Акмат Рысменде уулу

Википедия дан

Акмат Рысменде уулу (1891, азыркы Чүй районундагы Шамшы айылы - 1966, ошол эле жер) ― семетейчи, Сагымбай Орозбак уулунун шакирти.
Октябрь революциясына чейин жалчы, Совет бийлиги орногондон кийин колхозчу. 1930-жылдардын аягынан Кыргыз мамлекеттик филармониясында артист, өмүрүнүн акыркы жылдары Чүй районундагы «Шамшы» совхозуна иштеген.

А. өзүнүн «Семетей» айтып калуусун көпчүлүк манасчыларга мүнөздүү кереметтүү түш көрүү салты менен байланыштырат. Бул окуя ал Суусамырда кой кайтарып жүрүп ээн талаада уктап калганда болот. Кереметтүү түшүндө бир жигит келип, эпостун каармандарынын атынан ага кур берип кетет. Ошол күндөн тартып «Манас» айта баштайт, кийин курбуларына жана кесиптештеринин алдына айтып чыккан. Токмоктогу Мыктыбек деген кишиникине чакырылып, көпчүлүктүн алдында биринчи жолу «Семетейден» үзүндү айткан. Ошондон тартып манасчы катары таанылып, эл алдында «Семетей» айта баштаган. Ал өз учурунда аш-тойлордо жарчы да болуп ырдап жүргөн. 1938-ж. май айында акындардын слетуна чакырылып, «Семетейден» айткан үзүндүсү жогору бааланган. А-тын айтуусунда «Манас» эпосунан «Манастын Көзкамандардан көргөн жамандыгы» (5500 сап ыр), «Чоң казат» (3663 сап ыр) эпизодунан үзүндү жазылган.

А. «Манастын» байыртадан бери айтылып келген туруктуу өзөгүн бузбастан сактап калгандыгын байкоого болот. Сагымбай Орозбак уулунун вариантындагы салттык окуяларды А. сөзмө-сөз жаттап алган эмес. Бирок, «Манас» эпосунун сюжет курулушу менен образ системасын бузбай сактоого аракеттенген. Эпизоддордогу айрым көрүнүштөр, элдин турмуш-тиричилиги, үрп-адаты, үй-эмеректери, пейзаждык сүрөттөөлөр эпикалык кайталоолор жана башка көркөм формалар А. вариантында башка варианттардан айырмаланып турат. Ошентип, А. башка жомокчулар сыяктуу элдин улуу мурасы «Манасты» айтууда ага чыгармачылык мамиле жасап, кайра элдин өзүнө тартуулап келген.

Өз учурунда ал белгилүү семетейчилерден болуп эпосту таратуучу жана эл арасында жайылтуучулардын бири катары жогору бааланган. А-тын айтуусунда «Үргөнч» (1941) деген ат менен «Семетейден» үзүндү өзүнчө китепче болуп жарык көргөн. «Семетей» боюнча жазылган материалдары «Манастын» курама вариантынын төрт томдугун (1958-1960) чыгарууда толук пайдаланган.