Үргөнч (чыгарма)

Википедия дан
"Үргөнч"‎»‎ барагынан багытталды)

ҮргөнчАкмат Рысменде уулунун айтуусу боюнча жарык көргөн китепче (Фр., 1941). Басмага даярдаган редактору — Ыбырайым Абдыракман уулу.

Латын ариби менен басылган. Китепченин аягында айрым көөнө сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген.

Китепчеде Айчүрөк Семетейдин Акшумкарын амал менен алып кеткенде Семетей чоролору — Канчоро, Күлчоро менен шумкарын издеп Үргөнчкө барганда анын жалпы көрүнүшүнүн поэтикалуу жана кеңири пландагы эпикалык пейзажы баяндалат. Анда Семетей Ак-Инектин белинен дүрбү салып күргүштөнүп кирип жаткан Ү. дарыянын аркы бетинен жол тосуп келген Айчүрөктү көргөнү, Тайбуурулдун сыны, Күлчоронун Үргөнчтү кечер алдындагы дарыянын күргүштөп кирип жатканынын укмуштуу элеси көркөм баяндалып сүрөттөлөт

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4