Караханийлер кагандыгы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Караханийлер кагандыгы - Х-ХII кк. Теңир-Тоодогу Караханийлер кагандыгы өзүнүн экономикалык күч-кубатынын жана маданиятынын гүлдөп турган мезгилине жеткен эмес . "Кара" деген сөз кыргыздарда орто кылымдардан тартып улуу, баатыр, чоң, эбегейсиз күчтүү, күжүрмөн, кайратман жана башка ушундай сыяктуу маанилерди берип келген. Демек, Карахан – Улуу, Күчтүү хан дегенди билдирет. "Караханийлер" термини илимий адабиятка XIX к. орус чыгыш таануучулары тарабынан киргизилген жана түрк династиясы үчүн жалпы кабыл алынган термин болуп калган. Династиянын кайсы урууларга таандыгы ушул убакка чейин так аныкталган эмес. Мамлекетте жетектөөчү ролду карлук бирикмесине киришкен чигил жана йагма түрк уруулары ойношкондугу гана маалым. Түрк кагандары ушул уруулардын төбөлдөрүнөн гана чыккан. Орто кылымдардагы тарыхчы Жамал-ал-Каршы династиянын негиздөөчүсү Сатук Абд ал-Керим Карахандын чоң атасы, карлук каганы Билге Кул Кадыр хан болгондугун жазган. Эгерде бул далилди негиз кылып алган болсок, караханийлер династиясы карлуктардан келип чыккан деп божомолдоого болот. Сатук Карахан өлөөр алдында (955-ж. өлгөн) исламды кабыл алат. Анын уулу Байташ Муса 960-ж. исламды мамлекеттик дин катары жарыялаган. Тарыхый маалыматтарга Караганда 960-ж. Теңир-Тоолук 200 мин түтүн түрк тайпалары ислам динин кабылдаган. Ошолордун ичинде Теңир-Тоо, Памир тоолорунун этектеринде, Ысык-Көлдүн жээктеринде, Талас суусунун боюнда жашаган көптөгөн кыргыз уруулары болгон. Профессор 3.Эралиев көп жылдык изилдөөлөрүнө таянып, Караханийлер мамлекетинде жетектөөчү ролду ойногон чигилдер – кыргыз уруусу болгон деп эсептейт. Алгачкы Караханийлер, өзүлөрүнүн ээликтерин кеңейтүү менен Чыгыш Түркстандын, Борбордук Теңир-Тоонун, Жети-Суунун жана Фергананын чоң бөлүгүн жеңин алышкан. Түндүк Чыгышта караханийлердин мамлекетинин чек арасы Балхаш, Ысык-Көл жана Ала-Көл аркылуу Чугучакка чейин жеткен. Баласагун шаары (Токмок шаарына жакын жердеги Бурананын урандылары) кагандыктын борбор шаары болгон. Экинчи борбор шаар Өзгөн эле. Орто Азияны жана Хорасанды ээлеп турган Саманийлер династиясынын кризиске дуушар болушу Караханийлердин ийгилигине көмөкчү болгон. 990-ж. Харун Бугра-хан Баласагундан чыгып, каршылыксыз эле мурдагы Саманийлер карлуктардан тартып алышкан Тараз менен Исфижабды ээлейт. Эки жылдан кийин Саманийлердин борбору Бухараны да алат, бирок аны таштап, өзүнүн аскерлерин Сыр-Дарыянын ары жагына алып кетүүгө аргасыз болот. ошентсе да САманийлердин күнү бүтүп калган болчу. 996-ж. Караханий каганы Наср ибн Али Мавереннахрга басып кирген. Саманий Нух II түрктөрдүн Ысык Көлдөгү барскан уруусунан чыккан өзүнүн күчтүү аскер башчысы Себук тегинди ага каршы жиберген, бирок ал өз кандаштары менен согушпастан Саманийлердин мамлекетин бөлүштүрүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү баштаган. Караханийлерге Катван талаасынан түндүккө карай, Себук тегинге Аму дарыясынан түштүк жактагы жерлер – Хорасан менен Ооганстан тийген. Себук тегин Газну шаарын өз мамлекетинин борбору кылган, ошондуктан анын династиясы Газневийлер деп аталып калган. Саманийлерге Караханийлер менен Газневийлердин аралыгындагы чакан гана аймак калган. 