Ичкилик уруулары
Ичкилик ― кыргыздын эң ири үч уруулук бирикмелеринин биринин аталышы. Кыргыздын өз алдынча уруулук тобу катары 16-к. Сайф ад-Дин Аксыкендинин «Мажму ат-Таварихинде» баяндалат: «...Ушундан соң, алар (Мир Жалил маулан) салт атчан жолго чыгышты, арадан бир топ убакыт өтүп Салус-бек Бул(а)га- чинин жерине келишти. Алты уулу менен конокту сый-урматка бөлөгөн Бул(а)гачи ыйык Мир Жалил Маулан Агзамдан балдарына бата берүүнү суранды, жооп иретинде алкоо алышты. Алар алты уруу болуп калды: бостон, теит (тейит), жоо кисек (жоо кесек), дөөлөс, хыдыршах (кыдырша), кангды (каңды). кызылаяк...». Бул тарыхый булактагы маалыматтарды кыргыздардын айрым урууларынын ислам динин расмий кабыл алышы катары түшүнүү зарыл. Арийне, Ичкиликтер уруулук тобунун курамындагы уруулардын келип чыгыш теги байыркы хунну, эзелки Кыргыз, Түрк каганаттары, Караханийлер доорлору менен терең байланышкан. Ошондуктан бул уруулук топтордогу уруулардын келип чыгышы соңку доорлор менен гана байланышы бар деген көз караш илимий негизсиз. Ичкиликтер уруулук тобунда кыргыз этносунун пайдубалын түптөгөн этнокомпоненттер арбын. Этностук аталыш «борбор», «борбордук» маанисин түшүндүрүп, мындай уруулук бирикмелерге бөлүнүү чыныгы аскердик жана зарылчылыктардан гана улам келип чыккан. Маселен, орто кылымдардагы огуз-түркмөн урууларынын жайгашкан аймагынын борбордук бөлүгүн ээлеген «бозок» (борбор) уруулук бирикеси «ич огуз» деп аталганын «Коркуд атамын китеби» эпосу да чагылдырат. Бүгүнкү күндө ичкиликтер уруулук тобунун курамына төмөнкү уруулар кирет: найман, кесек, жоо кесек, тейит кыпчак, бостон, каңды, коңурат, дөөлөс, чапкылдык, ават кыдырша, оргу, нойгут. Бул уруулук топтун өкүлдөрү Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында, кошуна Өзбекстандын Наманган, Анжиян, Фергана, Навои, Жизак, Сырдарыя, Ташкент аймактарында, Чыгыш Түркстанда (КЭР), Тажикстанда (Жергетал, Мургаб, Шаартуз, Пролетар, Нау аймактары), Ооганстанда (Кичи Памир, Чоң Памир), Түркияда жашап келишет.
Кыргыз уруулары.
Кыргыздар курган шаар көлдүн түбүнө чөктүрүлдү. Шаар чөккөндөн кийин көл жээгиндеги кыргыздар Чүй, Нарын, Соң көл тарапка көчтү. Алардын арасында келишпестик болгондо "силер арак ичип көптүңөр, көлдүн түбүнө чөктүңөр", "көптүң чөктүң", " көп чөк" кийинчерээк КУП ЧАК деп аталып калды. Купчак кыргыздарынын арасынан биз "КАЛМАКПЫЗ" биздин ата бабалар түндүктөн (Калмыкия) келген деп жаңы топ бөлүнүп чыкты. Жети Каранын тарабы болгон КАРА КЫРГЫЗДАР эки урууга бөлүндү. Байкалдан көчүп келген Кыргыздар " көч алдыны үркүтүү" ырымын аткаргандан кийин ким каерге жетсе ошол жерге отурукташып калды. Калмак купчак кыргыздары Байкалдан келген Кыргыздарга "силер бул жерден кеткиле, бул жер биздики" деп тез тез кол салып турушту. Анжиян тарапка өтүп кеткен кыргыздардын бир үй бүлөсү перзенттүү болду. Атын Манас деп койду. Ал чоңоюп, аскер топтоп өз эли менен салгылашты. Бүт Фергананы