Кыргыз уруулары

Википедия дан
Уруулар‎»‎ барагынан багытталды)

Кыргыз уруулары — кыргыз элинин өткөндөгү жоокерчилик заманда, уруу-урукка бөлүнүп жашаган мезгилиндеги курамын толуктап турган уруулары.

Кырк уруунун тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Басыз,Кара Багыш Баргы, Жолжакшы, Бөрү, Бектен, Мунгуш, Солто, Койлон-Жедигер, Сарыбагыш, Бугу, Саяк, Карачоро, Азык, Черик, Коңурат, Чертике (Чертки) , Моңолдор, Кушчу, Кытай, Чоң багыш, Саруу, Сарттар, Мундуз, Каңды, Дөөлөс, Тейит, Найман, Кыпчак, Бостон, Нойгут, Ават, Кесек, Дуулат, Катаган, Жетиген, Баарын, Таранчы, Ногой, Калмак,Тобой

Санжыра[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Санжыра боюнча, негизги кыргыздардын атасы Долон бий болуп саналат. Анын үч уулу болгон — Ак уул (Оң канат), Куу уул (Сол канат), жана Кызыл уул (Ичкиликтер тобу). Ак уул жана Куу уулдун Отуз уул деген аттуу уруулук уюмга кирген. Кызыл уул урпактары, Он уул аттуу уюмду түзүшкөн.

Отуз уул

1. Ак уулОң канат:

2. Куу уулСол Канат:

Он уул

3. Кызыл уулИчкилик:

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарыхчы А. Мокеевдин изилдөөлөрү боюнча, XV – XVIII кк. ичинде Теңир-Тоого (Тяньшанга) алтайлык кыргыздардын көчүп келишинин жана алардын айланасында теңиртоолук эски уруулардын консолидациялашуусунун натыйжасында кыргыз элинин калыптануу жараяны башталган, жана бул доор кыргыз элинин өз алдынча саясий, социалдык жана этникалык өнүгүүсүнүн маанилүү этабы болгон[1].

Тарыхчы Т. Асановдун белгилегени боюнча, Теңир-Тоодогу кыргыз эли эң башында «Отуз уул» жана «Он уул» болуп бөлүнүшкөн жана бул XV кылымга туура келген. Кийинки кылымдын биринчи жарымында саясий, экономикалык, демографиялык, географиялык жана этникалык себептерден улам жана Моголстандын кыргыздар тарабынан ээлениши менен отуз уулдар «Оң канат» жана «Сол канат» болуп экиге ажыраган[2]. С.М. Абрамзондун пикири боюнча да, XVI кылымда эле, бир кыйла кийинки мезгилдегидей, кыргыздар оң канатка (оң) жана сол канатка (сол) бөлүнүшкөн[3].

Отуз уул эки бутакка ажыраган кезде, саясий күчтөрдүн жайгаштырылуусу көбүнчө оң канатка тартылгандыктан, ага кирген «Отуз огул» жана «Булгачы» бирикмелери, айрыкча отуз огулдардагы «Тагай» бөлүкчөсү саясий жактан жогорулай баштаган[4]. Кыргыз санжырасында да кыргыз элинин бабаларынан болгон Тагай бий жөнүндөгү уламыш кептер көп айтылып келет.

XVI к. ортолорунда кыргыздардын саясий түзүлүшү өзгөрүүгө дуушар болуп, кыргыз эли "оң" жана "сол" канаттарынын ордуна пайда болгон "тогуз уул" (адыгине) жана "кыргыз" (тагай) деген эки бөлүктүү дуалдык түзүлүштө жашай баштаган, бул абал XVIII к. жуңгарлардын кол салуусуна чейин уланган. "Тогуз уулдарга" ичкилик уруу бирикмеси, адыгине жана муңгуш уруулары кирсе, "кыргыз" деп аталган бөлүккө калган оң канат жана мурунку сол канат уруулары кирген[5].

XIX кылымда, же андан мурунураак мезгилде кыргыздардын уруу-уруктук структурасы татаал боло баштаган. Негизги кыргыз уруулары бул мезгилге карата жалпысынан үч топту түзүп калган: алгачкы экөө оң жана сол канатты түзүп, "отуз уул" деп аталса, үчүнчүсү ичкилик деп аталган[6]. Ошондон улам, кийинки санжырачылар ичкиликтерди оң жана сол канаттан тышкаркы үчүнчү бөлүк катары кабыл алышып, "акуул, куу уул жана ага кошо кызылуул" жөнүндөгү баяндарды чыгара башташкандыгы маалым.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
Теңиртоолук кыргыздар
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Отуз уул
 
 
 
Он уул
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Сол канат
 
 
 
 
 
Оң канат
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Отуз огул
 
 
 
 
 
Булгачы
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Кыргыз
(Тагай)
 
 
 
 
 
Тогуз уул
(Адыгине)
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Сол канат
 
 
Оң канат
 
 
Ичкилик
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Уруулук топтор жана уруулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оң канат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыздардын оң жана сол канат болуп бөлүнүүсү XV-XVI кк. жазылган Мажму ат-таварих эмгегинде берилген. Ошондо эле оң канатка отуз огулдар жана булгачылар киргендиги белгиленген[7].

