Алчыкен, урук

Википедия дан

Алчыкен уругу - саруу уруусундагы алакчындардын курамындагы урук[1].

Сөздүн уңгусу - алчы: Чүкөнүн таасына карама-каршы бети, айкүр жагы[2]. -кен сөз жасоочу мүчө.

Этнонимдин параллелдери кыргыздын солто уруусунда “алчы куртка”, казактарда “алшын” формаларында кездешет[3]. Алчындар “Манас” эпосунда да эскерилет[4]. Алчы + н: -н мүчөсү байыркы түрк тилдеринде көптүк маанини билдирген[5]. Ошондуктан, этнонимдин алчын/алшындар (айрым учурларда кичүү жүз, кээде бүт казак эли “алчындар” деп да аталып калган учурлар кездешет -О.К.) менен да байланышын тактоо зарыл.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Абрамзон, 107.
  2. КТТС, 69.
  3. Жанузаков, 1982,66.
  4. Молдобаев, 1995,135.
  5. Серебренннкова., Гаджнева,1979, 89.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]