Басыз, уруу

Wikipedia дан
(Басыз барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search

Басыз уруусу теңир-тоолук кыргыздардын уруулук түзүмүндө сол канатка кирген чоң уруулардын бири. Басыздар негизинен Фергана кырка тоосунун эки тарабын мекендеп, Кыргызстандын түндүгүндө да, түштүгүндө да салмактуу орду болгондуктан, ортодогу ынтымакты камсыздап келишкен.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Келип чыгуусу[оңдоо | булагын оңдоо]

Басыз уруусун кыргыз, мундуз, дөөлөс ж. б. этнонимдери сыяктуу эң байыркы этникалык аталыш катары кароого болот. Мындагы "-з" мүчөсү байыркы түрк доорунда көптүк маанини аныктаган сөз жасоочу мүчө катары белгилүү[1].

Басыз уруусунун түпкү теги байыркы басмылдарга барып такалышы мүмкүн. Тарыхчы А. Мокеевдин пикири боюнча, VIII кылымда Экинчи Чыгыш-түрк кагандыгынан калган бийликти басмылдар, карлуктар жана уйгурлар талашып, натыйжасында жеңилген басмылдардын калдыктары уйгурлардын жана кыргыздардын арасына сиңип кеткен. Ошондой эле, селжукийлердин тушунда дарыгерлик кылган ал-Марвазинин 1120-жылы жазган «Табаи ал-хайаван» («Айбанаттардын табияты») деген эмгегиндеги В.Ф. Минорский «Басри» деп чечмелеген алтайлык уруу ырасында басыздар деп чечмеленүүсү мүмкүн[2].

XV-XVII кылымдарда[оңдоо | булагын оңдоо]

Санжыралык маалыматтарда басыз уруусунун түпкү атасы Аксуулук Түгөл деп аталгандыктан С.М. Абрамзон бул топонимди Чыгыш Түркстандагы Ак Суу менен байланышта карайт[3]. Сейф ад-Дин Аксыкендинин “Мажму-ат-Таварихинде” (XVI к.) жазылган генеалогиялык баяндар боюнча басыз уруусу кыргыздардын сол канатына кирери айтылат.

Калмак жапырыгына чейин кыргыз элинин сол канатына кирген уруулар негизинен Талас аймагында жашап турушкандыгы санжыралык уламыштарда эскерилет[4].

Сыягы, басыздар Таластан XVI кылымда Көгарт, Жазы жана Нарын аймактарына көчүп кетишкен. Бала Айылчынын санжырасында айтылган маалыматтарга караганда, XVII кылымда кыргыздарга Чаа бий башчылык кылып турган чакта «Кочкордон Нарынга чейин сол тукумунан базыстар (басыздардын бир бөлүгү) ээлеп турушкан»[5]. Ал эми Көгарт, Жазы өрөөндөрүндөгү басыздар Улак баатырдын башчылыгында калмактар менен күрөшкөндүгү жөнүндө уламыштар бар. Айрым маалыматтар боюнча, басыздардын керки тамгаларынын түпкү аталарынан болгон Кожоматбек деген адам XVII кылымда калмактар менен күрөшкөн Курманбек баатырдын жоокерлеринен болгон жана Кашкарда набыт болгон[6]. Кийин калмактардын кысымынан улам түндүк кыргыз уруулары менен бирге басыздар да Гиссар тоолоруна көчүп кетишкен.

XVIII кылымда[оңдоо | булагын оңдоо]

Сагымбай ажынын санжырасы боюнча, XVIII кылымда Гиссардан басыз уруусу Доскул баатырдын башчылыгында Өзгөндүн тоолоруна көчүп келишкен.

1763-1770-жылдары жазылган «Сиюй чжи» аттуу тарыхый кытай жазма булагында басыздар чыгыш (түндүк) кыргыздарынын да, батыш (түштүк) кыргыздарынын да курамында кошо эскерилет[7]. Ушул себептен Ч. Валиханов, П. П. Семенов Тянь-Шаньский, Н. А. Аристовдор өз эмгектеринде жаңылыштык менен басыздарды оң канатка кирет деп жазышкан. Демек, XVIII кылымдын ортосунда басыз уруусу саясий жактан аркалык жана анжиян тараптык болуп экиге ажыраган. Бирок алардын ортосун Фергана кырка тоосу гана бөлүп турган.

