«Асман-тв»

Википедия дан

«Асман-тв» - менчик телекомпания. 1996-жылы биринчи жолу эфирге чыккан. Чүй облусунун Бишкек шаарынан 50 км аралыкта жашаган көрөрмандар «Асман-ТВ»нын программаларын көрө алышат. Азыркы шартта бул телекомпаниянын башка телеканалдар менен атаандашууга жана өз алдынча чыгармачылык тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүгү бар. Анын «Асмашка», «Жылдыздар баяны», «Айтыңызчы, байболгур», «Жашоо деген кандай сонун!» сыяктуу программалары белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Калып:TV-stub