Анварбек Мокеев

Wikipedia дан
(Мокеев, Анварбек барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search
Профессор Анварбек Мокеев.

Анварбек Мокеев (1948, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Чычкан айылы) – Кыргызстандагы заманбап тарыхчылардын бири, тарых илимдеринин доктору, профессор. Булак таануу боюнча бараандуу адис. Кыргызстандын Атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси.

Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

Анварбек Мокеев 1948-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Чычкан (Жеңиш) айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Кыргыз.

Бала чагы[оңдоо | булагын оңдоо]

Зээндүү бала ызгаардуу кыш, мээ кайнаткан ысыкка, чучукка жеткен бороон-чапкынга кайыл болуп тоо-таш жана мазарларды аралап билим деп күнүгө алыстагы мектепке барып турду.

Эгер, ал тоо менен кыштак ортосундагы окуусун ушинтип уланта берсе, узактыкка корогон убакыт, балким билим сапатына да кедерги келтирет беле.

Ошентип, ал ата-энесинин батасын алып Ысык-Көл областындагы Жетиөгүз районундагы Покровка (Кызылсуу) кыштагындагы интернаттан билимин улантты.

Интернаттык окуу Анварбек Мокеевичтин жашоо кредосунун аныкталышына зор түрткү берди. Интернаттан ал жолдоштук жана достук эмне экендигин ажыратып, айырмалаган абалга жетти.

Студенттик доор[оңдоо | булагын оңдоо]

Анвар Мокеев 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (Азыркы Кыргыз Улуттук университетинин) тарых факультетинин босогосун аттады.

Ошол убакта Кыргыз мамлекеттик университетинде Б. Ж. Жамгырчинов, А.Х.Хасанов, Х. К. Карасаев, Х.Мусин, Б.Ч.Чөкүшев, С.А.Аттокуров, И. М. Скляр, П. А. Тутлис сыяктуу таанымал окумуштуулар эмгектенип, студенттер да анык билим дүйнөсүндө кайнашып илимге умтулган жаштардын саны арбыган.

Университеттик турмуш жалаң эле дарстар менен чектелип калбастан, студенттер арасында диспут өткөрүлүп, жаңыдан билимге аралашкан жаштар арасында илим адамынын культу калыптанган.

Замандаштарынын айтымында Анварбек Мокеевич окуунун авангардында жүрдү. Тубаса зээндүүлүк менен билим алууга болгон ыклас ага тарых илиминин сырын ачууга көмөк көрсөттү.

Жаш окумуштуу жана окутуучу[оңдоо | булагын оңдоо]

Билимге шыктуу студенттин аракети калыс бааланып, ал 1971-жылы окуусун бүтүргөндөн кийин дароо Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетиндеги СССР тарыхынын кафедрасына окутуучулук кызматка алынды.

Анварбек Мокеевдин турмушундагы жана билим багытындагы бурулуш окуя 1974-жылы болду.

Тарых илиминде, айрыкча, жаш адистерди жетиштирүүдө залкар эмгек сиңирген Салмоорбек Табышалиев менен таанымал тарыхчы, профессор Өмүркул Караевдин жолдомосуна ылайык, ал 1974-жылы СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Ленинград бөлүмүнө аспирантурага тапшырды.

Чыгыш таануу институтунун Ленинград бөлүмүндөгү аспирантуралык убак Анварбек Мокеевичтин турмушундагы эң маанилүү да, кайталангыс да бир баскыч болушу мүмкүн.

Эгер, буга чейин анын адамдык сапаттары турукташып, жашоо принциптери аныкталса, Ленинград шаарындагы аспирантуралык учурда ал такшалган илимпоз катары калыптанды.

Айрыкча, Ленинград шаарынын маданий көрөңгөсү жана илимпоздор чөйрөсү анын тубаса интеллигенттик касиеттеринин артышына себеп болгон шекилдүү.

Улуттук университеттеги кесиптештери - "Анварбек Мокеевич Лениградга барып келгенден кийин 2-3 айга чейин ага интеллигенттүүлүк илешип жүрөт", - деп ич ара тамашалашып калаар эле.