Ош-Алай кыргыз урууларынын конфедерациясына кирип турган басыздар негизинен Көгарт жана Жазы өрөөнүн ээлеп келишкен. XVIII кылымдын ортосунда адыгине уруусунан Ажы бийдин бийлиги учурунда 1300 түтүн басыздарды Ка-р-га (Калка) башкарып тургандыгы кытай жазма булактарында эскерилет[8]. Уламыштар боюнча, XVIII кылымда саруу уруусунан Бердике баатыр Анжиян шаарын каратып алганда басыз уруусунун кудайлат уругунан чыккан Сарыкүчүк деген бийин Ош шаарына аким кылып дайындаган. Кытай жазма булактарында Ажы бий батыш кыргыздарынын атынан Сарыкүчүктү (кыт. Ша-ла-ку-чу-к) 1759-жылы Цин империясына элчи кылып жибергендиги эскерилет[9]. XVIII к. 2-жарымында Мурат (Сарыкүчүктүн уулу) башкарган 400 түтүн басыздар Марал деген жерде дыйканчылык менен күн көрүп турушкандыгы «Сиюй чжи» эмгегинде айтылат[10].

Асанбек Стамовдун «Хан Тейиш» аттуу тарыхый романында Атаке бий менен бирге эскерилген Сарытай мырза аттуу каарман басыздардан чыккан тарыхый инсан болгондугу эл оозунда айтылып жүрөт.

XIX кылым - XX к. башы[оңдоо | булагын оңдоо]

Аркалык (түндүктүк) басыздар Тогуз-Торо жана Ак-Талаа аймагынын Нарын дарыясына чейинки жерлерин жердеп, чекир саяк уруусунан бөлүнүп чыккан чоро уругу менен бир саясий бирикмеге биригип турушкан. Уламыштар боюнча, XIX к. башында Сары чечен баштаган басыздар менен Жанболоттун уулу Ырыскул бий башкарган чоро-саяктардын ортосунда чабыш болуп, ал окуя Кетмен-Төбөдөн Бокбасар бий баштаган каба-саяктардын жардамга келиши менен аяктаган[11].

1820-жылы Мандалак баатыр баштаган басыздар жана Жанболот уулу Байбагыш бий баштаган чоро-саяктар коңшу Чыгыш Түркстандагы Жахангир-кожонун Цин империясына каршы көтөрүлүшүнө активдүү колдоо көрсөтүшкөн[12]. Андан кийин да, Чыбылдый бий баштаган басыздар, алардын ичинде Бөбөтөй, Токочор, Дербиш сыяктуу басыз баатырлары чоро-саяк Тайлак баатырга кошулуп, 1825-жылдагы цин аскерлери менен болгон салгылашка, Чыгыш Түркстандагы 1826 жана 1830-жылдары болгон көтөрүлүштөргө активдүү катышышкан[13].

Кокон хандыгынын тушунда басыздардын айрым бөлүктөрү саясий себептер менен Кыргызстандын бир канча жерлерине чачырап, жер которууга дуушар болушкан. Мисалы, Сары баатыр менен Мадыш бийдин жетекчилигинде керки тамгалардын бир канчалаган түтүнү Көгарт тараптан Тогуз-Торого көчкөн[14]. Ж. Болотовдун пикири боюнча, «Сынган кылычта» Кудаяр хандын алдап чакыруусу менен Кокондо башы алынган кыргыздардын кырк бийинин бирөөсү катары эскерилген Абдылда бий басыздардын каман уругунан чыккан[15].

Көгарттык басыздардан чыккан Нусуп жана Чыйбыл аттуу бир тууган бийлер Орусия империясынын тушунда Көгарт жана Тогуз-Торо чөлкөмдөрүнө болуш болуп дайындалышкан. Чыйбыл болуш 1898-жылдагы Анжиян-Кыргыз көтөрүлүшүнө активдүү катышкандыгы үчүн айыпталып, Токтогул акын менен бирге Сибирге сүргүнгө айдалган.

Басыз уруусунун байсогур уругунан чыккан Баймамбет (Байымбет) атту атактуу балбан XIX к. 2-жарымы – XX к.башы аралыгында жашап, өмүрүндө күрөш боюнча эч кимден жеңилген эмес. Орусия империясынын дооорунда акталаалык басыздардан Алыбек баатыр, Мамыткан болуш, Мураталы бий деген атактуу адамдар чыккандыгы эл ичинде айтылып келет.

XX кылымдын башында өзгөндүк басыздардан чыккан Жаныбек казы совет бийлигинин орношуна каршы боштондук үчүн көтөрүлгөндөргө кошулгандыгы үчүн «басмачы» катары айыпталган.

