Ак уул

Википедия дан

Ак уул – элдик санжырадагы оң канат кыргыз урууларынын атасы. Элдик санжырада кыргыздар Ак-уул жана Куу уул болуп эки канатка бөлүнүшөт. Ак уулдун тукумдары Оң канатты түзүп, ага: Адигине, Тагай,Мунгуш жана моңолдор уруулары кирет. Санжырадагы Ак-уул жөнүндөгү маалымат тарыхый булактарда алгач Сайф ад-Дин Аксыкентинин "Мажму ат-таварих" (16-к.) аттуу эмгегинде эскерилет. Элдик санжырада Ак уул таза, өз боюнча карап жүргөн киши болгондуктан Жанкороз атыкканы айтылат. Оң канатка кирген уруулардын урааны - "Жанкороз".

Маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)