Мухаммед кыргыз
Мухаммед Кыргыз – 16-к-дын 1-жарымындагы кыргыз уруулар бирикмесинин башчысы.
Моголстандын тарыхына байланыштуу Мухаммед Хайдардын эмгегинде (к. Тарих-и Рашиди) эскерилет[1]. Могол ханы Султан Сеитти колдоп, эмир Абу Бакрдан Кашкарды бошотууга жардам берген (май-июнь, 1514) ж-а өз алдынча Жаркентке жүрүш жасаган (июнь-июль). М. К-дын жардамы м-н Кашкардын тагына отурган Султан Сеит хан ага көптөгөн олжо ж-а белектерди тартуулап узаткан. Кайтып келгенден кийин Моголстандагы кыргыздарды өзүнө баш ийдирип, кийинки жылы Ташкент бир нече жолу талоончул жортуул уюштурган. М. К-дын күчтөнө баштаганын көргөн Султан Сеит хан аны алсыздандырууга аракет кылган. «Мусулмандарга көрсөткөн кордугу» ж-а өз душманы (шейбанид) Түркстан ш-нын башчысы Күчүм (Кучкунжи) хандын уулу Абдылда (Абдаллах) султанды туткунга алып, кайра уруксатсыз бошотконун шылтоолоп, 1517-ж. июнь-июль айында Барскоон ашуусу аркылуу Ысык-Көлдүн жээгиндеги кыргыздарды чапкан. М. К-ды туткунга алып, 15 жылдык абакка кескен. Бирок кыргыздарды колдон чыгарбоо максатында уулу Абд ар-Рашидди аларга хан көтөрүүнү көздөп, 1521/22-ж. М. К-ды бошотуп, Мырза Али Тагай улусбеги ага эмир наамын берген. Ага карабай кыргыздар моголдорго каршы күрөшүн токтоткон эмес, ошондуктан 1524-ж. кийин Султан Сеит хан М. К-ды казактарга жардам кылды деген шылтоо м-н экинчи жолу туткунга алган. Туткундан Султан Сеит хан өлгөндөн кийин бошонгон.
Мухаммед Кыргыз Мухаммед Хейдардын сөзүнөн:Ташкент,Сайрам деген шаарларды Талкалаган.Бир күнү,Мухаммед Кыргыз Түркстанга чабуул жасайт.Абдуллах-Султан ал кезде Түркстанды Башкарып турчу.Абдуллах султан өз аскери менен Мухаммед Кыргыздын артынан барды.Мухаммед Кыргыз өз аскери менен артка бурулуп Абдуллах султан менен Чабышат,ошол башаламандыкта Мухаммед Кыргыз жеңип чыкты,Абдуллах Султан Мухаммед Кыргызга колго түштү,бирок Мухаммед Кыргыз аны бир күндөн кийин коё берет.
Маалыматтын жетишсиздигине (М. К. ж-дө кабарлар Мухаммед Хайдарда гана кезигет) байланыштуу кээ бир тарыхчылар (Б. Солтоноев, ж. б.) аны кыргыз санжырасындагы Тагай бий деп кароого умтулуп, мусулман динин кабыл алгандан кийин ал Мухаммед Кыргыз деген ысым алышы мүмкүн деп болжолдошкон. Бирок М. К-дын ислам динине өтүшүн эч бир маалымат далилдебей, Мухаммед Хайдар тескерисинче анын мусулмандарды тынымсыз чаап, аларга катуу жабыр көрсөткөнүн жазган. Ошондуктан М. К. м-н Тагай бийди бир киши деп саноо үчүн тарыхый маалыматтар жетишсиздик кылат[2].
Өмүркул Караев Мухаммед Кыргызды моңолдордун түпкү атасы Көкө менен салыштырып, бир адам болушу мүмкүн деп божомолдогон[3]. Мажму ат-Таварихте лакап аты Көк-Бука [Көкө] болгон Мухаммед-бек, Анка-төрөнүн уулу деп айтылган[4].
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Мухаммед Хайдар Дуглати, Тарих-и Рашиди. А., 1999;
- ↑ Турганбаев Э. Мухаммед Кыргыздын теги Долон бийби? //Кыргызстан тарыхынын маселелери. 2006. №4.
- ↑ Караев О. К. Исследования о взаимоотношениях енисейских и тяньшаньских киргизов // Вопросы этнической истории кыргызского народа. — Фрунзе, 1989. — С. 8-28.
- ↑ Извлечения из Маджму ат-Таварих / Ромодин В. А.. — Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. — Москва: Наука, 1973. — С. 210
5.Мухаммед Хейдар.«Тарих-и Рашиди»(Рашидовая История»).