Кайыпов, Сулайман Турдуевич

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кайыпов Сулайман Турдуевич - [15. 7. 1952, Ош (азыркы Жалал-Абад облусу), Сузак району, Ак-Тоок айылы] – адабиятчы, фольклорист, филология илимдеринин кандидаты (1985), тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илим жана техникалык жаатындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (2008). Сократ атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты (2007). 2015-жылдан тартып КЭРдин Үрүмчү шаарында Шинжаң Педагогикалык университетинде профессор болуп иштейт.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сулайман Турду уулу Кайыпов Сузак районунун Ак-Тоок айылында 1952-жылы 15-июлда туулган.

1970-жылы Кыз-Көл орто мектебин аяктап, 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетинин Кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн бүтүрүп, “Филолог. Кыргыз тили жана адабияты окутуучусу” адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун Кыргыз ССРнин Мамлекеттик китеп палатасында библиограф, кийин Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер болуп иштөө менен баштаган.
1975–1978-жж. кыргыз адабияты жана фольклору боюнча макалаларды жарыялап, ал түзгөн “Эл ырчылары” аттуу китеби 1980-жылы “Кыргызмамбастан” басылып чыккан.

1978–1980-жж. СССР Илимдер академиясынын М.Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунун Оозеки чыгармачылыкты изилдөө бөлүмүндө такшалмадан өтүп, 1981–1984-жж. ошол эле институттун аспирантурасында окуган.
1985-жылы “Эр Төштүк” жомогунун көркөм сүрөттөө каражаттары (кыргыз жана башка түрк тилдүү элдердин божомолдорунун мисалында)” аттуу кандидаттык диссертациясын коргогон.

1985–1991-жж. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, улук илимий кызматкер жана сектор башчысы болуп, эки китептин, ондогон илимий макалалардын автору, бир катар илимий эмгектердин жооптуу жана адис редактору болгон. Фольклордук экспедицияларга жетекчилик кылуу менен В.В.Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунун Филология факультетинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасында “Кыргыз фольклору”, “Кыргыз акындар чыгармачылыгы” жана “Адабият теориясына киришүү” сабактарынан лекцияларды окуган.

1987–1988-жж. Москвадагы СССР Жазуучулар союзуна караштуу М.Гoрький атындагы Адабият институтунун чакыруусу менен “Элдик оозеки чыгармачылык” боюнча дарс окуган.

1992–1995-жж. Бишкек гуманитардык университетинде Түркология факультетинин деканы, биринчи проректор кызматтарында иштеп, “Кыргыз эл ooзeки чыгармачылыгы”, “Кыргыз акындар поэзиясы”, “Манастаануу”, “Жалпы филологияга киришүү” сабактары боюнча лекцияларды окуп, текстология, булак таануу, библиография сыяктуу илимий тармактар боюнча адистештирилген курстарды өткөргөн.

1996-жылы Бишкектеги Чүй мамлекеттик университетинде профессор, филология кафедрасын жетектеген.

1997-2007-жж. Чүй мамлекеттик университетинин чет элдик байланыштар боюнча проректору кызматын аркалоо менен бирге, Түркия Республикасынын Вaн шаарындагы Жүзүнчү Жыл университетинин Гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин Түрк тили жана адабияты бөлүмүндө профессор болуп иштеп, “Түрк элдик оозеки чыгармачылыгы”, “Жаңы түрк жазуу тилдери”, “Түрк баатырдык жомоктору”, “Жомок поэтикасы”, “Текстология негиздери”, “Түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы”, “Кыргыз тили”, “Казак тили” жана “Өзбек тили” сабактарын окуткан.

Ван шаарында иштеген жылдары “Башталгычтан бүгүнкүгө чейинки Түркия түрк адабияты антологиясын” (Анкара, 2004, 704 б.) кыргыз тилине которгон жана китептин редактору болгон.

2005-жылы Aнкaрaдa басылып чыккан “Кыргыз адабиятынын антологиясынын” эки томдугун түзгөн.

Илимий макалалары менен улуттук жана эл аралык симпозиумдарда, конференцияларда түрк дүйнөсүнүн оозеки чыгармачылыгы жөнүндө көптөгөн баяндамаларды жасаган.

Кыргыз, орус, түрк тилдеринде жазылган 100дөн ашуун илимий жана илимий-популярдуу макалалардын автору.

Ван облусунун Эрчиш районуна караштуу Улуу-Памир айылында жашаган кыргыздардын тили, фольклору жана этнографиясына тиешелүү булактарды жыйнаган.

2007-жылдын 1-февралынан тартып 2011-жылга чейин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору болуп иштеди.

2007-жылы XXI кылымдын интеллектуалдык өнүгүшүнө кошкон жекече салымы үчүн Сократ атындагы эл аралык сыйлыктын (SOCRATES INTERNATIONAL AWARD) лауреаты болгон.

2007-жылдан Европа Ректорлор Клубунун (THE CLUB OF THE REKTORS OF EUROPE) чыныгы мүчөсү.

2008-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

2015-жылдан тартып КЭРдин Үрүмчү шаарында Шинжаң Педагогикалык университетинде профессор болуп иштейт.

Илимий ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Эмгектери кыргыз фольклорун жана адабиятын, түрк дүйнөсүнүн оозеки чыглыгын изилдөөгө жана таанытууга арналган. С. Каипов «Эл ырчылары» (1980) китебин, «Башталгычтан бүгүнкү күнгө чейин Түркия адабияты» антологиясын (Анкара, 2004), «Кыргыз адабиятынын антологиясынын» эки томдугун (Анкара, 2005) түзгөн. Илимий-популярдуу «Жылга бергис жарым күн» (2006), «Эр Төштүк жомогунун көркөм сүрөттөө каражаттары» (2007), «Тоголок Молдо: Эскерүүлөр изилдөөлөр» (2009) ж. б. 100дөн ашык илимий эмгектин автору.