XX кылымдын башында Басыздардын Айдаралы уругнун Чайкөз аталыгынан да да башы көрүнгөн көптөгөн жакшы адамдар чыккан, чыгып атат. Басмачылар учурунда, Чай коз топтон, Бөрүбай деген элин жерин орус баскынчылардан коргогон өтө чыгаан, эр азамат жашаган, учурунда эл үчүн кылган иши бааланбай, большевиктердин колунан өлгөн, ал айтылуу Жаныбек кор башчынын уулу, Беделбайдын аккан досу болот, жазасын алып аткан учурда Беделбай алыста болуп калгандыктан арачы түшө албаганы үчүн, өзүн өмүрү өткүчө жемелеген экен, ал киши Мырзакеде туруп, партиялык иштерде жүрүп, көзү өттү.

Урааны жана тамгасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Басыз уруусунун аскердик урааны “Акбуура” деп чакырылганы маалым[16]. Ал эми басыз уруусунун ичиндеги кудайлаттардын тамгасы жалпы басыздардын тамгасы болгондугу эл оозунда айтылып жүрөт.

Санжырасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Басыз уруусунун санжырасын сүрүштүрүүчү, «Тарыхка саресеп жана Басыз санжырасы» аттуу китептин автору болгон Адылбек Раимжановдун пикири боюнча, басыздардын ичиндеги төмөнкү 20 урук тең-ата болуп саналышат:

  1. Кылыч тамга
  2. Керки тамга
  3. Чуку уулу
  4. Айдаралы -Чай коз- Авелде-Казыбек -=Токтогул-Исманали- Искандар
  5. Бөлөкбай
  6. Жээренчи
  7. Маматберек
  8. Байсогур
  9. Карагана
  10. Караке
  11. Кашка
  12. Кудайлат
  13. Бактыгул
  14. Көчөк
  15. Тилеке
  16. Норус
  17. Доскуна
  18. Шыбакай
  19. Каман
  20. Чоңмурун.

Гаплогруппа[оңдоо | булагын оңдоо]

ДНК-санжырасын изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде көрүнгөндөй, кыргыздардын көпчүлүгүнө мүнөздүү болгон R1a гаплогруппасы басыз уруусунун урпактарынын да көбүнчөсүндө кезигет.

Изилденүүсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Алгачкы изилдөөлөр[оңдоо | булагын оңдоо]

Башка уруулардыкындай эле, басыз уруусунун да генеалогиялык схемасын чийүү аракеттеринин алгачкылары С. М. Абрамзон менен Я. Р. Винниковго таандык. Басыз уруусу Кыргызстандын түндүгүндө да, түштүгүндө да басымдуу орун алышкандыктан,ал эки окумуштуу басыздар боюнча эки башка схема көрсөтүшкөн. Кыргыз илимпоздорунан Сабыр Аттокуров 1995-жылы санжырага кайрылганда, басыз уруусунун курамын көрсөтүп берүү үчүн жогорудагы илимпоздордун эки вариантын бириктирүүгө аракет жасаган.

Басыздардын санжырасын өз китептерине 1995-жылы санжырачы Төрөкан уулу Эсенкул, 1996-жылы С. Закиров, 2006-жылы А. Абдылдаевдер да кыстара кетишкен.

Басыз урпактарынын изилдөөлөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 2002-жылы басыз урпагы Өмүрали уулу Макембай басыз уруусунун бир чоң уруктук тобуна арналган «Керки тамга санжырасын» жазып чыккан.
  • 2003-жылы Болотов Жолболду басыздардын дагы бир чоң тобунун санжырасын, тактап айтканда «Камандар санжырасын» жазып чыккан.
  • Басыздардын санжырасын сүрүштүрүп, тактоого 2000-2005-жылдары Буба уулу Искендер, Тешебай уулу Бердикул, Мойдунов Абдыкадыр деген адамдар да аракет кылып көрүшкөн.
  • 2004-жылы Кабылбек Жумалиев өзүнүн «Насаат» деген китебинде, 2014-жылы "Соолбос булак, өчпөс от" деген китебинде басыздардын караке уругунун Кочкордогу өкүлдөрүнүн санжырасы жөнүндө да эскере кетет.
  • 2006-жылда Рахмат уулу Сагынбай ажынын «Басыз уруусунун эки бутагы болуп эсептелген Кылыч тамга менен Керки тамга санжырасы» деген китеби жарык көргөн.
  • 2006-жылы Адылбек Раимжанов «Тарыхка саресеп жана Басыз санжырасы» деген китебинде жалпы басыздардын санжырасын бириктирип чыккан.
  • 2011-жылы Т. Жаркынбаевдин «Кылыч тамганын Сүтүкө уругунан тарагандар» деген китеби Ош шаарында жарык көргөн.
  • 2016-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда жашаган басыз урпактарынын санжырасын Дөөлөтбек Аканов жазып чыгарган.
  • Сабыралы Кебекбаев 2015-жылы басыздардын кудайлатына кирген чүйүт уругунун санжырасын китеп кылып чыгарса, 2019-жылы басыздардын дагы бир чоң уруктук тобуна арналган «Кудайлаттар» деген китебин чыгарган.

