Алтайлыктар

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Алтайлыктар - Россия Федерациясынын Тоолуу Алтай жана ага чектеш аймактарда жашаган түпкү калкынын аталышы. 20-к. адабияттарда «ойроттор», «ак калмактар» деген ат менен да белгилүү болушкан. Алтайлыктар - аймактагы этностун шарттуу аталышы. Бүгүнкү күндө илимде алтайлыктардын түндүк жана түштүк этнографиялык топтору бар экендиги маалым. 20-к. чейин түндүк алтайлыктар «черневые татары» («токой татарлары») деп аталышкан. Бул этнографиялык топко тубалар, куу кижилер же челкандар, кумандылар кирет. Түштүк алтайлыктар 20-к. чейин ак калмактар (белые калмыки), тоолуу, бийскилик калмактар деген аттар менен белгилүү болушкан. Бул этнографиялык топко алтай кижи, теленгиттер, телес, телеуттар, маймалар кирет. Түрк тилдеринин генеалогиялык жиктешүүсүндө түштүк алтайлыктар чыгыш хунну тобундагы кыргыз-кыпчак бутагында сүйлөшөт. Бул жобо алтайлыктардын этностук тарыхындагы, этногенезиндеги кыргыздардын үстөмдүгүн чагылдырат. Калктын жалпы саны 60 миңден ашуун. Түндүк жана Түштүк этнографиялык топтор антропологиялык, тилдик өзгөчөлүктөргө ээ, ошондой эле жашоо образында, руханий маданиятында чарба жүргүзүүнүн ыкмаларында бир катар айырмачылыктар бар. Түштүк Сибирь (Туран) расасына киришет. Тоолуу, токойсуз аймактагы түндүк алтайлыктар аңчылык, балыкчылык кесипке көбүрөөк маани беришсе, түштүктөгүлөр болсо көчмөн, жарым турукташкан көчмөн турмушка ык алышкан. Чарбалык-маданий типтердин айырмасы табигый географиялык шарттарга байланышкан. Түндүк алтайлыктардын антропологиялык тибинде угрофинн, самодий элементтери да байкалат. Бул аймакты эзелтеден түрк, теле, кыргыздар мекендеп келишкен. Муну алтайлыктардын курамындагы тодош (төрдөш), телес (төөлөс) ж.б. этнонимдерден байкоого болот. Тоолуу Алтай Кыргыз мамлекетинин жана кыргыздардын экономикалык жана саясий кызыкчылыктары маанилүү аймактардын биринен болгон. 5-18-кк. баш чендерине чейин аталган чөлкөм аркылуу кыргыздардын кыштымдарынын чек аралары өткөн. Негизинен алтайлыктар кыргыздарга кыштымдар (түбөлүк салык төлөөчүлөр) болушкан. Атактуу кыргыз журт башчысы, мамлекеттик ишмер, таанымал аскер жетекчиси Еренак-бек 1687-ж. Телес көлүнүн жанындагы монголдор менен болгон салгылашууда курман болгон. Айрым изилдөөчүлөрдүн пикирлеринде Тоолуу Алтайдын аймагында орто кылымдардагы Кыргыз мамлекети (Монгол жана Кытай Алтайын бирге алганда) жашаган. Кыргыз-алтай этностук жалпылыктарын уруу-урук аталыштарындагы (этнонимдер), эн тамгалардагы, жер- суу аттарындагы, материалдык жана руханий маданияттын үлгүлөрүндөгү жалпылыктар чагылдыра алат. Кыргыз жана түштүк алтайлыктардын тилдери 10-к. кыпчакташуу процессине кабылышкан. Тоолуу Алтайда орто кылымдардагы кыргыз жазуу ж.б. эстеликтер арбын кездешет. Этнонимиялык параллелдер этногенетикалык жана этномаданий терең алакаларды туюнтат: кыргыз - кыргыз (алтай кижи), саруу - жети сары (алтай кижи), саруу - сарык, жарике (саяк) - йарык (алтай кижи), кабели (бугу) - кобалы (алтай кижи), мурат (басыз, саяк, чекир саяк) - мерет (алтай кижи), найман - найман (алтай кижи), азык (төрт тамгалуу азык уруусу) - төрт ас (теленгит). кара найман (найман) - кара найман (алтай кижи), моңолдор - могол (алтай кижи), могол (оргу) - могол (алтай кижи), меркит (дөөлөс) - меркит (алтай кижи), муркут (дөөлөс) - меркүт (алтай кижи), коткор мундуз (мундуз) - кочкор мундуз (алтай кижи, туба кижи), туба (саруу) - туба кижи, мундуз - мундус (алтай кижи, туба кижи), зулум мундуз (мундуз) чулум мундуз (мундус), чулум кашка (дөөлөс) - чулум мундус (мундус), сакалды (кушчу) - сагал (алтай кижи, теленгит), төрт таз (солто) - дорты (теленгит), сарттар (адигине уруулук тобундагы уруу) - сарт (алтай кижи), чулман (дөөлөс) - чалман (телеут), кара тон (жедигер) - тон (алтай кижи), кара чоро (генеоним) - чорос (алтай кижи), дөөлөс (төөлөс) - төөлөс (теленгит), ак тонду (басыз) - тон (куманды), улаан (коңурат) - улан (куманды), кебек (дөөлөс) - көбөк (телеут), кара сакал (баргы) - кер сакал (куманды), калдар (тейит) - каал (алтай кижи), куран найман (найман) элик (алтай кижи), туума тукум (найман) - тумат (алтай кижи, телеут), тогуз (багыш) - тогус (туба кижи), татар (муңгуш) - татар (алтай кижи), таздар (нойгут) - тастар (куманды), төрдөш (кытай) - төдөш (алтай кижи), кара төөдөш (алтай кижи, телеут), жакшылык (бугу) - чакшылык (куу кижи), көкө найман (найман) - көгөл найман (найман), байат (тейит) - байат (теленгут), ак кийиз (саруу) - кийис бөрүк (туба кижи) ж.б.у.с.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]