Бектемир Мурзубраимов

Википедия дан
Мурзубраимов, Бектемир‎»‎ барагынан багытталды)

Мурзубраимов Бектемир - (1940-жылы туулган Өзгөн району, Ничке-Сай кыштагы) — химия илимдеринин доктору (1986), профессор (1987). 1967-жылдан КПСС мүчөсү. 1956-жылы орто мектепти бүтүрүп, ошол эле жылы Ош мамлекеттик педагогика институтуна өткөн. 1962-жылы институтту бүтүргөндөн кийин жарым жылча мектепте иштеген. Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасында окуган. 1965-жылдан Ош мамлекеттик педагогика институтунда (окутуучу, кафедра башчысы, проректор, биология факультетинин деканы) болуп иштейт. 130дан ашык илимий эмгектери бар. Алардын көпчүлүгү СССР ИАнын журналына жана союздук Конференциялардын материалдарына жарыяланып, чет элдик тилдерге которулган. Мамлекеттин жетекчилигинде Ош педагогика институнун химиктери менен турмуш-тиричилик үчүн маанилүү элементтердин аракеттенүүсүнүн илимий негиздерин иштеп чыгып жаңы натыйжалуулукка ээ болгон биоактивдүү препараттарды синтездөөдө эмгектенип жатышат. СССР эл агартуу жана элге жогорку билим берүүнүн, Кыргыз ССР элге билим берүүнүн отличниги. В. И. Лениндин 100 жылдыгына карата «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы, СССР ИАнын Н. С. Курнаков атындагы эстелик медалы менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. Ош областы энциклопедия. Фрунзе 1989-ж.