кыдырып, Үргүткө чейин барып аскер топтоду. Топтогон аскерлердин ичинен акылдуу кишилерди, табыптарды, жаназа окуучу МОЛДОЛОРДУ ажыратып алды. Аскерине "Силер менин оң канатымсыңар" деди. Оң канатына Улукту аскер башчы кылып дайындады. Манас жоролору менен Байкалдан көчүп келип "КАЧАК" аталган кыргыздарды аралап Калмак Купчактардын көрсөткөн зордук зомбулугу тууралуу айтты. Манас Качак кыргыздарынан топтогон аскерине "Силер менин сол канатымсыңар" деди. Көкчөнү аскер башчы кылып дайындады. Биздин тарап "Күндүн сүрөтү тартылган КЫЗЫЛ ТУУ көтөрөбүз, аза күтүү күндөрү Көк түстөгү туу көтөрөбүз, аскер сөөгү коюлган мүрзөгө Ак туу коюлсун" деп буйрук берди. Манас аскер топтоп согушка даярданып жатканын Калмак купчактар угушту. Манас Калмак купчактардын талап тоноочу аскери топтолгон айылга жетип келди. Манас " эй калмак купчактар Байкалдан келген Кыргызды талап тонодуңар, урдуңар, акыры кыра баштадыңар. Силер бизди тынч коёсуңарбы же жокпу" деди. Жанында турган аскерге жаанын огу сайылган да Улук калмак купчакты карап "эй НА ИЙМАН" деп кыйкырды. Калмак купчактар тарабынан жаанын огу жаады. Муну көргөн Манас " СОК УЛУК" деп буйрук берди. Ортоңку жана сол канаттын аскер башчыларына "Кочкор, Көкчө соккула" деп буйруду. Калмак купчактын аскерлерин четтен кырып баштады. Алар тоо тарапка карай качып жөнөштү. Улуктун найзачан аскери калмак купчактын качкан аскерин кууп келип сууга такады, кууп келип жарга такады да "АВА ААТ деди. Авасынын жаачан аскери баарын атып салды. Чөлдү карай качканын Көкчөнүн аскери атты. Манастын аскери калмак купчакты кууп Манжурияга чейин барып, кайра артка кайтышты. Калмак купчактын кырылып бүтө электигин уккан Манастын уулу Самат (Семетей) аскери менен барып Ыссык Көл тараптын калмак купчактарын кырып, чыгышты карай Манжурияга чейин барып, ошол жакта жашап калды. Калмак купчактын кырылып бүтө электигин угуп Саматтын уулу Сейит (Сейтек) аскер топтоп, ал да Манжурияга чейин барып келди. Эли журту "согуштун жыйынтыгы кандай болду" деп сурашты. Картайып калган Сейит - уулу Тейитке "согуштун жыйынтыгын өзүң чыгар. Чууга барып Алым аксакалды тап. Кеңешип согуш жыйынтыгын чыгаргыла" деди. Үргүттөн баштап аскер чогултуп түндүккө карай жөнөдү. Тейиттин аскерин көргөн эл "согуштун жыйынтыгы кандай болду" деп сурашты. Тейит КЕСЕК айтабыз деп жооп берди. Чууга барып Алым атаны тапты. Алым ата "калмак купчактар кырылып бүттү. Калганы дүйнөнүн төрт бурчуна КАҢГЫДЫ. Калганын тапсаңар бир келишимге келели" деп элдешүүгө чакыргыла деди. Аларга жолуксаңар сылык сүйлөгүлө калмак, купчак, кара кыргыз деген сөздөрдү айтпагыла" деди. Элдешүүгө эч кимди таппай кайтып кетишти. Арадан беш жыл өтүп Тейит аскери менен түндүккө карай жөнөдү. Аларды көргөн эл "согуштун жыйынтыгы кандай болду? Тынч жашайбызбы?" деп сурашты. Тейит жана анын жоролору "КЕСЕК айтабыз" дешти. Ыссык Көлгө чейин барган аскерлер калмак купчактарды таап элдешүүгө