Алакчын, урук

Википедия дан

Алакчын уругу - сол канаттагы саруу уруусунун курамындагы ири уруктардын бири[1].

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байыркы алакчын уруусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алакчындар адегенде “Цзю-Таншуда” (Тан династиясынын жыл баяндары, УП-Х кк.) “Ге-ло-чжи”, “э-ло-чжи”, “бо-ма” (ала аттуулар уруусу) формаларында 638-жылы эскерилет. Ушул эле тарыхый жазма булакта алакчындар киргуттардын (кыргыздардын - О.К.) курамына кирген уруу экендиги баяндалат[2]. “Бо-ма” (Алакчын) уруусу “Цзю-Таншуда” “ту-ңюэлер” (түрктөрдүн) түндүккө карай 14 000 ли аралыкта көчүп-конуп жүрөшөт, 30 000 аскер коюуга чамалары жетет, алар турган аймакта кар көп жаайт, жерди соколуу ат менен иштетишет. Алардын жылкылары ала түстө, ошондон улам алардын жергеси Алакчын (Бо-ма - кытай транскрипциясы, VIIX кк.) деген ат менен белгилүү. Деңизге чукул байырлаган бул эл жылкы минишпейт, бирок анын сүтүн тамак-аш азыгы катары пайдаланышат. Цзе-гу (кыргыздар -О.К.) менен согуш абалында болуп турушат...[3]. Болжолу, бул маалыматтардан кыргыздар өлкөсүнүн ээлигинин курамына кирген алакчындар уруусу айрым учурларда көз каранды эместикке ээ болуп турушкандыгын байкоого болот. Буга, албетте, Түштүк Сибирдин катаал жаратылыш шарттары, бул аймактардын ыраактыгы да себепкер болгондой. Байкал көлүнө туташ жерлерди мекендеген алакчындар кыргыздар мамлекети менен согуш абалында болушкандыгы жөнүндө маалыматтар бар[4]. VII-IХ кк. Ангара дарыясы аркылуу жана кыргыздарга баш ийген чыгыштагы башка уруулар менен (кыштымдар - О. К.) алакчындардын ортолугунда табийгый чек ара өткөн[5]. “Түрк санжырасынын” автору Абул Гази Бахадур хан (XVI к.) төмөндөгүдөй маалыматты жазат:

“...бул дарыянын (Ангара-Мурен) боюнда ири шаар жайгашкан, анын айланасында курчалган саңдаган айыл-конуштарда көп сандуу уруулар жашашат. Алардын минген аттары абдан зор, түстөрү өңчөй ала келет. Алакчын деп аталган шаардан алыс эмес жерде күмүш кендери жайгашкан, ошоңдуктан алардын казан-табак, карапа идиштери бир өңчөй күмүштөн жасалат”[6].

Алакчындар жөнүндөгү кытай жана мусулман булактарынын маалыматтары негизинен дал келет. Кытай жыл баяндарынын берген маалыматтарына караганда алакчындар (ала аттуулар уруусу) айрым учурларда кыргыздарга көз каранды абалда калып турушкан. П.Пеллио Абул Газинин 1233 жана 1254-жылдардагы алакчындарга атайын жөнөтүлгөн монгол элчилиги тууралуу жазган маалыматтарына таянып, бул элди Енисей дарыясынын Түндүк муз океанына куйган жерине жайгаштырат. Ю.А. Зуев байыркы кытай жыл баяндарынын маалыматтарынын негизинде алакчындарды Байкал көлүнүн (кыт. “Бей-Хай”) чыгыш тарабына жашайт деген[7]. Демек,алакчындар түштүк-батыш тараптан кыргыздар, чыгыш тарабынан курыкандар менен чектешкен деген жыйынтыкка келсе болот. Кыргыздарга жамаатташ жашаган байыркы курыкандардын тукумдары болгон саха-якуттардын «Олонхо» дастанында Аан Алахчын аттуу жердин мифологиялык ээси жөнүндө уламыштар баяндалат[8]. Ырас, «Олонходогу» бул маалыматтар бүгүнкү саха-якуттардын ата-бабалары болгон курыкандардын алакчындар менен байланышын тастыктары шексиз.

Алакчындар этникалык аталыштын мааниси аныктагандай эле байыркы түрк тилдеринин бир диалектисинде сүйлөшкөндөй. Г.Е. Грум-Гржимайло кыпчактарды “бо-ма” деген динлин урууларынын бир бутагы катары караса, Л.Н. Гумилев “бо-маларды” (алакчындар) өз алдынча мамлекеттик түзүлүшкө ээ, түстөрү ак жүздүү эл (уруу) болгон деп жазат[9]. Л.Н. Гумилев бо-маларды эки жерге жайгаштырат: бир бөлүгү (түндүк бо-малар) бүгүнкү Саян-Алтайдан түндүгүрөөктө, калган бөлүгү “ди” бутагы деп аталып, Түндүк Кытайда (Ганьсу аймагы, КЭР) жашашкан[10].

Кыргыздардын курамына кириши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байыркы “алакчын” (кыт. Бо-ма) этнониминин түз параллели бүгүнкү күндө кыргыздарда гана сакталып келет. Этникалык компонент кыргыздардын курамына VII-VIII кылымдардан кеч эмес кирген десе болот. Айрым изилдөөчүлөр алакчындарды бүгүнкү казактардын, каракалпактардын ичиндеги “алчын”, “алшындар” менен этногенетикалык жактан жакындыкта карашат. Арийне, бул пикир кошумча илимий негиздүү тактоолорго муктаж.

Кыргыз санжырасындагы вариант[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз санжырасында алакчындар XVII кылымдын башындагы Эр Эшим менен Кан Турсундун чабышында туткундалып келип, саруулардын курамына кирип калган уруу катары эскерилет.


Термин тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алак + чын (-чын, -чин, -джин); бурят-монгол тилдеринде бул мүчө жалганып жасалган сөздөр кесипти, айрым учурларда адамдардын жашаган аймагын түшүндүрөт (караңыз: Т.А. Бертагаев, 1970, 127-129). Мисалы, Баргуджин-Токум (Баргулар жашагаи аймак), булгачин - “булгун кармоочулар”, кермучин - “тыйын чычкан кармоочулар” ж.б. Кыргыздарда “ак алакчын” деген термин бийлик иеархиясындагы мансапты да аныктаган.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Абрамзон, 106.
  2. Зуев, 1960, 124.
  3. Зуев, 1960, 124.
  4. Кюнер Н.В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Централыюй Азии и Дальнего Востока. -М., 1961, 52-53.
  5. Савинов, 1985, 31-33.
  6. Абул Гази, 1906, 40.
  7. Зуев, 1960, 125.
  8. Бекмухамедова, 1995, № 2, 21.
  9. Грум-Гржимайло. Западная Монголия и Урянхайский край. Т. II, 59; Гумилев Л.Н. Динлинская проблем а //И В ГО , Т. ХС1., М-Л., 1859, 18-20.
  10. Шаниязов, 1974, 31.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]