Арийне, ага В.А.Ромодин, М.А. Салахетдинова,С.М.Абрамзон, С.Г.Кляшторный, О.Ф.Акимушкин, С.Е.Яхонтов, Е.И.Кычанов, Т.И.Султанов сыяктуу көрүнүктүү чыгыштаануучулардын иштөө методологиясы менен таанышып, алардын илимий изилдөө методдорун үйрөнүү шыбагасы ыроолонду.

Асыресе, Совет мезгилинде аталган илим борборлорунан билим алгандар арбын болгон. Бирок Анварбек Мокеевич сыяктуу аспирантуралык билимди анык илим сересине чыгаргандар саналуу экендигин белгилей кетиш ашыкча болбос.

Аспирантуралык окуу убагында мындагы илим чөйрөсү, окумуштуулардын илим изилдөө ыкмасы, адамдарынын турмуш, тиричилиги жана жашоого жасаган мамилеси Анварбек Мокеевичтин кыраакы көз жаздымынын тышында калбаганы таасын байкалат.

Андан да анын инновациялык ойду илгиртпей өздөштөрүп, аларды илим изилдөө принцибине ийкем жалгаштыра турган касиети илим айдыңына таланттуу илимпоздун келиши менен жыйынтыкталды.

Ал 1979-жылы "Орто Азиянын Түндүк-Чыгышынын XVII к. жана XVIII кылымдын биринчи жарымындагы саясий жана этникалык тарыхы" аттуу кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду.

Аспирантуралык окуу убагында ал перс жана эски чагатай тилин үйрөнүп, Орто Азиядагы түрк калктарынын тарыхын изилдөөчү адиске айланды.

Кыргызстандагы илимий-агартуучулук ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Анварбек Мокеев 1978-жылдан тартып Кыргыз илимдер академиясынын тарых институтунда эмгектенди.

Ал 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетиндеги "Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы" кафедрасынын башчысы кызматына которулуп, аны 1990-жылга чейин жетектеди.

Бул убакта Мамлекеттик университет жаңылануу процессин башынан кечирип, Т.М.Мырзабеков, А.М.Мокеев, Ч.Ш.Жакыпова, А.А.Асанканов сыяктуу жаңы муундагы тарыхчылардын жылдызы жанган.

Тарых факультетинин профессордук-окутуучулар арасында окуу-методикалык семинарлар уюштурулуп, илимий нуктагы пикир алмашуулар жанданган.

Арийне, андай ийримдерде Анварбек Мокеевичтин салмактуу көз карашы жана негиздүү илимий тыянактары көңүл бурдурбай койчу эмес.

Кайсыдыр бир илимий маселе боюнча ал кишинин пикири айтылгандан кийин, талаш токтоп "көз карашым билдирет элем" дегендердин катары суюлчу.

Кыргызстандагы чыгыш калктарынын тилдерин, тарыхын жана маданиятын окуп-үйрөнүү салтынын калыптанышына Анварбек Мокеевичтин сиңирген эмгеги зор.

Ал 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде Чыгыш таануу бөлүмүн, 1992-жылы Бишкек гуманитардык университетинин Чыгыш таануу факультетин куруп, жаңыдан эгемендик алган өлкөдө чыгыш таануу илиминин пайдубалын түптөдү.

Анын билимдеги уюштуруучулук таланты азыр жемишин берип, Кыргызстандын бир канча жогорку окуу жайларында чыгыш таануу багыты үзүрлүү өнүгүп жатат.

Дипломатиялык ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Замандаштары Анварбек Мокеевичтин адамдык касиетте сейрек кездешчү дипломаттык сапатын жогору баалашат.

Ал 1994-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Ыйгарым укуктуу элчисинин кеңешчиси болуп иштеди.

Анвар Мокеев 1996-1998-жылдары Иран Республикасындагы Кыргызстан элчисинин кеңешчилик кызматын аркалады.

2011-жылы март-2012-жылы январь айларында Мокеев мырза Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчиси кызматында иштеди. Өмүрлүк жары жол кырсыгынан улам оор жаракат алып, көз жумган соң, ал кайра Бишкектеги профессорлук ишине кайтууну чечти.