Атактуу адамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Атактуу басыздар[оңдоо | булагын оңдоо]

Сарыкүчүк бий — XVIII кылымда жашаган саясий ишмер, Ош-Алай кыргыздарынын Цин империясына жиберген элчиси, басыз уруусунун бийи.

Мандалак баатыр — 1820-жылы Жааңгер кожонун Чыгыш Түркстандагы көтөрүлүшүнө биринчилерден болуп колдоо көрсөткөн кыргыздардын бири, басыз уруусунун бийи.

Чыбылдый бий — XIX кылымдын 20-30-жылдары Тайлак баатыр менен бирге цин жана кокон баскынчыларына каршы күрөшкөн баатырлардын бири, басыз уруусунун бийи.

Бөбөтөй баатырТайлак баатырдын "оң колу" атанган эң жакын жан-жөкөрү.

Байымбет балбан — XIX к. 2-жарымында - XX к. башында күрөш боюнча эч кимден жеңилбеген кыргыз балбаны.

Чыйбыл болуш — XIX к. аягында Көгарт болуштугунун башчысы, Анжиян көтөрүлүшүнүн активдүү катышуучусу.

Жаныбек казы — XX кылымдын башындагы басмачылык кыймылынын катышуучусу.

Борубай-XX кылымдын башындагы басмачылык кыймылынын катышуучусу/

Басыз урпактарынын атактуулары[оңдоо | булагын оңдоо]


Маданият тармагында[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Салижан Жигитов (1936 - 2006) — кыргыздын көрүнүктүү адабиятчысы, сынчысы, публицисти, сатириги, акыны жана коомдук ишмери.
  • Шабданбай Абдыраманов (1930-1998) – жазуучу, драматург, акын, котормочу, педагог.
  • Рысбай Исаков — акын жана манасчы, Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, “Манас-мурас” коомдук фондунун жетекчисинин милдетин аткаруучу, “Манас” банкынын стипендианты.

Спорт тармагында[оңдоо | булагын оңдоо]

Саясат тармагында[оңдоо | булагын оңдоо]

Илим тармагында[оңдоо | булагын оңдоо]


  • Мурзубраимов Бектемирхимия илимдеринин доктору (1986), профессор (1987). СССР эл агартуу жана элге жогорку билим берүүнүн, Кыргыз ССР элге билим берүүнүн отличниги. КР Улуттук Илимдер Академиясынын академиги. КР Жогорку Кеңешинин депутаты, КР президентинин кеңешчиси.
  • Кыяс Молдокасымов — кыргыздын белгилүү тарыхчысы, публицист жана журналист. Тарых илимдеринин кандидаты, профессор. Кыргызстандын маданиятына эмгеги сиңген ишмер (2005). "Мурас" фондунун Башкармалыгынын Төрагасы.
  • Олжобай Каратаевкыргыз тарыхчысы, этнограф, түрколог, тарых илимдеринин доктору (2003), профессор (2008). 2015-жылдан бери Түркиянын Кастамону университетинде профессор.
  • Сулайман Кайыпов — фольклорчу-этногрaф, тилчи, текстолог, жазуучу-публицист, котормочу, журнaлист, филология илимдеринин кaндидaты, тaрыx илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Сократ атындагы эл аралык сыйлыктын (SOCRATES INTERNATIONAL AWARD) лауреаты, Европa Ректорлор Клубунун (THE CLUB OF THE REKTORS OF EUROPE) мүчөсү, коомдук ишмер.

Башка топтордун курамындагы басыздар[оңдоо | булагын оңдоо]

Катагандардын курамындагы басыздар[оңдоо | булагын оңдоо]

Басыз этнониминин параллели Ооганстандын түндүк-чыгыш аймагын байырлаган катагандардын курамында да бар экендиги аныкталган. Бул ири этнографиялык топтун этностук тегинин кыргыздарга өтө жакындыгы абройлуу изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде далилденген. Д.Лорддун берген маалыматтарында басыздар өзбек катагандардын он алты-уругунун бири болгондугу чагылдырылат[17]. Эскерте кетсек, илимге өзбек-катаган деген ат менен кирип калган бул этностук топтун өкүлдөрү өздөрүн “өзбек” деп аташпайт.

