«Идук Йер-Суб»

Википедия дан

«Идук Йер-Суб» - «Ыйык жер - суу» – байыркы мезгилдерде түрк элдеринин, а.и. кыргыздардын табиятка ж-а жаратылышка карата ишеними. Жазма булактарда хунн-дардын жерди ыйык тутушкандыгы ж-дө маалыматтар бар.

8-кылымда кидандар жерге курмандык чалышкан. Байыркы түрктөр Енисейдеги Өтүкөн тоо кыркаларын ыйык деп санашып, ал акырындык м-н тоо кыркасы эмес, түрктөргө тийиштүү абстрактуу жер кудайы катары кабыл алынып кеткен. Жер кудайын ыйык тутуу кеңири тараган ж-а ал байыркы түрк руна сымал жазууларында чагылдырылган. Байыркы ишенимдин калдыктары кыргыздарда Жер-суу кудайы түрүндө сакталып, кудайдан ырайым сурап же алкыш иретинде курмандык чалышкан. Курмандык чалып сыйынуу жер-суу таюу деп аталып, кургакчыл мезгилдерде, ооруп калганда же башка кырсык болгондо, чөп чабыктын учурунда, эгин бышаар алдында, эгин дан байлаганда, эгер анда зыяндуу курт-кумурскалар, кара көсө пайда болсо ж. б. учурларда өткөрүлгөн. Бул ырым-жырым малчылар үчүн да олуттуу мааниге ээ болуп, курмандык чалуу жылына эки жолу (жазында ж-а кеч күздө) өткөрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы: Энциклопедия / Жооптуу редактор А.Асанканов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2003. – 464 б.: сүрөт. – ISBN 5-89750-150-5.