Ават, уруу
Ават — ичкиликтер уруулук тобундагы ири уруулардын бири. Айрым санжыралык маалыматтарда "авагат" формасында да айтылып жүрөт. Этнонимдин параллелдери "аба" формаларында алтайлыктардын (телеуттар) жана шорлордун курамдарында бар экендиги маалым.[1] Ават - аба+т; -т мүчөсү бурят-монгол тилдеринде көптүк маанини туюнтат. Байыркы сөз жасоочу мүчөнүн колдонулган, таралган ареалы абдан кенен. Мисалы, тунгус тилдеринде бул мүчөнүн фонетикалык -тан /-тен , манжур тилинде -га/-те, байыркы корей тилинде -тен формаларынын болгондугу белгилүү.[2] Д.Е. Еремеев бир катар далилдүү маалыматтарга таянып, -т мүчөсү уланган түрк этнонимдери монгол тилдеринин таасири астында XIII кылымдан кийин гана калыптанган деген пикирин айтат.[3] Бул уруунун тегин байыркы “аба” уруусу менен параллели катары караса болчудай. “ Аба” - теле урууларынын бири катары Суй династиясынын жыл баяндарында батыш түрктөрдүн мамлекетинин курамындагы уруу болгондугу эскерилет.[1] Аба же абиндер XVI-XVIII кк. бүгүнкү алтай-телеуттарга кошуна жашашып, негизинен мал чарбачылыгы менен кесиптенишерин И. Гмелин жана И.Георги изилдөөлөрүндө белгплешкен. Л.П. Потапов да бул уруунун чыгыш тегин байыркы “аба” уруусу менен жакын байланыштырат.[1] Курамына “аба” уругу кирген алтай-телеуттар этногенетикалык жактан кыргыздар менен жалпылыгы илим чөйрөсүпдө далилденип келет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Түзгөндөр О. К. Каратаев, С. Н. Эралиев. -Б.: Бийиктик, 2005. 600 б., ISBN 9967-13-159-4
Кыргыз уруулары | |
---|---|
"Оң канат" |
Отуз уул: Ичкилик (Булгачы): |
Сол канат: | Кушчу · Мундуз · Басыз · Саруу · Чоңбагыш · Кытай · Төбөй · Жетиген |
Башка макалалар: | Кыргыз санжырасы · Кыргыз уругу · Генеалогиялык паспорт · Санжырачы · Алатоолук кыргыздардын санжырасы |