Дөөлөс (уруу)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Дөөлөс (төөлөс) - кыргыз уруусунун аталышы. Кыргыздардын ичкилик уруу бирикмесине кирет. Айрым маалыматтарда дөөлөс уруусу кыргыздын оң, сол жана ичкилик уруулук бирикмелерине кирбей, өз алдынча уруулардын бири катары да берилет. Санжыраларда бул уруунун пайда болушу жөнүндө атайын генеалогиялык уламыштар сакталган эмес. Тарых булактарында дөөлөстөрдүн байыркы уруулук бирикмелерден түзүлгөндүгүн көргөзгөн фактылар кездешет. Азыркы кыргыз урууларынын курамында бул уруу орто кылымдардан бери эле этностук компонент катары жашап келгендигин 16-кылымда жазылган «Мажму ат-таварих» чыгармасындагы кыргыз урууларынын санжырасында берилгендиги ырастайт. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде дөөлөс уруулук теги орто кылымдагы түрктөрдүн «теле» уруусунун конфедерациясы менен байланышат жана алардын алтайлык уруулардын тобу менен жакындыгы бар. Дөөлөс уруусунун курамына кирген уруктар «ай тамга» жана «кош тамга» деген эки топко ажырашат. «Ай тамганы» шалендер, дукун, буйга, толуман (чулум кашка), ак эчки, жана башка, ал эми «кош тамга» тобун шарон, керей, мүркүт, меркит, бөлтүрүк, качканак атанган уруктар түзөт. Көрүнүп тургандай, өткөн тарыхый мезгилдерде дөөлөс башка уруу топтору менен аралашып турушкан. Мисалы, керей (кереит), меркит, мүркүт (бүркүт) сыяктуу уруктар орто кылымдарда Борбордук Азиядагы саясий аренада белгилүү орундарды ээлешкен түрк-моңгол тилдүү көчмөн этностордун аты менен аталып, алардын өз ара этностук катышы болгонун далилдеп турат. Дөөлөстөрдүн басымдуу көпчүлүгү Түштүк Кыргызстандагы Араван, Кадамжай, Ноокат райондоруна караштуу аймактарда турушат. Ал эми бул уруунун майда топтору Нарын, Ысык-Көл, Чүй облусунда жана Кытай менен Өзбекстандагы кыргыздар арасынан да жолугат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5