Долон бий

Википедия дан

Долон бийкыргыздардын санжыралык-генеологиялык маалыматтарында айтылган түпкү атасы. Ферганалык молдо Сейф Ад-Дин Аксыкентинин 16-кылымга таандык тажик тилиндеги "Мажму ат-таварих" ("Тарыхтар жыйнагы") аттуу кол жазмасында Долон бий менен кошо анын жети атасы Аналхак, Арслан бий, Мары бий, Шүкүр бий, Сангин бий, Сары бий, Домбур (Домбул) бийлердин ысымдары сакталып калган. Башка тарыхый-генеологиялык уламыштарда Долон бий тууралуу кыскача гана маалыматтар айтылат. Ошондо Долон бийдин Ак уул, Куу уул, Кызыл уул деген балдары болуп, алардын тукумдары кыргыздын оң, сол, ичкилик кыргыздын үч канатын түзгөн. Санжыранын соңку варианттарында Долон бийдин сөөгү Борбордук Ала-Тоого коюлуп, анын ысмынан ашуунун аты аталып калганы эскерилет. 16-кылымдын тарыхый дареги "Тарих-и Рашидиде" Долон топонимикалык аталыш катары ошол эле аймакта жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1