«Азия Инфо»

Википедия дан

«Азия Инфо» - (англ. ASIAINFO) - Cisco Systems, APC, ИНФОТЕЛ (Россия) компанияларынын официалдуу партнеру. Маалыматтан пайдалануу кызматын 1994-жылдан баштаган. Маалыматтарды жөнөтүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн спутник байланышынын Жердеги станцияларын эксплуатациялоо, телематикалык кызматтан пайдалануу боюнча уруксаты жана лицензиясы бар. Компаниянын жамааты жогорку технологиялык системаларды колдонууга жөндөмдүү, эл аралык стандартка туура келген жогорку технологиялык кызматтан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыра алган кесип ээлери катары таанылды. Мекеменин башкы адистери Simens (EWSP тармактар системасы), N.E.T. (IDNX тармактар системасы), SUN Microsystems Ins компанияларынын квалификациялык сертификаттарына ээ болушкан. « Азия Инфо» тармагы Ошто, Жалал-Абадта, Кара-Балтада, Караколдо жайылтылып иштеп жатат. Компания сырткы дүйнө менен байланышка чыгууну спутник байланыш базасынын негизинде спутник каналы аркылуу жүргүзөт. «Азия Инфо»-нун маалыматтарды жөнөтүү тармагын тейлөөдө колдонулуучу техникалык каражаттары тиешелүү маселелерди аткарууда талапка жооп берет жана сертификаттары бар. «Бишкек-98, 99, 2000» эл аралык көргөзмө-жарманкелеринде Кыргызстандагы мекемелерди, дүйнөдөгү инсандар менен маалымат алмашууну ийгиликтүү тейлегендиги, «Интернет карта» долбоорун ишке ашыргандыгы, Кыргызстандагы республикалык интернет тармагын өнүктүргөндүгү үчүн медалдар менен сыйланган. Азыркы учурда «Азия Инфо» кардарлары интернет кызматын, үйдөн колдонуучулар үчүн жогорку ылдамдыктагы VDSL технологиясын колдонууну жайылткан жогорку ылдамдыктагы каналдар боюнча «Home. Net» мекемеси аркылуу «Азия Инфо» тармагына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1