Учурдагы профессордук жана илимий-агартуучулук ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Элчилик кызмат Анварбек Мокеевди тандаган билиминен алыстаткан жок. Тескерисинче, анын окумуштуулук топтогон тажрыйбасы жаңыдан телчигүү жолундагы дипломатиялык саясаттын турукташына жана салмактуу даражага жетишишине көмөк көрсөттү.

Анварбек Мокеев 1998-жылы Кыргыз Улуттук университетине кайрылып келип, Эл аралык байланыштар боюнча проректордук кызматты аркалады.

Ал 2001-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетине которулуп, 2005-жылга чейин тарбиялык жана илимий иштер боюнча проректор жана андан соң тарых бөлүмүнүн профессору болуп иштеп, топтогон тажрыйбасын, эбегейсиз билим казынасын жаш муундар менен бөлүшүп келди.

Анвар Мокеев 2010-жылы 18-июнда “IX кылымдын экинчи жарымынан XVIII кылымдын биринчи жарымына чейинки доордогу кыргыз элинин этностук тарыхынын баскычтары” (Этапы этнической истории кыргызского народа во второй половине IX-первой половине XVIII вв.) деген темада доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Бул коргоо иши Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Тарых институтунда өттү.

2012-жылдын январь айынан тартып ал Кыргыз-Түрк “Манас” Университетиндеги профессорлук кызматын улантууда.

Илимий жетекчилик[оңдоо | булагын оңдоо]

Анварбек Мокеевдин жетекчилигинде боордош Түркиянын эки атуулу Мустафа Калкан менен Мехмет Кылдыроглы Борбордук Азия элдеринин орто кылым мезгилиндеги өтө кызыктуу жана татаал проблемалар боюнча кандидаттык диссертацияларды жазышып, ийгиликтүү коргошту.

Илимий такшалуу. Илимий сапарлар[оңдоо | булагын оңдоо]

Анварбек Мокеев жалаң эле Кыргызстанга эмес, алыскы чет өлкөлөргө чейин аты таанылган адистердин бири.

Ал 1993-1994-жылдар арасында Түркиянын Мармара университетине чакырылып профессор кызматында иштеген.

Анвар Мокеев 2005-2006-жылдары У. Фулбрайт атындагы фонддун стипендианты катары АКШнын Висконсин университетинде такшалууда болду.

Булак таануудагы саамалыктары. Магзуни.[оңдоо | булагын оңдоо]

1992-жылы Стамбулга сапары маалында Анвар Мокеев Магзуни деген калемгердин кыргыз элинин XIX кылымдагы тарыхына түздөн-түз тиешелүү "Фергана хандарынын тарыхы" аталыштагы 1666 беттен турган чагатай (борбордук азиялык орток түрк) тилинде жазылган уникалдуу кол жазмасын Стамбул университетинин китепканасынан таап келип кыргыз коомчулугуна тартуулаган.

Бул окуянын мааниси өтө зор, анткени бул кол жазманын автору, кыргыз инсаны Магзуни (Зиябиддин Максым), өз убагында билимдүү адам катары тарыхый эмгек жазуу менен чектелбестен, мекенинин патриоту болуп активдүү саясий ишмердүүлүгүн 1898-жылдагы Ферганадагы чет өлкөлүк оторчулукка каршы элдик боштондук көтөрүлүшүн уюштуруучуларынын бири болушу менен көрсөткөн.

Айтмакчы, бул тарых баяндалган эмгек ушуга чейин бизге белгилүү болгон кыргыз инсаны тарабынан жазылган, азырынча мезгили боюнча да эң алгачкы кол жазма эмгек болуп саналат.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов А.Мокеевдин бул табылгасы тууралуу мындайча эскерет (“Бишкек таймс” гезити, 29.06.2007.):

