«"Манас" Кыргыз эпосу»

Википедия дан

""Манас" Кыргыз эпосу"("Великий поход") китеби — "Манас" эпосунун орус тилинде көркөм сүрөттөр менен кооздолуп чыккан көлөмдүү китеби (М., 1946). Которгондор: С. Липкин, Л. Пеньковский жана М. Тарловский. «Манас» кыргыз эпосу деген кириш сөзүн Е. Мозольков менен Ө. Жакишев жазган. Көркөмдөгөн сүрөтчүлөр: Г. Петров менен И. Костылёв. Китепке «Манас» эпосунун «Чоң казат» эпизоду кирген. Аягына кээ бир сөздөрдүн котормосу берилген. Котормочулар «Манас» эпосунун өзгөчөлүгүн, ыр түзүлүшүн, муундардын топтолушун, ар бир саптын маанисин сактоого аракеттенишкен. Бул китеп эпосту орус тили аркылуу башка элдерге тааныштырууда чоң мааниге ээ болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4