Төрөкан уулу Эсенкул

Википедия дан

Tөрөкан уулу Эсенкул [1915, Шамшы-Бурана болуштугу (азыркы Чүй району, Бурана айылы)] - кыргыз санжырачысы, советтик, партиялык кызматкер.

Эмгек жолун 1930-ж уюшулган Бурана колхозунда баштаган.
1930-36-ж. колхозчу, комсомол уюмунун катчысы, бригадир болуп иштеген.
1936-ж. Сталин атындагы колхоздо башкарманын терагасы.
1938-39-ж. Комсомолдун Чаткал райкомунун 1-катчысы.
Улуу Ата Мекендик согушта Сталинградды коргоого катышкан.
1950-52-жылдары Ивановка райаткомунун төрагасы болуп иштеген.
1952-55-жылдары Жайыл райкомунун 1-катчысы болуп иштеген.
1955-76-ж. Сокулук, Кант, Ивановка, Чүй райондук аткомунун төрагасынын орун басары болуп иштеген.
1977-ж. Буранада археологиялык-архитектуралык комплексин уюштурганга жигердүү катышып, анын директору болуп 18 жыл эмгектенген.
Кыргыз элинин санжырасына арналган үч китептин автору.
1990-ж. Жети-Өгүз районунун Шалба айылында өткөн санжырачылардын конкурсунда жеңип чыккан. Ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]