Аристов, Николай Александрович

Wikipedia дан

Аристов, Николай Александрович (1847-?) – падышалык доордогу орус чыгыш таануучусу ж-а этнографы. Кыргыздардын, башка түрк элдеринин этностук тарыхын изилдеген алгачкы орус окумуштуусунун бири, тарыхчы-этнограф, жергиликтүү орус админстрациясынын чиновниги болгон. Н.А.Аристов 1847-ж. орус армиясынын офицеринин үй бүлөсүндө туулган. Анын туулган жери жана балалык чагы тууралу маалыматтар кездешпейт. Н.А.Аристов Казань университетин аяктагандан соң, 1864-ж. Тобольск губерниялык башкармалыгына кызмат өтөө үчүн жиберилген. Н.А.Аристов административдик бир катар кызматтарда эмгектенгендиги беогилүү. Губерниялык катчы, Тарск округунун аймактык соттук иштерин чечүүдө убактылуу өкүлү, текшерүү комиссиясынын кызматкери болуп иштеген.

1869-ж. коомдук түрмөлөрдүн үстүнөн көзөмөл жүргүзүүчү комитеттин директорлугунун кызматын аткарууга дайындалган. 1871–ж. Түркстан генерал-губернатору Йетишардын башкаруучусу Якуб-бек басып алган Кулжа хандыгына каршы аскердик жүрүш баштаганда, ага Н.А.Аристов да катышкан экен. Ошол учурда генерал Г.А.Колпаковскийдин аскердик канцеляриясын башкарган. Н.А.Аристов Кулжаны каратып алуудагы аскердик аракеттерге өзү катышкан. 1871-1872 жж. Кулжа иштери боюнча канцелярияны жетектеген. Бул канцелиярия «жаңыдан каратылган Или аймагын жана Кулжа райондорун башкаруу” ошондой эле Россия Империясы менен Циньдик Кытайдын ортосундагы соода ж.б. мамилелерин жөнгө салуу үчүн негизделген. 1872-ж. июнда «жергиликтүү абалды жөнгө салуу», ошондой эле Түркстан генерал-губернаторлугунда башкаруу иштерин жүргүзүү боюнча абалдын долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн атайын комиссиянын курамында Ташкентке жиберилген. 1873-1874 жж. Жети-Суу областанын уездеринде жер маселелерин жөнгө салуу үчүн өткөрүлгөн бийлердин курултайына жетекчилик кылган. 1874-ж. Н.А.Аристов Верный уездинин судьялыгына шайланган, андан кийин жергиликтүү элдин чыр-чатактарын чечүү үчүн комиссиянын курамында Ташкентке убактылуу жиберилген. 1877-ж. «чымырканган жана көп кырдуу аткарган кызматы үчүн» ал кайрадан II даражадагы Ыйык Анна ордени менен сыйланган. 1878-ж. июлда ал Верный шаарынын суу менен камсыз кылуу комитетинин төрагалыгына шайланган. Ошол эле жылы августа Жети-Суу областынын аскер губернаторунун буйругуна ылайык Сыр-Дарыя областынын башкармалыгын текшерүүгө жиберилген. Ал соттук комисссиянын курамында иш кагаздарын жүргүзүүчү кызматты аткарылуусуна көз салган. 1878-ж. июнда аскер ведомствосунун граждандык чиндер боюнча орус бийлигинин атайын буйругунун негизинде “Падышачылык Сарай алдындагы кеңешчинин” наамын алган. 1878-ж. 26-октябрда Түркстан генерал-губернатору тарабынан Жети-Суу областынын статистикалык комитетинин милдеттүү мүчөлүгүнө, андан кийин анын төрагасынын жардамчысы болуп дайындалган. 1881-ж. Н.А.Аристов Жети-Суу областынын башкармалыгынын аскердик губернаторунун жардамчысынын кызматын аткарууга, Жети-Суу областынын башкармалыгынын төрагалыгына дайындалган. 1888-ж. Жети-Суу областынын Аскердик губернаторунун милдетин аткарууга дайындалган. Ден-соолугуна байланыштуу 1889-ж. 27-апрелде ал кызматтан өз каалоосу менен кеткен. Ак ниет жана таза кызматы үчүн Н.А.Аристов Россиянын Императордук сыйлыктары менен сыйланып, чиндик даражаларга ээ болгон. Н.А.Аристов дин кызматкеринин кызы Белоярская Ольга Павловна менен баш кошкон. Анын кызы 1876-ж.17-июнунда, ал эми уулу Павел 1877-ж. 14-декабрында төрөлгөн. Архивдик маалыматтарга караганда, ал өзүнүн кызмат мезгилинде мал-мүлк же байлык топтой алган эмес. Анын жигердүү илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгү эс алууга чыккандан кийин башталган. Мамлекеттик кызматты өтөп жаткан мезгилде эле анын кээ бир макалалары Түркстан жана борбордук маалымат каражаттарында жарыкка чыга баштаган. 