чакырды. Алым ата боз үй тигип, жылкы союп күттү. Келип аттарынан түшкөн калмак купчактарды "үйгө киргиле" десе, үйгө кирбей көк чөптүн үстүнө отурушту. Алым ата " согуштун чыгышына кайсы тарап күнөөлүү ТАРАЗАЛАП көрөлү, бири бирибизден кечирим сурайлы" деди. Коноктор Алым атанын сөзүнө этибар бербеди, түшүнбөдү. Тейитти чакырды да " булардын бардыгы саяк турбайбы, боз үйдүн артына отургуз" деди. Боз үйдүн ичине Тейиттин жана Алым атанын тарабы отурду. Алым ата Кыргыздар Байкалдан көчүп келгенден баштап ...айтып берди. Кара Үсөн " сиздер Качак Кыргыз экенсиздер, калмак купчактар Кара Кыргыз экен, анда биз кандай Кыргыз болобуз" деп сурады. Алым ата " силер тарап ЧОҢ КЫРГЫЗ! КЫЗЫЛ АЯК! Калмак купчактан турган Кыргыздар наийман деди. КОШОЙ " биздин тарапчы" деп сурады. " Силер тарап ыймандуу, адептүү. Эшигиңерге адам барса КЕЛ! ДЕР!" деди. Алым атанын оң жагында отурган киши " Оолуя ата, Качак кыргыздар мага ага болот, Кара кыргыздар мага тага болот. Ошондо, биз, ким болобуз" деп сурады. Оолуя ата " силер АРГЫН" деп жооп берди. Кечки тамакка отурганда Манастын эрдиги тууралуу айтты. Төрдө олтурган аксакал " Көкчө баатырдын эрдиги кандай болот" деп сурады. Алым ата "КӨКЧӨНҮН ысмы ТООДО калат деп жооп берди. Тейит аскерине "Алым ата - Оолуя экен" деди. Эртең мененки тамактан кийин Тейит "Оолуя ата сизден бир топ окуяларды эшиттик, эми бизге кайтууга уруксат этип, бата бериңиз " деди. Оолуя ата Тейиттин кырк жоросуна Кыргыз казак бир тууган экенин айтып, бата берип узатты. Жамаатын алдында бараткан САРЫ ҮСӨН айылды аралап кирип кетти. Жамааты "сен каякка барасың Сары Үсөн , Сары Үсөн" деп кыйкырып калышты. Ат жалына кыз отургузган Сары Үсөн жолго чыкты. Артынан ээрчигендер " эй САРЫ ҮСӨН, САРЫ ҮСӨН (Сары Өзөн) биздин кызды калтыр " деп калып кетишти. Тейиттин тобу Төө ашуудан ашып МУНДУЗДУН айылына жетти. Абройлуу аксакал аскер башчыдан "сиздин атыңыз ким" деп сураганда ТЕЙИТ деп жооп берди. Кыркынчы жигит ушул жерде калды. КЫДЫРШАНЫН айылында " согуш кантип башталды деген суроого "оң канаттын кол башчысы НАИЙМАН деп кыйкырганда согуш башталып кетти" деп жооп алган эл найман аталып калды. Эл чогулуп "согуш токтодубу? Эмне кылдыңар" деп сураганга "ЧАП КЫЛДЫК" деп жооп беришти. "Алым Оолуя алардын тарабы кудайдын каарына калган Кара Кыргыз болсо - биздин Кыргызды эмне деди" деген суроого " силер ЧОҢ КЫРГЫЗ" деп жооп берди. Оң канаттын кол башчысы Улук наийман деп кыйкырганда Манас эмне деди деп сураганга СОК УЛУК деп буйрук берди деп жооп берди. "Алтайдан көчүп келген Кыргызды Кара Кыргыздын кайсы уруулары талап тоногон " деген суроого "КАЛМАК, КЫПЧАК" деп жооп алган элдер кыпчак деп, айрымдары калмак деп аталып калды. " Оолуя ата калмак купчакты Кара Кыргыз деген болсо, биз жакты кандай деди" деп сураганга "КЫЗЫЛ АЯК" (АЛ ЖАК КЫЗЫЛ) деп жооп берди. "Тоого карай качкан аскерди эмне кылдыңар" деп сураганга " Улуктун аскери аларды кууп