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Республикасынын илим жана техникалык жаатындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (2008).

Сократ атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты (2007).
«2007-жылдын калемгери», «2007-жылдын мыкты ректору», «2007-жылдын каарманы», «Кылым башатынын азаматы» (2008), «Жергебиздин ишмер, чыгаан-калемгер атуулу» (2009) наамдарынын ээси.

Жарык көргөн китептери[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

• Түркиядa жaшaгaн пaмир кыргыздaрынын кошоктору: Лингвофольклористикaлык булaк кaтaры: Изилдөө жaнa Текст. ‒ Бишкек: Борбордук Aзия Университети, 2017. ‒ 558 б. ISBN 978-9967-12-654-1

• Түркиядa жaшaгaн пaмир кыргыздaрынын мaкaл, лaкaптaры: Лингвофольклористикaлык булaк кaтaры. ‒ Бишкек: Борбордук Aзия Университети, 2017. ‒ 566 б. ISBN 978-9967-12-654-1.

• Пaмир кыргыздaрынын тaмaк-aш мaдaнияты: Этногрaфиялык изилдөө: Үч томдук: 1-том: Илимий мaкaлaлaр. ‒ Үрүмчү: Шинжaң эл бaсмaсы; Шинжaң илим-теxникa бaсмaсы, 2016. ‒ 466 б. ISBN 978-7-5466-3794-5.

• Пaмир кыргыздaрынын тaмaк-aш мaдaнияты: Этногрaфиялык изилдөө: Үч томдук: 2-том: Моногрaфия. - Үрүмчү: Шинжaң эл бaсмaсы; Шинжaң илим-теxникa бaсмaсы, 2016. ‒ 537 б. ISBN 978-7-5466-3794-5.

• Пaмир кыргыздaрынын тaмaк-aш мaдaнияты: Этногрaфиялык изилдөө: Үч томдук: 3-том: Диссертaция жaнa aвтореферaт. Рaсмий документтерден өрнөктөр. Рецензиялaр. - Үрүмчү: Шинжaң эл бaсмaсы; Шинжaң илим-теxникa бaсмaсы, 2016. ‒ 693 б. ISBN 978-7-5466-3794-5

• Түркиядa жaшaгaн пaмир кыргыздaрынын тaмaк-aш мaдaнияты: Тaрыxый-этногрaфиялык изилдөө (XX к. aягы ‒ XXI к. бaшы): Тaрыx ил. докт. ... aвтореферaты /Aдистиктери: 07.00. 02 ‒ Aтa Мекен тaрыxы; 07.00.07 ‒ этногрaфия, этнология жaнa aнтропология. ‒ Бишкек, 2012. ‒ 58 б.

• Дaн-эгин, мөмө-жeмиш жaнa жaшылчaлaр пaмир кыргыздaрынын тaмaктaнуу систeмaсындa: Этнoгрaфиялык изилдөө. – Бишкек: Бийиктик, 2011.– 153 б. (Монография).

• Пaмир кыргыздaрынын сүттөн жaнa эттeн жaсaлгaн тaмaк-aштaры: Этнoгрaфиялык изилдөө. – Бишкек: Бийиктик, 2011. – 216 б. (Монография).

• Пaмир кыргыздaрынын тaмaктaнуу систeмaсы: ритуaл жaнa турмуш, сaлттуулук жaнa жaңылaнуу: Этнoграфиялык изилдөө. – Бишкек: Бийиктик, 2011. – 193 б. (Монография)

• Жoк жeрдeн жoмoк жaрaлбaйт (жe кыргыз дeмoкрaтиясынын улуттук уңгусу, aзыркы aбaлы жөнүндө сөз): Илимий-пoпулярдуу oй тoлгoo. – Бишкек: Бийиктик, 2011. – 184 б.

• Aтa экенин эми гaнa билгенде...: Ой толгоо. ‒ Бишкек: Бийиктик, 2008. ‒ 40 б. (ISBN 978-9967-13-486-7).

• Жылга бергис жарым күн: (же сaнaт ырдaн сaрыккaн ойлор) / Илимий-популярдуу бaян. – Бишкек: Учкун, 2006. - 205 б. ISBN 9967-428-28-7.

• Тоголок Молдо: Изилдөөлөр. Эскерүүлөр. – Бишкек: Адабият, 1991.

• Эл ырчылaры: Бaлык, Жеңижок, Эшмaмбет... - Фрунзе: Кыргызстaн, 1980.

Түрк тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Байыркы доордон азыркыга чейинки Түркия түрк адабияты: Тарых – ысымдар – тексттер. – Анкара, 2003. – 704 б.
  • Başlangıçtan Günümüze Kadar Türkiye Türk Edebiyatı: Tarih – İsimler – Metinler. –Ankara, 2003. - 704 s.]
  • Türkiye Dışındaki Türk Edebiyatları Antolojisi, Clt 31:
  • Kırgız Edebiyatı – 1 (591 s.), Cilt 32,
  • Kırgız Edebiyatı – 2 (584 s.), – Ankara: T.C. Kültür ve Turizm Bakanlığı, 2005.
  • Folklor Üzerine Yazılar: Makaleler, Bildiriler. – Ankara, 2006.

Орус тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Проблемы поэтики эпоса «Эр Тёштюк»: Часть 1. Гипербола. Сравнение. – Ф: Илим, 1990.
  • Художественно-изобразительные средства эпоса «Эр Тёштюк» (на материале кыргызских и других тюркоязычных версий). – М.: Институт мировых литератур им. А.М.Горького, 1985. – 21 с.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Ички шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]