Жааңгер кожо

Википедия дан

Жааңгер кожо - Жахангир (1783–1827-жылдан кийин) – Чыгыш Түркстан аймагында Цин-манжур үстөмдүгүнө каршы чыккан көтөрүлүштүн башчысы. Сарымсак кожонун уулу, Аппак кожонун урпагы, Бурханеддиндин небереси, «Ышкиййа тарикаты» («Актоолуктар») сопулук агымынын өкүлү. Өз мезгилинде Бурханеддин менен Аппак кожо дагы Цин зомбулугуна каршы боштондук күрөш уюштурушкан. Бурханеддин Цин аскеринен жеңилип, баш калкалоо үчүн Бадахшанга качканда, ал жердин акими Султан шах анын башын кесип, Цин бийлигине тартуу кылган. Ага жан тарткандар уулу Сарымсакты Ферганага качырышкан. Жааңгер кожо баштаган боштондук кыймылдын алгачкы этабы «Суранчы бийдин козголоңу» деп аталат. Ушул козголоңдун таасири менен Жааңгер кожо 1821-ж. Кашкарга 2-ирет жортуул жасаган. Бирок, жеңишке жетише албай, Алайга чегингенде, ал жердеги кыргыздар жардам берип, 1824-жылдын кыш мезгилинде Кашкарга жакын Улутагдагы (Улуу-Тоо) кытайлык кароолго кайрадан чабуул койгон. Айыгышкан кармашта эки тарап тең көп жоготууларга учурап, Турдумамбеттин жардамчысы жамантейит уруусунун бийи Шергазы (Сергаджы) баатырларча курман болгон. Сан жагынан кыйла артыкчылык кылган кытай аскери Жааңгер кожонун колун Кашкар аймагынан сүрүп чыккан. Негизги таянычы болгон кыргыз бийлеринен ажыратууга аракет кылган богдыхан Жааңгер кожону жан-жөкөрлөрү менен кармап берүүсүн өтүнүп, аларга 1825-ж. элчи жөнөткөн. Жааңгер кожонун кыймылына катышууга үлгүрө элек бир нече бийге наам, кымбат баалуу сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө атайын буйругун жарыялаган. Ошол жылы күзүндө Жааңгер кожону туткунга түшүрүү үчүн Баянбату баш болгон 500 жоокер Ак-Талаадагы Тайлактын айылына жөнөтүлгөн. Анын кошууну түнкүсүн гана жол жүрүп келип, Нарын дарыясынын жээгиндеги Тайлак менен Атантайдын айылдарына капыстан кол салышкан. Бул айкашта кытай аскери түгөл кырылып, жалгыз жоокери гана кутулган (к. Атантай Рыскул уулу, Тайлак баатыр). Ушул жеңиштен кийин Жааңгер кожо Цин бийлигине каршы Кокон, Оро-Төбөнүн акими, Кундуздун эмири, тажик, өзбек, казак, кыргыз урууларынан жардам сурап, чечүүчү кармашка даярдык көргөн. 1826-ж. май айында Жааңгер кожонун колу Ак-Бейитти ашып, Кашкар багытына түшкөн. Алгачкы салгылаш Аппак кожо мазарына жакын жерде болгон. Кыргыздардан куралган кошуун Үч-Турпанга барчу жолду ээлеп, Атантай, Тайлактын жигиттери Барчындагы кытай кароолун кыйраткан. Натыйжада Жааңгер кожону Кашкар дубанынын калкынын көбү колдоп кеткен. Шаан-шөкөт менен баш калаага киргенде «сеид Жааңгер султан» атанган. Көп узабай Жаркен, Хотан, Янгигиссардын калкы козголуп, ал шаарлардагы Цин аскерлери, сепилдер талкаланган. Жааңгер кожонун көтөрүлүшү дээрлик 1828-жылга чейин Чыгыш Түркстандын кеңири аймагын камтып, Ч. Валихановдун эскерүүсү боюнча бул көтөрүлүшкө 200 миңге жакын адам катышып, кыргыздар чоң роль ойногон. Бирок, Жааңгер кожо Кашкарды ээлегени менен түзүлгөн оңтойлуу кырдаалды пайдалана алган эмес. Курал-жарак, ок-дарысы жетишсиз, аскер даярдыгы начар болгондуктан, өлкөнүн ич жагынан келген ири аскер күчтөрүнө туруштук берүү кыйын болгон. 1827-ж. эрте жазда Жунтан кол башчылык кылган 70 миң аскер Кашкар, Жаркен, Хотанга чабуул коюп, Кашкардын жанындагы кармашта аны коргоочулар жеңилип, калааны калтырып кетишкен. Кожонун жакын жардамчыларынын ич ара талаш-тартышы да бул кыймылга терс таасир эткен. Кытай бийлиги дайындаган Кашкардын жаңы хакимбеги Исак-ван чет жерлик төрөлөргө берилгендигин далилдеш үчүн айла-амал менен Жааңгер кожону кытайларга кармап берген. Аны өтө коркунучтуу козголоңчу катары Пекинге алып барып, бир нече жылдан кийин кескилеп өлтүрүшкөн. Жеңилип калганына карабастан, бул кыймылдын Түркстан элдеринин боштондук күрөшүнүн тарыхында мааниси зор. Цин үстөмдүгүнө каршы Чыгыш Түркстан элдеринин өз алдынчалык үчүн күрөшү кийинки жылдары уланып, кыргыздар да активдүү катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1