барып сууга ТАКАЙ БЕРДИ, кууп барып жарга ТАКАЙ БЕРДИ. АВА ААТ дегенде авасынын жаачан аскери кырып салды" деп жооп берди. " Согуш кандай тоодо болду" дегенге "БӨКСӨ" деп жооп берди. Тейиттин жоросунан тили ЧҮЧҮК жигит сөзгө аралашты " бул ким экен " дегенге " ал Тейиттин жоросу" деди. Тили ЧҮЧҮК ко деп күмөнсүрөдү. Аларды угуп турган Тейит "КАРА СААДАК" деди. Анын артында асынган саадагын көрүп, Тейиттин жоросу экенине ишенди. "Тирүү калган калмак купчактар эмне болду" деп сураганга. Алар КАҢЫДЫ деди. "Ошончо көп аскердин азык түлүгүн алтынга алмашкан болсоңор - анын эсебин ким алды" деп сураганга "АЛТЫНЧЫ" деп жооп берди. Ал ким эле деп сураганга " АЛТЫНЧЫНЫН аты айтылбайт деп жооп берди. " Алардын тарабын ыймансыз деген болсо, биз тарапты эмне деди" деп сураганга " силер тарап ийменет, барган кишини КЕЛ ДЕР " деп жооп алышты. БОСТОН, КОШОЙ, Үсөн өз айылында калышты. Тейит акыркы 3 жигитти Бакмал, Замын, Үргүткө жеткирип, согуштун жыйынтыгы тууралуу айтты. Алар "сен кимсиң? Кимдин уулусуң? " деп сурашты. Мен Сеитттин уулумун. Атым ТЕЙИТ деп жооп берди. Тейит жамааты менен артка кайтып кетишти. Сары Үсөн ала качкан кыз келин болду. "Эй МАЛА. Келин каяктын кызы" деп сураган жеңесине" Чуудун (Чүйдүн) кызы. Чуу дегениң каяк? Кандай эл? Чуу-уу! Чуу-уу! этип чуулдаган элдин кызы". Туугандары анда бул келин чуулдак турбайбы деп күлүштү. Анын балдарын ЧУУЛДАК деп аташты. Жети атасын, уруусун сурап таанышкан Кыргыздар "Элдешүүдө силер боз үйдүн ичине отурдуңарбы же аркасына" деп сүрүштүрүүчү болду. Боз үйдүн аркасына отурган болсо, саяк экенин түшүнүп, АРКАЛЫК деп аташты. Боз үйдүн ичине отурган болсо, Тейиттин тарабы экенин түшүнүп ИЧКИЛИК деп аташты. Оолуя ата Тейиттин тарабы болгон Кызыл Кыргызга, өзүнүн тарабы болгон Казак Кыргыздарына "силер КАЛМАК, КУПЧАК, КАРА КЫРГЫЗ деген сөздү айтпагыла дегенден кийин, бул 3 сөздү айтпай турган болушту! Калмак, Кыпчак уруусу Кара Кыргыз жана Кызыл Кыргызда да кездешет. Алардын келип чыгышы жогоруда айтылды. Жогоруда бир топ жер суу аттары, уруулардын келип чыгышы тууралуу айтылды жана алар баш тамга менен жазылды. Сокулук дарыясы, айылы, Күнтуу, Кызыл туу айылдары, Сары Өзөн, Көкчө тоо, Тараз (Оолуя ата) шаары, Алым ата (Алма ата) шаары. Найман, ават, тейит, кесек, каңды, ичкилик, чоң кыргыз, соколок (сокулук), кызыл аяк, келдер (калдар, кәлдәр), сары үсөн, чуулдак, мала, чапкылдык, тагайберди, бөксө, чүчүк, кара саадак, кыпчак уруусу, алтынчы, мундуз, кыдырша, бостон, кошой, эшкара, карамолдо уруулары КЫЗЫЛ КЫРГЫЗДЫН курамына кирет.
"Кыргыз тарыхы" Т.Аликулов
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4
| Кыргыз уруулары | |
|---|---|
| "Оң канат" |
Отуз уул: Ичкилик (Булгачы): |
| Сол канат: | Кушчу · Мундуз · Басыз · Саруу · Чоңбагыш · Кытай · Төбөй · Жетиген |
| Башка макалалар: | Кыргыз санжырасы · Кыргыз уругу · Генеалогиялык паспорт · Санжырачы · Алатоолук кыргыздардын санжырасы |