Мазмунга өтүү

Бостон (уруу)

Википедия — ачык энциклопедия

Бостон - ичкилик уруулук тобундагы эң ири уруулардын бири.

"Дүйнөнүн чек арасы" (Худуд ал-алам) 10-к. жазылган арап булагында "Кулан менен Мерке аралыгында үч карлук уруусу жайгашкан. Алар Бистан, Хайм жана Барыг деп аталат. Бул маалыматтагы Бистан уруусун кыргыз уруусу Бостон менен салыштырсак болот.

Кытай жыл баяндамасы "Си-юй-ту-чжи" боюнча бостон уруусу басто деген формада берилип, 1759-ж. бостон уруусу 1300 түтүндөн тургандыгы эскерилет. 16-к. Сайф ад - Дин Аксыкентинин "Тарыхтардын жыйнагында" бостон уруусу ичкиликтердин бири катары баяндалат.

Бостон этнониминин этимологиясы "боз бөрү" деген түшүнүктү берет.

Изилдөөчүлөр Памирдеги (Кытай жана Ооган) жана Каратегинде жашаган бостон уруусунун кесек уруусунун курамында карашат.

1926-1927-жж. бостондордун аймактык жайланышын А.Сыдыков берген. Алар Ош округунун Жоо-кесек - Бостон жана Куршаб болуштугунда турушкан. Азыркы убакта Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында, ошондой эле Өзбекстанда, КЭР СУАРдын айылдарында жайгашышкан. Тажикстандын Жерге -Тал районундагы Кара-Кенже, Сары-Кенже, Сарыгой айылдарын мекендешет.

Бостон уруусунун негизги уруктары: Боз бала бостон, Тескейчи бостон, Жандоо, Сарымбек, Бабачал, Аскул бий.

Бостон - адыгине, саруу урууларындагы урук бөлүкчө. Анын ичиндеги каржооду урук бөлүкчөсү карлук уруусунан кабар берет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КАҢДЫ санжыра жана тарых. Нурбек Туран.