Тейит

Википедия дан

Тейитэтноним. "Манас" эпосу боюнча Т-тер кыргыз урууларына кирет: "Кыпчак менен тейитти, Кыргызыңа кеткин деп Кыбылага сүрүп кейитти" (Сагымбай Орозбаков, 2. 165).

Т-тердин басымдуу көпчүлүгү илгертен бери эле Түштүк Кыргызстанды жердеп турушат. Алар ичкилик тобуна кирет. "Манас" эпосунда кыпчак жана башкалар уруулары менен бирге айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында: "Катарлаш болуп Кошойго, Кара тейит, найманга Кабардаш болуп ошого" (Сагымбай Орозбаков, 2. 230), — деп кара тейит деген формасында да учурайт. Кара тейиттер Т-тин курамына кирет. Т. биздин республикабыздан тышкары Ооганстан (Кичи-Памир), Каратегинди (Тажикстан) да эчактан бери жердеп турушат. Мисалы, ал жердеги Т-тер Ош облусунун Т-териндей эле кара тейит, сары тейит, бай тейит, арык тейит, кочкор тейит, чал тейит, чапан тейит, чыгытыр тейит болуп бөлүнүшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4