Тарых илиминин кандидаты, белгилүү окумуштуу Анвар Мокеев 1992-жылы Стамбул университетинин китепканасынан Кокон тарыхына байланыштуу көлөмдүү кол жазманы тапкан. Бул 833 барактан же 1666 беттен турган кол жазма китепканачылардын берген аты боюнча "Фергана хандарынын тарыхы" деп аталган. Ал ХIХ кылымдын 2-жарымында эски чагатай тилинде жазылган. Анвар Мокеевдин аныктоосуна караганда кол жазмада окуялардын жылдары көргөзүлбөй жазылган. Кол жазманын автору Магзуни деген адам экени көргөзүлүп, бирок ал ким болгонун тактоо кыйын болгон. Ошондой эле бул кол жазманын Стамбул шаарына кандайча барып калганы да табышмактуу. Болгону эмгектин автору: "Кудаяр хан өлгөндөн кийин кол жазма ээсиз калды. Хандын балдары бул китептин баркын түшүнбөдү",-деп китепти Түркиядан келген Абдурахим эфендинин колуна өткөрүп бергени кол жазмада жазылган. Ошентип, аталган кол жазма 100 жылдан ашуун Стамбул шааарындагы китепканада сакталып, анын баркына жете турган мезгил келип, эгемендүүлүктүн жылдарында ал кыргыз окумуштуусу тарабынан табылып жатышы да тагдырдын жазмышыдыр. Анткени ХIХ кылымда Кокон ордосунда отуруп, бүтүндөй бир мамлекеттин тарыхын жазган кыргыз тарыхчысынын эмгеги бааланар мезгил эгемендүүлүктүн учуруна туш келип отурбайбы. 1994-жылы кол жазма тууралуу окумуштуу Анвар Мокеевдин макаласы түрк тилинде Түркиядан жарык көргөн. (Anvarbek Mokeev Hokand hanligi tarihine ait yeni bilgiler. Istambul //Bir, №1, стр.107-113,1994). Биз окумуштуу Анвар Мокеевдин баяндамаларына таянып, изилдөөбүздү уланткан учурда бир топ жаңы табылгалар ортого келип чыкты. Атүгүл тартынбастан кыргыз тарыхчысы деп атоого да далилдүү маалыматтар табылып, анын урпактары да Ноокаттан ата-бабасынын жерин-жердеп турмуш улап келе жаткандарын билдирип өз үндөрүн кошуп чыгышты”.

Илимий жыйындар[оңдоо | булагын оңдоо]

Профессор Анварбек Мокеев. 18.6.2010.

Анвар Мокеев бүгүнкү күнгө чейин Түркия, Россия, Франция, АКШ, Индия, Германия жана башка чыгыш өлкөлөрүнүн окумуштуулары менен байланышын үзбөй илимий жыйындарга, талкууларга тынымсыз катышат.

Окумуштуунун калеминен 90 -донке ашуун илимий, илимий-методикалык жана илимий-популярдуу эмгектер жаралган.

Алардын айрымдары Москва, Ленинграддагы белгилүү басылмаларда жарык көрүп, илим коомчулугу арбын колдонгон эмгектердин катарына кирет.

Анварбек Мокеев орто кылымдардагы кыргыз тарыхынын булактары боюнча белгилүү адис.

Сыйлыктары. Наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Республикасынын Элге билим берүү системасынын мыктысы (отличниги, 2006),

Кыргыз Республикасынын Данк медалынын кавалери(2016)


