«Кызыл Кыргыз тарыхы»

Википедия дан

«Кызыл Кыргыз тарыхы» — кыргыз тарыхчысы жана адабиятчысы Б. Солтоноевдин 2 китептен турган эмгеги. Араб графикасы менен жазылган. 1895-ж. жаза баштап, 1934-ж. аяктаган. Китеп жазууда автор В. Бартольд, В. Радлов, Н. Бичурин (Иакинф), Н. Аристов, Абу-л-Гази хан, К. Халид жана башка белгилүү окумуштууизилдөөчүлөрдүн жана Туманскийдин кол жазмасы (к. Худуд ал-алам мин ал-Машрик илал-Магриб) жана башка эмгектерди колдонгон. 1-китебинде кыргыздардын жашоо турмушу, адат-салты, дини, хунндар, динлиндер, усундар, түрктөр, карлуктар, кара кытайлар жана башка уруулар, Караханиддердин тарыхтагы орду, кыргыздын эл болушу, 14-16-кылымдагы кыргыздар, Тагай бийдин тарыхы, оң-сол канаттын таралышы, кыргыздардын ичиндеги кээ бир уруулар (черик, коңурат, моңолдор, асык жана башка), Манап бийдин тарыхы, Енисей кыргыздары, Кытай кыргыздары, Жаңыл мырза, Эсенкул жана башка кыргыз баатырлары жөнүндө, калмак чабуулу, Анжиянга сүрүлгөн кыргыздардын өз жерине келип орношу, кыргыз-казак жана кыргыз урууларынын ич ара мамилелери, Кокон хандыгынын тушундагы кыргыз тарыхы, Ормон хандын убагындагы окуялар жана башка камтылган. 2-китебинде 1847-жылдардагы Кенесары хандын кыргыздарга жасаган чабуулу, сарыбагыш менен бугулардын чабышы, кыргыздардын Россияга карашы, 1916-жылдагы көтөрүлүш, кыргыз адабияты, «Манас» эпосу, айрым манасчылар тууралуу кыскача маалыматтарды билдирет. « Кызыл Кыргыз тарыхы » — кыргыз тарыхын кеңири камтыган, кыргыз автору тарабынан жазылган, кыргыз тилиндеги алгачкы эмгек. Анда 1-жолу кыргыздарга тиешелүү маалыматтарга илимий жол менен анализ жасалып, жыйынтык чыгарылган. « Кызыл кыргыз тарыхы » 1993-ж. 1-жолу басмадан жарык көрүп, 2003-ж. кайрадан толукталып, «Кыргыз тарыхы» деген аталышта 1 китеп болуп басылып чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]