Отуз уулдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мажму ат-таварих эмгегинде ошол кезде отуз-огулдардын негизин адыгине, тагай, муңгуш жана карабагыш бөлүкчөлөрү түзгөндүгү айтылган. Бирок анын ичинен тагай бутагынын урууларын гана санап өтөт: жедигер, саяк, бугу, дөөлөс[8]..

Уруулук топ Адыгине


руо

Муңгуш
Уруулар

Ичкиликтер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мажму ат-таварих боюнча, башында булгачыларга бостон, дөөлөс, тейит, каңды, кыдыршаа жана жоо-кесек уруулары кирген[9].
С.М. Абрамзон өз эмгектеринде болжолу XIX кылымдарда Булгачынын тукумдарынан болгон уруулардын тобу, аларга кошулган башка уруулар менен бирге, «ичкилик» деп атала баштагандыгын айтып кеткен[10].

Изилдөөчүлөрдүн бири — Н. Ф. Ситняковский уруктар деп атаган отуз-уул жана ичкилик сыяктуу ири уруулук бирлештиктердин өз ичинде да «оң» жана «сол» болуп бөлүнүү бар экенин биринчи жолу белгилеп көрсөткөн эле[11]. Бирок бул тууралуу азырынча кеңири изилдөөлөр байкала элек.

Абрамзондун изилдөөлөрү боюнча, Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районунда жашаган кыргыздар уруу-урук түзүлүшүн бир аз башкача түшүнүшөт. Сол канатка алар отуз уулдун бардык тобун, ал эми оң канатка — ичкилик тобун таандык кылышат[12].

Уруулук топ Ичкилик
Уруулар

Сол канат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мажму ат-таварихте сол канат кыргыздардын басыз, мундуз, кытай, чоңбагыш, саруу жана кушчу уруулары саналып өткөн[13].
.

Уруулук топ Сол канат
Уруулар

Чиймелүү санжыра[түзөтүү | булагын түзөтүү]

XV-XVI кк. таандык "Мажму-ат таварих" (Тарыхтар жыйнагы) эмгегиндеги маалыматтарга жана Кыргыз санжырасындагы маалыматтарга ылайык түзүлгөн кыргыз урууларынын чиймелүү санжырасы:

Калып:Ала-Тоолук кыргыздардын санжырасы

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Мокеев Анварбек. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. – Бишкек: КТУМ, 2010. ISBN 978-9967-25-803-7
  2. Асанов Т.И.Этнополитическая структура кыргызов в XV-XVI вв.. Текшерилген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 20 -февраль (бирдин айы) 2014.
  3. С.М. Абрамзон. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. - Б.: 1999.. Текшерилген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 29 -март (жалган куран) 2014.
  4. Асанов Т.И.Этнополитическая структура кыргызов в XV-XVI вв.. Текшерилген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 20 -февраль (бирдин айы) 2014.
  5. Асанов Т.И.Этнополитическая структура кыргызов в XV-XVI вв.. Текшерилген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 20 -февраль (бирдин айы) 2014.
  6. С.М. Абрамзон. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. - Б.: 1999.. Текшерилген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 29 -март (жалган куран) 2014.
  7. Асанов Т.И.Этнополитическая структура кыргызов в XV-XVI вв.. Текшерилген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 20 -февраль (бирдин айы) 2014.
  8. Асанов Т.И.Этнополитическая структура кыргызов в XV-XVI вв.. Текшерилген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 20 -февраль (бирдин айы) 2014.
  9. Асанов Т.И.Этнополитическая структура кыргызов в XV-XVI вв.. Текшерилген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 20 -февраль (бирдин айы) 2014.
  10. С.М. Абрамзон. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. - Б.: 1999.. Текшерилген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 29 -март (жалган куран) 2014.
  11. Н. Ф. Синтяковский. Перечисление некоторых родов киргизов, обитающих в восточной части Ферганской области. Изв. Туркест. отдела Русского Географич. общ, 1900, II, в 1, стр. 83.
  12. С.М. Абрамзон. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. - Б.: 1999.. Текшерилген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 29 -март (жалган куран) 2014.
  13. Асанов Т.И.Этнополитическая структура кыргызов в XV-XVI вв.. Текшерилген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 20 -февраль (бирдин айы) 2014.

Кошумча[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанов Т.И. Этнополитическая структура кыргызов в XV-XVI вв.// Диалог цивилизаций на великом шелковом пути. Материалы Международной научной конференции Бишкек, 26-27 сентября 2001 года. Б., 2002. С.-32-37.
  • С.М. Абрамзон. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. - Б.: 1999.
  • Мокеев Анварбек. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. – Бишкек: КТУМ, 2010. ISBN 978-9967-25-803-7
  • Төрөкан уулу Эсенкул. Кыргыздын кыскача санжырасы. I т. – Бишкек, 1995.
  • Төрөкан уулу Эсенкул. Кыргыздын кыскача санжырасы. II т. – Бишкек, 1995. Archived 2014-03-30 at the Wayback Machine

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]