«Барбаросса»

Википедия дан

«Барбаросса» - (Ыйык Рим империясынын императору Фридрих I Барбароссанын атынан) фашисттик Германиянын СССРге каршы агрессивдүү согуш планынын шарттуу аталышы. Гитлердин 1940-ж. 21-июлдагы буйругу боюнча СССРге каршы согуш ачуу планын Германиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги генерал-полковник Ф. Гальдер иштеп чыккан жана ал 1940-ж. 5-декабрда бекитилген. Планда советтик аскерлердин негизги бөлүгүн Днепр жана Батыш Двина дарыясынын батыш тарабында талкалоо, андан соң Москва, Ленинград (азыркы Санкт-Петербург), Донбассты басып алып, Архангельск Волга Астрахань линиясына чыгуу каралган. План боюнча согушту 2-3 айдын ичинде бүткөрүү белгиленген. Бул планды жүзөгө ашыруу үчүн фашисттер 1941-ж. 22июнга карата СССРдин чегарасына 5,5 млндон ашык адам, 3712 танк, 47260 ар түрдүү атуучу курал жана миномёт, 4950 согуш самолётун топтошкон. Бирок совет элинин баатырдык күрөшүнүн натыйжасында «Барбаросса» ишке ашкан эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4