Кара чоро

Википедия дан

Кара чоро - геноним. Элдик санжыранын маалыматтарында азык, черик, чекир саяк, саяк, багыш уруулары Кара чородон тарашары чагылдырылат. Геноним байыркы мезгилдерден белгилүү жана алгач Таластагы ташка чегерилген кыргыз руникалык жазма эстеликтеринде (5-10-кк.) «Кара чур» формасында (болжолу, антропоним) эскерилет. Талас руникалык жазууларында баяндалган «Отуз оглан» (отуз уул), «Кара чур» (Кара Чоро), «Агулт» (Ак уул) энчилүү аттары, «ынал» титул-термини кыргыздарда гана учурайт. Кара Чоро 16-к. жашап өткөн Сайф ад- Дин Аксикендинин «Маджму ат Таварихинде» Тагай бийдин алты уулунун бири катары баяндалган. Изилдөөчүлөр «кара» термини түрк тилдүү элдерде (урууларда) «эл», «масса», «көпчүлүк», ал эми «чур», (чоро) - титул, энчилүү уруу атын туюнтарын белгилешет. Чоро - байыркы түрк тилдеринде төмөнкү маанилерди туюнткан: 1. Кожоюн, башкаруучу, ээлик кылуучу; 2. Союз, биримдик, бир жамаат. Демек, жогорудагы маалыматтар генонимдин так маанисин ачып көрсөтөт. «Манас» дастанында «Кырк чоро - Манастын баатырдык кошуну, нөөкөрү, эң жакын кеңешчилери, жан жолдоштору, кол башчылар, ар башка уруулардын тандалган мыктылары, кылданган баатырларынан куралган көйкашкалардын тобу» деген аныктама берилет. «Кара чоро» геноними кыргыздарда Энесай доорунан эле белгилүү болгон. Шорлордун курамында азыркы учурда «кара чор» аттуу урук сакталып келери аныкталган. Бул шорлордун курамындагы байыркы кыргыз этнокомпоненти болуусу толук мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]