Хакастар

Википедия дан
Минусиндик татар - хакастардын тобу. XX кылымдын башы.

Хакастар (өз аталышы – хакастар, хоорай, тадарлар; мурдагы аталышы – минусинск татарлары, абакандык (энесайлык татарлар) ― Орусиянын түрк элдери, көбүнчө Түштүк Сибирдин Хакас-Минусин ойдуңунун сол жээгинде жайгашкан. Түрк тилдеринде сүйлөгөн эл, шаманизм жана христиан динин тутушат. Соңку эл каттоолордо Хакастардын жалпы саны 80 миңден ашып, республикасынын калкынын 11%ин гана түзүшкөн. Хакастардын этностук курамы XVIII–XIX-кылымдарда енисейлик кыргыздар менен байыркы түрк, самодий жана кет урууларынын аралашуусунун негизинде калыптанган.

Субэтникалык топтор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Субэтностук (диалекттик) топторго бөлүнүшөт:

Качиндер (хааш, хаас) — орус булактарында биринчи жолу 1608-жылдан хан Түлкү башкарган жерге кызмат адамдары кеткенден бери эскерилет;

Койбалдар (хойбал) — түрк тилдүү топтордон тышкары, кээ бир маалыматтар боюнча, алар урал тилдер үй-бүлө тилдеринин самодий тобунун түштүк кичи тобуна кирген камасин тилинин диалектисинде сүйлөгөн топторду камтыган;

Кызылдыктар (хызыл) — Хакасия Республикасынын Ширин жана Орджоникидзев райондорунун аймагындагы Кара Үүс өрөөнүндө жашаган хакас элинин бир тобу;

Сагайлар (сағай) алгачкы жолу Рашид ад-Диндин моңгол басып алуулары жөнүндөгү кабарында айтылган; Орус документтеринде биринчи жолу 1620-жылы айтылган, алар «ясак төлөбөй, ясактарды сабашкан эмес» деп көрсөтүлгөн. Сагайлардын курамында билтирлер (пилтір) этнографиялык топ катары белгилүү, бүрүстөр ((пӱрӱс) мурда айырмаланган.

17–18-кылымдардагы жазма документтерде хакастардын жери «Кыргыз жери» же «Хонгарай» деп аталган. Элдик оозеки чыгармачылыкта «хоорай» же «хыргыс-хоорай» деген аталыштар көп кезигет. 1703-жылы Хакасияда жашаган кыргыздардын негизги бөлүгү Жуңгарияга көчүрүлгөндөн кийин «хыргыс», «кыргыс» аты жазма булактарда сейрек учурай баштайт. Орустар хакастарды минусалык, абакандык татарлар деп аташкан, бул аталыш аларга убактысынча туруктуу болуп, өздөрүн «тадар» кылып алышкан.

«Хакас» термини 1917-жылы 20–30-июлда Чарков айылында өткөн хакас элинин 2-курултайында кабыл алынган. Түзүлгөн комиссиянын курамы «тадар» деген аттан баш тартуу менен жергиликтүү калк енисей кыргыздарынын түз урпактары экендигин эске алышып, Тан дооруна тиешелүү кытай жылнаамаларындагы «хягас» деген аталышка токтолот.

Совет бийлиги тушунда хакастар өзүнчө мамлекеттик түзүлүшкө ээ болду. Хакасиянын аймагында енисей кыргыздарына таандык археологиялык эстеликтер арбын. Хакастар менен кыргыздардын материалдык, руханий маданиятында көптөгөн этногр. окшоштуктар байкалат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]