Бугу (уруу)

Wikipedia дан

Бугу (уруу) – кыргыздын чоң урууларынын бири. Оң канат урууларынын тагай уруулук бирикмесине кирет.

Кыскача таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Уруунун келип чыгышы жөнүндө санжырада бир катар уламыштар сакталып калган. Уруунун түпкү теги оң канат урууларынын негиздөөчүлөрүнүн бири Тагай бийден таратылат. Тагайдын Кылжыр же Сарыбагыш деген уулунун Орозбакты жана Дөөлөс деген эки уулу болот. Дөөлөстүн тукумдары сарыбагыш, Орозбактынын тукумдары бугу уруусун түзгөн. Уруунун «бугу» деп аталып калышы жөнүндө бир катар уламыштар айтылып калган. Уламыштын бир варианты боюнча Орозбактынын балдары Асанмырза, Карамырза кийик уулап жүрүшүп, Нарындын Ала-Мышык тоосунан бугу көрүшөт. Карамырза бугуну атып өлтүрүп, жанына барса өлгөн бугунун жанында бир кыз ыйлап отурганын көрөт. Мергенчилер кыздын ким экендигин сурашса, ал өлгөн бугунун кызымын дейт. Ал кызды Орозбактынын балдары «кайберендин кызы» деп багып алышат да, чоңойгондо бир тууганы Мырзакулдун баласы Алсейитке алып беришет. Кайберен кыз бара-бара эл ичинде кадыр-баркка ээ болуп, Бугу-эне аталып кетет. Кийин Орозбактынын тукумдарын касиеттүү Бугу-энеден деп жүрүшүп, бугу уруусу аталып калат.

Албетте, бул мифологиялык мааниге ээ болгон уламыш байыркы кезде пайда болуп, бирок оозеки айтылышта кийинки мезгилдерге таандык катары трансформацияланышы мүмкүн.

Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикиринде бугу этноними байыркы адамдардын тотемдик түшүнүктөрүнөн жаралгандыгын болжолдошот. Ошондой эле бугу аталышы менен сарыбагыш этнонимдеринин бири бирине байланыштырылгандыгы жана уруунун ичиндеги айрым уруктук аталыштардын өзгөчөлүктөрү, бул уруунун о. кылымдагы Түштүк Сибирь аймагын мекендеген уруулар менен этногенездик байланышта тургандыгын көрсөтөрүн билдиришкен.

Санжыралык тизим[оңдоо | булагын оңдоо]

Бугу уруусунун санжырасы боюнча Кылжырдын (Сарыбагыш) Орозбакты уулунун Карамырза, Асанмырза, Токочмырза, Арык жана Мырзакул деген беш уулу болгон.

Булардын ичинен негизинен Арыктын жана Мырзакулдун тукуму көп болуп, уруунун басымдуу көпчүлүгүн түзөт.

Калган үч уулдун тукумдары жокко эсе болот. Арык тукуму жалпы жонунан Жоотатыр, Балтатыр деп экиге бөлүнөт.

Жоотатыр бутагы сокур, сабатар, сейитказы, байым жана башка, балтатыр бутагы ондон, эгизей, саргалдак, итимбоку жана башка уруктарга тарайт.

Мындан тышкары арык тукумуна сарыкалпак, торок, отузуул, кызылсакал, сарыкалмак жана башка майда уруктар киришет.

Мырзакулдун Алсейит, Тынымсейит деген эки уулунун улуусу Алсейиттин эки аялы болгон.

Биринчи аялы Токтобектен Ардам (боор) уругу, экинчи аялы Бугу-энеден Жамангул, Бапа жана бакма баласы Туума-кашкадан желдең уруктары ажырайт.

Тынымсейит кабели, шалтак, мортук деп үч бутакка ажырап, ар бири бир канча майда уруктардан турат.

Б. уруусунун өкүлдөрү жайгашкан аймактарга Ысык-Көл облусунун Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Тоң райондорунун, Нарын облусунун Нарын районун аймактары жана Ак-талаа районунун көпчүлүк бөлүгү кирет.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]