Чыгармаларынын чакан тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Мокеев, А.М. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. - Бишкек: Издательство КТУ "Манас", 2010.
  • Мокеев А.М. Дуальная этнополитическая организация кыргызов.- А.М. Мокеев. Дуальная этнополитическая организация кыргызов на Тянь-Шане в XVI-XVIIIв.// Тюркологический сборник 2007-2008. История и культура тюркских народов России и сопредельных стран. Москва, 2009.
  • Мокеев А. Персоязычные и тюркоязычные источники.- А. Мокеев. Персоязычные и тюркоязычные источники//Источниковедение Кыргызстана. С древности до конца XIX в. Бишкек.«Илим», 2004.
  • А. Мокеев. Роль суфийских шейхов в распространении исламской религии в Кыргызстане// Journal of Turkic civilization studies. #.2 (2006). Bishkek, 2006.
  • Мокеев А. Факты обращения в буддизм кыргызов Тянь-Шаня в XVII-XVIIIвв // Буддизм и христианство в культурном наследии Центральной Азии. Материалы международной конференции. Бишкек 3-5 октября 2002.
  • А. Мокеев. Новый источник по генеалогии киргизского народа//Источниковедение и текстология средневекового Ближнего и Среднего Востока. Москва, 1984.
  • А.М. Мокеев. «Насаб наме» Абд ар-Рахима как источник по истории киргизского народа и генеалогии кокандских правителей // Из истории Средней Азии и Восточного Туркестана XV-XIXвв. Ташкент, 1987.
  • А.М. Мокеев. К вопросу о преемственности политических традиций тяньшанских кыргызов с енисейскими кыргызами//XXXXVII International Congress Asian and North African Studies(ICANAS). Москва, 2004.
  • А.М. Мокеев. К вопросу об этнических связях киргизов и карлуков // Кыргыз-Турк «Манас» университетинин «Коомдук илимдер журналы». №1.Бишкек, 2001.
  • А. Мокеев. К вопросу о происхождении родоплеменного объединения Булгачи (Ичкилик) // Диалог цивилизаций, №1 (6). Бишкек, 2005.
  • А. Мокеев. К вопросу о происхождении кыргызских племен басыз и тейит// Материалы Научной конференции, посвященной 70-летию профессора Э.Ж. Маанаева Бишкек 2003.
  • А.М. Мокеев. К выходу в свет книги «Вопросы этнической истории киргизского народа» // Изв. АН Кирг. ССР. №3. Фрунзе, 1990.
  • А.М. Мокеев, В.М.Плоских, В.П. Мокрынин и др. Кыргызы и Кыргызстан: опыт нового исторического осмысления. Бишкек, 1994.
  • А.М. Мокеев. Некоторые вопросы политической истории Джунгарского ханства во второй половине XVIIв.//Письменные памятники и проблемы истории культуры народов Востока. XII годичная научная сессия ЛО ИВ АН СССР (краткие сообщения) , часть I, М., 1977.
  • А.М. Мокеев. Некоторые факты о торговых контактах Могольского государства с Китаем во второй половине XVIIв. // Восьмая научная конференция «Общество и государство в Китае». Тезисы и доклады. Ч. I. М., 1977.
  • А. Мокеев. О локализации алтайских киргизов в IX-XIV веках // Кыргызы: этногенетические и этнокультурные процессы в древности и средневековье в Центральной Азии. Бишкек, 1996.
  • А. М. Мокеев. Основные формы взаимоотношений кочевников с городами Восточного Туркестана в XVII-перв. пол. XVIIIвв.//Товарно-денежные отношения на Ближнем и Среднем Востоке в средневековые. Москва, 1979.
  • А.М. Мокеев, Н.М. Федоров. Серебрянная чаша XI века из Кыргызстана//РА. № 1. 1995.
  • А.М. Мокеев. Сообщение о взаимоотношениях киргизов с калмаками в первой половине XVIII в. «Тарих-и Кипчак-хани» Ходжам- Кулибека Балхи//Тюркология-88. Фрунзе, 1988.
  • А.М. Мокеев. Сообщения «Мукаддима-и Зафар-Нама» Шараф ад-Дин Али Йезди о взаимоотношениях киргизов с монголами в начале XIIIв.//Известия АН Республики Кыргызстан, СОН, 1990.
  • А.М. Мокеев. Эпос «Манас» как источник по этнической истории кыргызов // Писменные памятники и проблемы истории культуры народов Востока. Москва. 1977.
  • А.М. Мокеев. Этапы этнической истории и социальной организации кыргызского народа//Известия АН Республики Кыргызстан, СОН. № 4. 1991
  • А. Мокеев. Рецензия на книгу французского исследователя Р. Дора о кыргызах афганского Памира: Dor Remy. Contribution a l’etude des Kirghiz du Pamir Afghan. Paris, 1975. // СЭ. №2. Москва, 1978. №2.
  • А.М. Мокеев. Этапы этнической истории киргизского народа на тянь-Шане в XVI - сер. XVIII вв. // Проблемы этногенеза и этнической истории народов Средней Азии и Казахстана. М., 1990. Вып. 2. С. 131-137.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз тарыхы: энциклопедия. Бишкек, 2003.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)




  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиогр. свод / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 2002. — 544 с. – ISBN 5-89750-142-4. (Мында: 32-бетте).

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]