Рысменде уулу Акмат

Википедия дан

Рысменде уулу Акмат (1891 – 1966) - өзүн семетейчи катары эсептеген өз учурунун көрүнүктүү семетейчилеринин бири Рысменде уулу Акмат 1891-жылы Чүй облусунун Шамшы айылында туулган. Андан «Манас» эпосунун «Манастын Көзкамандардан көргөн жамандыгы», «Чоң казат» эпизоддору, ал эми «Семетейден» «Семетейдин балалык чагы», «Чыңкожо менен Толтойдун Акунканды камап жаткан жери», «Семетей менен Чыңкожонун жоолашканы», «Чыңкожо менен Толтойдун Семетейден жеңилгени» жана башка окуялар жазылып алынган. Ал эми «Үргөнч» деген ат менен «Семетейден» үзүндү 1941-жылы өзүнчө китепче болуп жарык көргөн. Ошондой эле андан жазылып алынган материалдар 1958-1960-жылдары басылып чыккан «Манастын» курама вариантында да пайдаланылган. Акмат Рысменде уулунун варианты анча-мынча айырмачылыгына карабастан, негизинен Орозбак уулу Сагымбайдын варианты менен үндөшүп турат. Аныгы, ал өзү да Сагымбайдан үлгү алгандыгын жашырган эмес. Ал эми “Манас” айтууга аралашып калуусуна, албетте, түш көрүү себеп болгон. Жыйырма жаштын тегерегинде, Суусамырда кой багып жүрүп, уйкуга көзү илинип кеткен Акматтын түшүнө бир жигит келип, Баатырлардын аманат белеги деп кур берип кетет. Мына ушундан тартып ээлигип, койчулар арасында күпүлдөтө «Манас» айта баштайт. Ал манасчы Сагымбайдын шакирти катары эсептелинген. Анткени, Акмат Сагымбай менен жакын байланышта болуп турган. 1915-жылы Токмоктогу Мыктыбек дегендикинде биринчи жолу эл алдында «Семетейден» айтуу менен тушоосу кесилген. Манасчылык төкмөлүк өнөрдү өзү менен сөзсүз ала жүргөн өнөр экендигине Акматтын өмүрү күбө. Отузунчу жылдардын аягынан тартып Кыргыз мамлекеттик филармонияга солист болуп кабыл алынган Акмат гастролдоп, Кыргызстандын түндүк-түштүгүн далай жолу түрө кыдырган. Ошондой күндөрдүн биринде, кыргыз артисттери Өзбекстан жергесинде, Үргөнч суусунун жээгинде конокто болуп калышат. Ал түнү Акмат «Семетейден» “Күлчоронун Үргөнчтү кечкен жерин” айтып берет. Үй ээсине бул айтканы аябай жагып, эртеси күнү да ошол окуяны суранат. Семетейчи эртеси күнү да айтып берет. Үй ээси үчүнчү күнү да суранганда семетейчи күндө эле бир жерди сурана берет деп капа боло түшкөнбү, мурдагы күндөгүдөн башкача кылып айта баштайт. «Үргөнчтүн суусу кириптир, Үстүнөн үйөр жүрүптүр» деп, андан ары улам кызып отуруп, Үргөнч суусун ташытып, ага баары акты деп айтат манасчы. Ошону менен эле чектелип калбай, дайранын жээгиндеги элди бүтүндөй агызат. «Таңгагы менен мата агып, Там-тамы менен сарт агып, Кыйын мүшкүл болду эми» деп, андан ары кызытып жиберет. Тамашаны түшүнгөндөр күлүшүп, өнөргө ыраазы болушат. Түшүнбөгөндөр семетейчиге таарынып калышат. Ал тургай Акмат эртеси атын такалатуу үчүн устаканага барса, уста така жок деп моюн толгойт дейт. Эмнеге десе, кечээ Үргөнч киргенде така-мака бүт агып кеткен деп мултуюптур. Көрсө, кечинде ал да Акматтын өнөрүнө күбө болгон экен. Анын өнөрүнө күбө болуп калган замандаштары “семетейчинин үнү да ушунча уккулуктуу эле” деп тамшанышат. Бүт өмүрүн “Манас” айтууга байлаган Рысменде уулу Акмат 1966-жылы өзү туулган Шамшы айылында дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз элинин манасчылары:Маалымдама китеп. – 1-чыг., Түз.: Т.Бакчиев, Р.Исаков. – Б.: Кыргызпатент, 2010 – 96 б.