Моңолдор (уруу)

Wikipedia дан
(Моңолдор, уруу барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search

Моңолдоркыргыздын оң канатына таандык уруулардын бири.

Моңолдор жөнүндө жазма булактар алгачкы жолу кытай тарыхий даректеринде («Си-юй туч-жи») кезигип, алар кыргыздын «Батыш Ордосуна» караштуу негизги төрт уруунун бири катары эскерилет.

Илгери Дайыр, Көкө деген эки уул Түркстандын Ак-Дөбө деген жеринен качып келди. Алардын атасы Кылыч-хан деген болуптур. Ал кезде Адыгине, Тагай Оштун үстү жагындагы Керме-Тоо, Сары-Белде турушкан. Хандын баласы болгон үчүн Көкөнү Адыгине, Тагай Наалы деген эжесине үйлөнтөт. Дайыр Көкөгө таарынса керек, жалайыр деген казак ичине барып турду. Наалы бир бала төрөгөн эле. Атын Муңуулдур койду. Моңолдор ушундан[1]

Кыргыздын тарыхын жана санжырасын кеңири изилдеген белгилүү этнограф Абрамзондун ою боюнча Моңолдор кыргыз элинин этникалык калыптанышына катышкан моңгол-түрк урууларынын бири болуп саналат[2]. Ч.Ч. Валиханов, Г. Загряжский, А.Н. Аристов сыяктуу революцияга чейинки изилдөөчүлөр Моңолдор кыргыз элине сырттан келип кошулган деген пикирди жакташкан.

Сейф ад-Дин Аксыкенттин «Мажму ат-Таварих» аттуу китебинде Ахмад-Моголдун санжырасындагы кээ бир ысымдар Моңолдордун түпкү аталары менен дал келет. Кыргыздардын Моңолдор уруусун моголдор менен, атап айтканда, Моголстандын аскер колбашчысы — Анка-төрөнүн улусу менен салыштыруу өтө кызыгууну туудурат. Мажму ат-Таварихте Анка-төрөнүн улусу жөнүндө төмөнкү айтылгандар өтө кызык: «Анка-төрөнүн жанына моңолдор топтолушту»; «Анка-төрө Кара-кожо менен Манаска 10 миң моңолду жардамга жөнөттү»: «Анка-төрө моңолдор менен чериктерди көчүрүп жиберди». Кыргыздар да Анка-төрөнүн улусуна кирет, бирок ал улус кыргыздыкы эмес.

XVI кылымга тийиш Мажму ат-Таварихте лакап аты Көк-Бука болгон Мухаммед-бек Анка-төрөнүн уулу деп айтылган[3]. Санжыра боюнча Моңолдордун түпкү атасын Көкө деп аташкан, ал эми анын лакап аты Көк-Бука болгон имиш. Кол жазмада төмөнкүлөр Мухаммед-бектин тукумдары деп айтылган: Кувай, Куу-Сөөк, Сейид-Газы, Кувай Буваке Дават-бий, Бай Моңол, Чолок Туума, Кыйра. Бардык аталган ысымдар (кол жазмада жарым-жартылай бурмаланган болсо да) Моңолдор уруусунун санжырасында айтылып жүргөн айрым уруктарынын түпкү аталарынын ысымдары жана бөлүкчөлөрүнүн аталышы менен толук дал келет.

Шах Махмуд Чурастын «Тарыхында» Мухаммад-хан (1609 - 1672), андан Шуджа ад-дин Ахмад-хан, андан Зийа ад-Дин Тимур-султан, андан Султан Ахмед-хан (Болот-хан), Махмуд-хан (Кылыч-хан)[4]. Так үчүн болгон күрөштө Кылыч-хан уулануудан өлөт. Анын аялы Кушчу уруусунун жана Кашкар кыргыздарынын бийи Сокур-бийдин кызы эки эркек баласы менен качып кетет. Сокур-бий хандан коркуп аларды Ала-Тоого качырат[5].

Моңолдор кыргыздар менен кыз алып, кыз берүү жолу менен куда сөөк болуп кетишкен. Ошол себептен Моголстан мамлекети кыйраганда алар таякелерине келип баш калкалашы мүмкүн. Бул узак доор элдин эсинде ар түрлүү чагылдырылып, уламыштарды пайда кылган. Калмактын кандуу чабуул мезгилинде моголдордун айрым топтору Кылыч-хандын тукумуна келип баш калкалашы табигый нерсе. Киринди болгону менен алар өзүнүн ата-тегин эске сактап калышкан.

Генетика иликтөөлөр боюнча Моңолдордо С2-М217 көбүрөөк кездешет[6]. Бул генотип чыгыш евразиялык элдерине таандык.

Моңолдор Кыргызстанлын бардык аймактарында кездешет. Азыркы учурда Моңолдорго тийиштүү топтор негизинен Нарын (Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор ж. б.), Ысык-Көл (Түп, Жети-Өгүз ж. б.), Чүй (Кемин, Сокулук, Панфилов ж. б.), Талас (Кара-Буура ж. б.), Ош (Кара-Кулжа ж. б.), Жалал-Абад (Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал, Ала-Бука, Айры-Там ж. б.) областарында турушат.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Сыдыков, Осмонаалы. Мухтасар тарых-и Кыргызийа / Баш сөз жазган Х.Карасаев. - Фрунзе: Кыргызстан, 1990.
  2. Абрамзон С. М. Кыргызы и их этногенетические и историко-культурные связи. — Кыргызстан. — Фрунзе, 1990. — С. 480.
  3. Извлечения из Маджму ат-Таварих / Ромодин В. А.. — Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. — Москва: Наука, 1973. — С. 210
  4. Шах Махмуд Чурас, Хроника. — Москва, 1976
  5. Аттокуров С. Кыргыз санжырасы. – Бишкек: Кыргызстан, 1995
  6. Ж. Сабитов, Б. Даулет. Потомки Адигине и Тагая среди кыргызов (рус.) // The Russian Journal of Genetic Genealogy. — 2013. — Т. 5, № 1. — С. 48-51. — ISSN 1920-2997.