Солтоноев Белек Солтонкелди уулу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Солтоноев Белек Солтонкелди уулу (1878-1938), кыргыздын тунгуч агартуучусу, тарыхчы-этнографы, акыны, адабиятчысы,фольклор жыйноочусу, таанымал мамлекеттик жана коомдук ишмер. Европалык илимий адабияттар жана изилдөөлөр менен тааныш болгон кыргыз тарыхчысы. боюнча тарыхый-этнографиялык фундаменталдуу эмгектин автору. 7-8 жашында эле кат таанууга жетишкен болочок илимпоз оокаттуу оруска жалданып, бат эле орус тилин, кирилица алфавитин үйрөнүп алган. Үч ай орус мектебинде билим алып, окуусун Пишпектеги багбандарды даярдоочу кыргыз мектептен уланткан экен. Эки жылдык окуудан соң, 1890-ж. тартып ал кыргыздын тарыхына, этнографиясына, элдик оозэки чыгармаларына кунт коюп кызыга баштайт. Илимге ынтызарланган зирек бала санжыра, уламыш, болмуштарды кызыгып угуп, ошол учурдагы белгилүү болуп калган орус жана араб графикасындагы тарыхый чыгармалар менен тааныша баштайт. Үркүндө элди куткаруу, Советтик бийликти куруу иштерине жигердүү катышкан. Сабатсыздыкты жоюу өнөктүгүнө да чын дили менен катышкандыгы маалым. Чыгыш Түркстанда кыргыз качкындарынын арасында болуп, бул аймактан тарыхый-этнографиялык маанидеги маалыматтарды жыйнай баштаган. 1925-ж тартып илимий мекемелерде иликтөө иштери ж.б. чыгармачылык менен алектене баштайт. Б.Солтоноев 1895-1934 жж. аралыгындагы жыйналган тарыхый-этнографиялык маалыматтардын алкагында «Кызыл Кыргыз тарыхы» (мурдагы аталышы «Кыргыз-казак тарыхы») илимий эмгеги жарык көргөн. Эмгектин негизи тарыхый, этнографиялык, археологиялык, элдик оозэки чыгармалардын бөлүктөрүнөн турат. Илимпоз Н.А.Аристов, В.В.Бартольд ж.б. таанымал окумуштуулардын эмгектерине шилтеме жасап, «Манас» эпосундагы ж.б. санжыралык маалыматтарга жана алардын маанилерине илимий негиздүү мамиле жасаган. Бул эмгек соңку доордогу кыргыз тарыхчыларынын батыш илиминин үлгүсүндө жазган өз учурунун эң алгачкы фундаменталдуу изилдөөсү болуп эсептелет. Эмгектин калган бөлүктөрүндө кыргыздардын реалдуу жашоо тиричилиги, каада-салттары, улуттук оюндары, табыпчылыгы, аскердик тарбия берүү, уруу (урук) тамгалары жана алардын аталыштары, календары, жылдыз саноо жана тактоо илими (астрономия, астрология), кыргыздардын салтуу аңчылыгы, кыргыз уруулары жана алардый айрымдарынын келип чыгышы терең иликтөөгө алынган. Эмгек учурда өз баалуулугун жана илимдеги актуалдуулугун жогото элек.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]