Мазмунга өтүү

Оргу, уруу

Википедия — ачык энциклопедия

Оргу — ичкиликтер уруулук тобундагы ири уруунун аталышы. Оргу уруусун кыргыздардын курамындагы эң байыркы этнокомпоненттердин бири катары кароого болот. Этностук аталыш Махмуд Кашгаринин «Сөздүгүндө» өз алдынча тили (диалекти) бар элдин энчилүү аты катары чагылдырылат. Этностук компонент кыргыздардын курамына 9-12-кк. кеч эмес кирген. Бул уруунун өкүлдөрү Өзгөн, Алай, Чоң- Алай, Ноокат, Кызыл-Кия, Лейлек, Кадамжай, Баткен, Алтай, Казахстан, Өзбекстан, Тажикистан, Ооганстан, жана башка аймактарды мекендеп келишет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]