"Шокан жане "Манас""

Википедия дан

"Шокан жане "Манас"" А. Маргуландын казак тилинде жазылган монографиясы (Алматы, 1971). Эмгек эки бөлүктөн: "Манас" эпосу жөнүндөгү илимий иликтөөдөн жана Чокон араб графикасы менен жаздыртып алган "Көкөтөйдүн эртегиси" (жомогу) деген кол жазманын факсимилесинен турат. Биринчи бөлүктө "Манасты" жазып алуунун тарыхы мүнөздөлүп, Петербург, Казан, Омск шаарларынын архивдеринде эпоско тиешелүү материалдар (мисалы, "Коңурбай", "Карабас уулу Манас" жана башкалар) бар экендигине жана эпостун мазмунуна, сюжеттик курулушуна, баатырдык окуяларына тарыхый салыштырма багытында кеңири талданат. Көбүнчө казак элинин тарыхына, алардын уруулары менен байланыштырып карап, бир беткейликке, калпыстыкка жол берилген учурлар кезигет. Анткени, иликтөөчү эпостун кийин жазылган толук варианттары менен тааныш болбогондуктан көп учурда фактыларды чаташтырып, калпыс корутундуларды айтууга дуушар болгон.

"Манас" эпосунун чыгышы жөнүндөгү маселеге токтолуп, М. Ауэзов менен А. Н. Бернштамдын конепциясын (9—10-кылым) туура деп эсептеп, кыргыздар уйгур кандыгын жеңип, Бейжинди (Бээжин) алышы негиз болгон деп карайт. Бир катар тарыхый фактыларды келтирип, бул концепцияны бекемдөө үчүн өзүнүн далилдерин кошумчалайт.

Экинчи бөлүмдө 1965-ж. А. Маргулан тарабынан табылган 1856-ж. Ч. Валихановдун кыргыздардан жаздырып кеткен Манастын бир окуясынын ("Көкөтөйдүн эртегиси") фотокөчүрмөсү (факсимиле) жарыяланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4