1871-ж. «Жети-Суу областында жерге жайгаштыруу боюнча кыскача маалымат» - деп аталган өзүнүн алгачкы илимий-усулдук мүнөздөгү эмгегин жарыялаган. Н.А.Аристовдун эмгектери 1873-ж. Түркстан крайынын статистикалык материалдарды жарыялоочу жылдык жыйнагында жарыяланган. Ал «Кокон хандыгынын Наманган округу», «Биздин дунгандар, Кашгар жана Кулжа менен мамилелерибиз», «Кулжа тууралуу» ж.б. макалаларды жазган. Аталган макалаларда кыргыздардагы жер иштетүүчүлүк жана мал чарбачылык жөнүндөгү, уйгурлардын Кытайга каршы көтөрүлүшүнө, Чыгыш Түркстандын саясий иштерине кыргыздардын катышуусу тууралуу маселелер каралган. Табылган материалдарды талдоодо Н.А.Аристовдун кыргыз тарыхына болгон кызыгуусу жандана баштаган. Ал К.Риттердин, П.П.Семенов-Тянь-Шанскийдин, В.В.Григорьевдин эмгектерин изилдеп, усундардын, кыргыздардын жана Тянь-Шандын тарыхы боюнча маалыматтарды жынаган эле. 1889-ж. Ысык-Көл жана Или өрөөнүндөгү жер титирөө боюнча «1889-ж. 30-июндагы Жети-Суу областындагы жер титирөө» аттуу, Сюань-Цзандын Батыш Түркстанга саякаты тууралуу «Батыш Түркстан VII к. кытай саякатчысынын баяндоолорунда» - деген макаласын жарыкка чыгарган. 1893-ж. Н.А.Аристов К.Риттердин «Жер таануучулук» деп аталган эмгегине толуктоо иретинде кыргыздардын жана усундардын тарыхы боюнча өзүнүн эки томдук кол жазмасын даярдаган, бирок бул эмгек басмага берилбей калган. Анткени, мурда Орто Азиянын байыркы шаарларын казууга катышкан археологиянын профессору Н.И.Веселовский Н.А.Аристовдун бул аймактарда казуу иштерине катышпагандыгын эске алуу менен, анын кол жазмасына көңүл бурбай койгондугу айтылат. Профессор Н.И.Веселовский бул эмгекке «чачырандылык басымдуулук кылып, кээ бир учурларда жалпы көз карашка карама-каршы келет»-деген пикирин айткан. Ошого карабастан, Н.А.Аристов илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүн уланта берген эле. Ал тарабынан 1884-1889-жж. Россиянын «Живая старина» журналында түрктөрдүн этникалык тарыхы боюнча: «Заметки об этническом составе тюркских племен и народностей и сведения об их численности», «Живая старина», выпуск III—IV, 1896 г.; «Опыт выяснения этнического состава киргиз-казахов Большой Орды и кара-киргизов на основнии родословных сказаний и сведений о существующих родовых делениях и о родовых тамгах, а также исторических данных и начинающихся антропологических исследований», «Живая старина», выпуск III—IV, 1894” аттуу орчундуу эки эмгегин жарыялаган. 1898-1900-ж. Н.А.Аристов чек арадагы афган уруулары, алардын Улуу Британияга каршы күрөшү тууралу эмгектерин жарыялаган: алар «Афганистан жана анын калкы» ошондой эле «Англо-индиялык «Кавказ». Англиянын чек арадагы афган уруулары менен кагылышуусу» - деп аталат. Илимпоздор Николай Александрович Аристовдун эмгектерин жактыруу менен баалашкан. «Түрк урууларынын жана элдеринин этникалык курамы жана алардын саны жөнүндө» деген эмгегине В.В.Бартольд: «чыгыш таануу боюнча биздин адабиятыбыздагы өтө маанилүү көрүнүштөрдүн бири болуп эсептелинет. Чын дили менен эмгектенген илимпоздун (илимий даражасы болбосо да) бул тармакты белгилүү деңгээлде билүү менен бир канча мезгил ичинде чымырканган аракеттин натыйжасында даярдалган эмгеги мактоого татырлык» - деген пикирин билдирген. Жалпысынан, Н.А.Аристовдун илимге 12 макаласы жана эмгектери белгилүү. Илимпоздун илимий ишмердүүлүгү Санкт-Петербургдун илимий чөйрөсүнө кеңири белгилүү болгон. Ал өз кезегинде 1895-ж. Орус Географиялык коомунун (ИРГО) мүчөсү болуп шайланып, этнографиялык изилдөөлөрү үчүн Кичи Алтын медалга татыктуу болгон

Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

1864-жылы Казан университетин аяктаган.

1868-1881-ж. Жети-Суу областык башкармасында иштеген.

1881-1889-ж. Жети-Суу областтык аскердик губернатордун жардамчысы болуп иштеген.

1893-жылы Орусия географиялык коомунун мүчөсү.

Ал байыркы усундар м-н кыргыздардын тарыхый байланышын табууга да аракеттенген. Усундарды ал байыркы Эне-Сай кыргыздарынын бир бөлүгү катары эсептелген.

20-кылымдын экинчи он жылдыгындагы өмүрү тууралуу маалыматтар жок.

Качан жана кайсы жерде өлгөнү так эмес.

Илимий мурасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Негизинен этнографиялык маалыматтарга басым жасаган окумуштуу Н.А.Аристов кыргыздарды усун этносунун теги катары караган. Ошол эле кезде, б.з.ч. II к. орто ченинде Борбордук Монголияда жашаган кыргыз жана түрк уруу бирикмесинен турган усун союзу хунндардын жапырыгы менен Батыш Теңир-Тоого көчүп келишкен, деген тыянак чыгарган. Окумуштуунун болжолуна караганда, усун союзундагы уруулар менен энесайлык кыргыздар бир эл болушкан жана алардын түпкү бабалары түрктөр, динлиндер менен аралашып кеткен.

Жазма маданият даректерин, археологиялык материалдарды эске албай, жалаң этнографиялык маалыматтарга таянып, кыргыздарды усун союзунун катарына киргизген Н.А.Аристовдун көз карашы азыркы кыргызтаануу илиминде колдоого алынган жок.


Жарыяланган эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Аристов Н.А. Труды по истории и этническому составу тюркских племен / Ответственный редактор-составитель и автор предисловия - академик В.М. Плоских. В подготовке книги к изданию принимали участие акад., д.филос.н., проф. А.Ч.Какеев, чл.-корр., д.и.н., проф. Д.Д.Джунушалиев, к.и.н., доцент КРСУ В.А.Воропаева и научный сотрудник HAH КР В.Я.Галицкий.. - Бишкек: Илим, 2003. - 460 с. - ISBN-5-8355-1297-X. (URL: http://bizdin.kg/elib/kitepter/html/taryh/aristov_turk/index.html)
  • Аристов Н.А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы: Очерки истории и быта населения западного Тянь-Шаня и исследования по его исторической географии / Автор предисловия - академик В. Плоских. В подготовке книги к изданию принимали участие В. Воропаева и В. Галицкий. - Б.: Илим, 2001. - 582 с. - ISBN 5-8355-1132-9. (Книга издана в рамках программы «Поддержка высшего образования», осуществляемой Фондом «Сорос—Кыргызстан»). - (URL: http://bizdin.kg/elib/kitepter/html/taryh/aristov_usuni/index.html)


Пайдаланылган адабияттар:[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б.

ISBN 5-89750-028-2

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.
  • Кыргызстан: Улуттук Энциклопедия: Көп томдук/ Башкы редактор Үсөн Асанов/ - Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. Т.1. ISBN 9967-14-046-1.
  • Кыргыздар. Он томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Учкун, 2004. - Т. 1-10. - ISBN 9967-413-89-1.
  • Asanov U.A., Jumanazarova A.Z., Chorotegin T. Kyrgyzskaya nauka v litsakh (The Kyrgyz Science In Faces). - Bishkek, Main Editorial Board of the Kyrgyz Encyclopedy, 2002. P. 499. - ISBN 5-89750-142-4
  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015

Интернеттеги Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]