Чыйбыл болуш

Википедия дан

Чыйбыл болуш, Абдылда бий уулу (1870, Анжиян уезди, Багыш болуштугу, азыркы Сузак району, Калмаккырчын айылы –1908, сүргүндө каза болгон. – Көгарттан чыккан белгилүү тарыхый инсан. Басыз уруусунан (Камандар).(Чыйбыл болуштун Каттча аттуу кызы Озгондун Ийри-Суу айылынан чыккан айтылуу ДЫЙКАН КАЗЫнын зайыбы экени белгилуу.)Чыйбыл болуш болуп турганда жергиликтүү калктын таламын көздөгөн көптөгөн иш-аракеттерди жүргүзгөн. Орус бийликтеринин жергиликтүү элге болгон катаал мамилесине, айрыкча кыргыздардын семиз, сугат жерлерин тартып ала баштаган саясатына нааразы болгон Чыйбыл болуш 1890-жылдардын ортосунда орустарга каршы көтөрүлүш чыгаруу идеясына оогон. Ал Мадали эшен (Ийикчи Эшен) менен 1895–97-жылы Көгартта, Миңдөбөдө бир нече жолу кеңешип, Анжиян көтөрүлүшүн даярдоого жигердүү катышкан. Ал көтөрүлүшкө түздөн түз катышууга үлгүрбөсө да, көтөрүлүштү даярдоого жигердүү катышкан деген күнөө менен Россиялык согуштук талаа соту тарабынан соттолуп, өлүм жазасына өкүм кылган. Кийинчерээк өлүм жазасы көп жылдык сүргүн менен алмаштырылып, Сибирге айдалган. Элдин үшүн алыш үчүн Жалал-Абад шаарындагы губерниялык сотко алып бара жатканда, анын колу-бутун байлашып, эки кулагы эки мык менен тактага кагылып, арабага чалкасынан жаткырып, эл арасынан алып өткөн. Сибирде жүргөн убагында Токтогул менен жолугушкан, акын анын өлүмүнө күбө болгон. Чыйбыл болуштун аянычтуу өлүмү жөнүндө Токтогулдун Эшманбет менен айтышында баяндалат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.