"Семетейдин" фоножазуусу — "Манас" эпосунун эң алгачкы үн жазуусу. Кыргыз элинин тарыхындагы биринчи үн жазууга түшкөн кыргыз сөзү. 1903-ж. сүрөтчү Б. Смирнов Пишпекте Кенже Кара ырчынын аткаруусунда фонографка "Семетейден" үзүндү жазып алган. Бул жазуу жөнүндө Б. Смирнов Москвадан 1914-ж. чыккан "Түркстан талааларында" ("В степях Туркестана") деген китебинде айтып, фонографка жазылган жазуунун текстинин орусча котормосун берген. Фонографтагы үзүндүнүн тексти менен китепке берилген котормонун ортосунда айырмачылыктар бар. Котормодо окуя Агаяктын тоосунан башталып чалгынга Күлчоро менен Канчоро барып, Айчүрөктү туткундан бошотсо, фонографтагы текст боюнча окуя Олуянын белинен Ак бейиттин Ногой элинен башталат да, чалгынга он эки жашар Күлчоро барып аркы өйүздөгү кыздарга жолугат. СеметейАйчүрөккө үйлөнүп, Үргөнчтө кан болуп туруп дүйнөдөн кайтат. Бул үзүндүдө эпостун башка варианттарында учурабаган жаңы аталыштар, окуянын өнүгүшүндөгү айырмачылыктар "Семетейдин" бизге жетпей калган белгисиз бир вариантынан кабар берет. Фоножазуунун тексти анча чоң эмес. 18—20 мүнөттүк. Жоголгон нерсе катары гана белгилүү болгон бул жазууну Кыргыз ССРинин Борбордук архивинин илимий кызматкери Л. А. Виноградова Москвадагы А. С. Пушкин үйүндөгү орус адабияты институтунун фоноархивинен тапкан. Фоножазуунун көчүрмөсү Кыргыз ССРинин Борбордук архивинин фоно-фото бөлүмүндө сакталып турат.
"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4