«Ала-Тв»

Википедия дан

«Ала-Тв» - эфирдик-кабелдик телекөрсөтүү жана интернеттик телефон кызматын аткаруучу компания. 1998-ж. уюштурулуп, КРнын Адилет министрлиги тарабынан катталган. Учурда Бишкек шаарынын 75 миңге жакын турак жайын өз кучагына алган кабелдик линия курулуп, ал он миңдеген шаардыктарды ж-а миңдеген шаар конокторун тейлеп турат. «Ала-ТВ» каналы телекөрүүчүлөргө дүйнө элинин 11 тилиндеги 60тан ашык эларалык, ошондой эле жергиликтүү мыкты деп эсептелген телеканалдардын программаларын алып көрсөтөт. Алар чет өлкөлүк жана жергиликтүү маалымдоо, илимий маалымат берүү каналдары, спорт, кино, балдарга арналган муз. берүүлөр болуп саналат. «Ала-ТВнын» кызматынан пайдаланган абоненттердин катарына административдик мекемелер, кыргызстандык жана чет өлкөлүк элчилер жана бизнес өкүлдөрү, ири мейманканалар менен алардын бизнес-борборлору, эларалык уюмдар менен алардын өкүлчүлүктөрү, эс алуу жайлары ж. б. уюмдар кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1