырдуу өзгөрүп туруу касиетине ээ болгон. Буряттардын мифологиясындагы дубасы күчтүү, келбети аял шаман бардык балдардын сактоочусу милдетин аткарган. Булгаша хан - буряттардагы өтө архаикалык уруу онгону (культу) катары эсептелип, энелерди төрөт учурунда, наристелерди төрөттөн соңку мезгилдердеги сактоочу функцияларын аткарган (салыштырыңыз: Умай эне).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]