996-ж. Саманийлер Караханийлер тарабынан биротоло талкаланат. Касташкан феодалдык тайпалардын бири 999 ж. башында Саманий эмири Мансур ибн Кухту (997-999-жж.) кулатып, анын көзүн чукуткан. Караханийлердин каганы Илек Наср ибн Али кыйноого алынган эмир үчүн өч алуу шылтоосу менен Саманийлер династиясын жок кылууну чечет. 999-ж. 1-октябрда ал Бухараны ээлеп, акыркы Саманий эмирин зынданга салып, жерин өз мамлекетине кошуп алган. Илек Бухара менен Самаркандга өзүнүн горнизондорун коюп, Өзгөнгө кайтып кетет. Тарыхчы Утби Наср ибн Алинин аскерлеринин курамына киришкен караханийлик түрктөрдүн кебетесин "... беттери жайык, көздөрү кичинекей, сакалдары суюк, темир кылыччан, кара кийимчен" деп сүрөттөгөн. Караханийлердин мамлекети энчилерге бөлүнүп, алардын башында баш ийүүнүн татаал системасындагы династиянын өкүлдөрү турчу. Энчилердин чек аралары тез-тез өзгөрүп турган. Энчилердин акимдеринин өз монеталарын чыгарууга чейинки чоң укуктары болгон. Мындай шарттарда өз ар согуштар менен чыр-чатактар демейдеги эле көрүнүш болуп калган эле. Башынан эле майда энчилердин акимдери Караханийлер династиясынын эки бутагынын: Хасан Богра хандын ("Хасанилердин") урпактарынын жана Али ибн Сулеймандын ("Алилер") урпактарынын айланасында топтошкон. Ибрагим Бури-тегин аскер топтоп алып 1038-ж. Түндүк Тохарстанга жортуулга чыгып, аны ээлейт да, Мавераннахрга чабуул коюу үчүн базага айландырат. Түндүк Тохарстанды ээлеп, Ибрагим мурда Али-тегин алып жүргөн шаан-шөкөттүү Табгач Богра хан наамын алат. 1041-ж. карата Ибрагим айыгышкан күрөштөн кийин Мавераннахрдан Али-тегиндин уулдарын кууп чыгып, өзүнүн чоң атасы жеңип алган өлкөнүн толук бийликтүү башкаруучусу болуп калат. Ибрагим ибн Наср Табгач Бохра хан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер болгон. Караханийлер Чашты жана Фергананы тартып алган. Караханийлердии мамлекети иш жүзүндө башчыларынын өзүнчө наамдары жана баш калаалары бар өз алдынча эки кагандыкка Чыгыш жана Батыш кагандыктарга бөлүнгөн. Чыгыш кагандыгынын баш калаасы Баласагун (кийинчерээк Кашкар), Батыштыкы болсо Өзгөн (кийинчерээк Самарканд) болгон. Ибрагим эл арасында кеңири белгилүү инсан эле. Анткени ал бекем бийликти орнотуп, эң, оболу карапайым калктын камын ойлоп, өз ара согушту токтотууга аракет кылган, талоончулукту жойгон, калыс мусулман болгон. Ооруканалардын абалына, базардагы баалардын туруктуулугуна көз салган. Ибрагим узакка, аябай карыганга чейин жашаган жана 1067-1068-жж. шал болуп өлгөн. Ибрагим Табгач хан өлгөндөн кийин анын уулдары өз ара бийлик талашып күрөшө башташат. XI к. аягы XII к. башында Караханийлердин эки мамлекети тең кризисти баштарынан өткөрүшкөн. Ибрагим Табгач хандын небереси Ахмад мамлекетти борбордоштурууга умтулат. Тигилер болсо Газневилердин урандыларына күчтүү мамлекетти түзүшкөн селжуктарга кайрылышат. Султан Мелик-шах селжуктардын армиясына башчылык кылып 1089-ж. жортуулга чыгып, Бухараны, Самаркандды жана Өзгөндү ээлейт. Ошондо, Чыгыш Караханийлердин башкаруучусу кулдук уруп келет, андан кийин Самарканд гарнизону селжуктардын бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыккан. Караханий башкаруучулары менен селжуктардын ортосундагы согуш улам бири жеңилүү менен узакка созулган. Натыйжада караханийлер жеңилип, селжуктардын вассалдары болуп калышат, бирок ички иштерде өз алдынчалыкты толук сактап калышкан.