Басыздар "Манас" эпосунда[оңдоо | булагын оңдоо]

Басыздар «Манаска» анын баатырдык-тарыхый эпос болуп калыптануу мезгилинде кирген деп болжолдоого болот. Чыгармада сырткы жоо менен кармаштарга башка уруулар менен бирдикте басыздар да катышып келгени айтылат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Абдылдаев А. Тогуз-Торо элинин санжырасы. – Бишкек, 2006.
  2. Абдыразаков Төлөнбай. Улуттун улуу инсандарын тактоочу учур келди. Кыргыз Туусу. 2009, 3-март. 11-бет.
  3. Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. – Бишкек, 1999.
  4. Аттокуров С. Кыргыз санжырасы. – Бишкек, 1995.
  5. Болотов Ж. Камандар санжырасы. – Жалал-Абад, 2003.
  6. Закиров С. Кыргыз санжырасы. – Бишкек, 1996.
  7. Кыргыз санжырасы. Баш. ред. К. Жусупов. – Бишкек, 1994.
  8. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. – Бишкек, 1995.
  9. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тараыхый булактары. II т. Бишкек, 2003.
  10. Кытай жазмаларындагы кыргыздар. Баш. түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун. – Шинжаң эл басмасы, 2004.
  11. Манас энциклопедиясы. 1-т. – Бишкек, 1995.
  12. Мокеев А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. – Бишкек, 2010.
  13. Рахмат у. С. Басыз уруусунун эки бутагы болуп эсептелген Кылыч тамга менен Керки тамга санжырасы. – Бишкек, 2006.
  14. Сатыбалдиева Б. Тайлак — кокту-колоттун баатыры эмес, улуттук баатыр // Кыргыз Туусу. 2011. – №35-36.
  15. Супруненко Г.П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII – начало XIX вв. – Фрунзе, 1976.
  16. Төрөкан у. Э. Сол канат кыргыз. – Бишкек, 1995.

Эскертүүлөр[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Серебренников, Гаджиева 1979, 88
  2. Мокеев А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. – Бишкек, 2010. – 70-б.
  3. Абрамзон 1990,-68
  4. Сооронкулов С. Бердике беш берен // Кыргыз санжырасы. Баш. ред. К. Жусупов. – Бишкек, 1994. – 218-б.
  5. Сарымсаков А. Бала Айылчынын санжырасы // Кыргыз санжырасы. Баш. ред. К. Жусупов. – Бишкек, 1994. – 187-б.
  6. Рахмат у. С. Басыз уруусунун эки бутагы болуп эсептелген Кылыч тамга менен Керки тамга санжырасы. – Бишкек, 2006. – 25-26-б.
  7. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. II т. Бишкек, 2003. – 229-231-б.
  8. Кытай жазмаларындагы кыргыздар. Баш. түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун. – Шинжаң эл басмасы, 2004. – 133-134-б.
  9. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары (Б.з.ч. II – XVIII к. кытай булактарынан үзүндүлөр). II том. – Бишкек, 2003. – 136, 165-б.
  10. Супруненко Г.П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII – начало XIX вв. – Фрунзе, 1976. – 81-б.
  11. Абдылдаев А. Тогуз-Торо элинин санжырасы. – Бишкек, 2006. – 5-6-б.; Сатыбалдиева Б. Тайлак — кокту-колоттун баатыры эмес, улуттук баатыр // Кыргыз Туусу. 2011. – №35-36. – 24-б.
  12. Кытай жазмаларындагы кыргыздар. Баш. түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун. – Шинжаң эл басмасы, 2004. –654-б.
  13. Кытай жазмаларындагы кыргыздар. Баш. түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун. – Шинжаң эл басмасы, 2004. – 703-б.
  14. Рахмат у. С. Басыз уруусунун эки бутагы болуп эсептелген Кылыч тамга менен Керки тамга санжырасы. – Бишкек, 2006. – 26-28-б.
  15. Болотов Ж. Камандар санжырасы. – Жалал-Абад, 2003. – 13-бет.
  16. Абрамзон, Т.1У, -с.-79.
  17. Кармышева 1976, 105, 244-245; КЫРГЫЗ ЭТНОНИМДЕР СӨЗДҮГҮ-Молдобаев 1995, 149- 150