«Кыргыз» этноними

Википедия дан

"Кыргыз" деген соз кандай болуп чечмеленет

— түрк-монгол жана башка тилдүү элдердин ичинен жазма булактарда эң алгачкы эскерилген элдин энчилүү аты. «Кыргыз» - элдин, мамлекеттин аталышы катары кытай жыл баяндарында, байыркы түрк, уйгур, кыргыз руникалык жазма эстеликтеринде, Византия, араб-фарси, монгол жазма булактарында чагылдырылат. «Кыргыз» аты Орхон-Энесайдагы рун сымал жазма эстеликтерде - «кыргыз», «кыркыз», грек (Византия) тилинде «херкис»; монголчо - «хиргис», «хэргис», латынча - «керкис», араб жана фарси булактарында - «хырхыз», «хырхыр» формаларында чагылдырылган. Кытай жыл баяндарында этнонимдин аталышынын бир канча түрү кездешери маалым. Кыргыздар өздөрүнө таандык рун сымал жазуу эстеликтеринде «кыргыз» атын жазып калтырышкан. Этноним Энесай чөлкөмүндө бир канча ирет, Орхондогу жазууларда («кыргыз») 14 ирет эскерилет. (КТБ - Күл тегин эстелиги 4,14,20,35,36; Тоң Йокук - 20,27,28,29; Могилян 26,27; Моюн Чур-22,23). 1900-ж. таанымал түрколог Г.И.Рамстедт тарабынан Монголиянын түштүгүрөөк жагындагы Суджин- Даван (Суджа жазуусу деген ат менен белгилүү) деген аймактан табылган кыргыздар калтырган эстеликтин тарыхый, лексикалык мааниси өтө зор. Эстеликтеги маалыматтардан кыргыздарда VIII- IX кк. чейин эле этностук өзүн-өзү таануусу толук калыптанып бүткөндүгүн байкоого болот.

Арийне «кыргыз» этноними оболу, кытай жыл баяндарындагы (Хань, Суй, Тан, Юань, Сунь, Цинь династияларынын мезгилдери, б.з.ч. III к. - б.з. XVIII кк.) маалыматтарда эскерилет. Бул династиялардагы мамлекеттик тил жана иш кагаздарын алып баруу бири-биринен таптакыр айырмалангандыктан, «кыргыз» этнониминин аталышы жана жазылыш формасы да бир топ өзгөчөлүктөргө ээ. Хань династиясынын жыл баяндарында (Сыма Цянь «Ши-цзи»): «...Кийинчерээк Маодун түндүктөгү хунюй, щойщел динлин, гегунь жана синьми ээликтерин... Кытай булактарында кыргыз этноними Хань доорундагы иероглифте «gе - кип», хан тилинде gjzап-кuп деп жазылганын, андан соңку китептерде hі- gu, hе-gu, dzte-gu, gzu-gu формаларында чагылдырылат.

Кыргыз тарыхынын кызыктуу жана өтө аз изилденген мезгили б з ч. 56-49-ж. болуп эсептелет. Ушул мезгилде кыргыздар, динлин жана уцзелер менен көтөрүлүш чыгарышып, көз каранды эместигин калыбына келтиришкен. «...Чжи-Чжи (б.з.ч. 48-ж) алга жылып, усундарды талкалады. Түндүктө Уцзелерди моюн сундурду Андан соң, ал (Чжи-Чжи шаньюй) цзегуларды (кыргыздарды) жеңип, алардан түндүктө жайгашкан динлиндерди баш ийдирди. Чжи-Чжи үч ээликти (мамлекетти) өлкөгө бириктирди. Динлиндер, уцзелер, кыргыздар түзгөн көз каранды эмес мамлекеттерди ошол доордогу кытай тарыхчысы Бань Гу «Үч падышачылык» деп бекер жерден жазган эмес. Бирок, бул баш ийдирүү узакка созулган эмес. Б.з.ч. 46-ж Чжи-Чжи шаньюй Таласта кытай аскерлери менен болгон согушта курман болот. Андан соң, «кыргыз» этноними жана кыргыздар «Вэй-люйда» («Вэй династиясынын таржымалы») биздин замандын 220-280-жж. эскерилет. Пэй Сун Чжи берген маалыматтарында: «... батыштан Иу, Янциден түндүктө, Байшян тараптарда циби, боло, чжи, де, субо, уху, хэгу (кыргыз), ниху жана башкалар жайгашкан. «Хэгу (кыргыз) этноними Суй династиясынын (581- 618-жж.) Борбордук жана Орто Азия аймактары боюнча түзүлгөн карталарында да чагылдырылат. Хэгулар жогоруда аталган элдер менен кайрадан биргеликте эскерилет. Кыргыздар «Вэй шуда» (Вэй династиясынын жыл баяндары боюнча) сяньбилерге баш ийип турушкан уруу (эл) экендиги баяндалган. 558-жылы Чыгыш Түрк каганы Бумындын көз жумгандыгына арналган аза күтүүдө кыргыздар да катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар. Бул маалыматтардан кыргыздардын б.з.ч. 3. б.з 6- кк. Чыгыш Теңиртоодо, азыркы Манас шаарынан, Боро-Хоро тоо кыркаларынан түндүгүрөөктө байырлашкандыктарын билүүгө болот. Кыргыздар жана «кыргыз» этноними жөнүндө кеңири маалыматтар (6-10- кк.) Орхон-Энесай рун жазуулары жана Кытайдын Тан династиясынын жыл баяндарында чагылдырылат. 6-8-кк. кыргыздар саясий жактан бир топ күчтөнүшүп, Борбордук Азияда согушта саясий үстөмдүгүн камсыз кылууга умтулушкан. 629-ж Кыргыз мамлекети Телес каганатына убактылуу көз каранды болуп калган. 632 -ж Тан императорунун атынан элчи Ван Ихун Кыргыз каганына атайын миссия менен келген. 648-ж Телестер тан империясын баш ийдиришкен соң, кыргыз каганы «Эл аксакалы, Силифа (Элтебер) Шибокюй Ачжан өзү император Тайцзундун кабыл алуусуна келген. Бул дипломатиялык алакалардын түзүлүшү, эки өлкөнүн бирин-бири мамлекет катары суверендүүлүгүн таануусу болгон. Кыргыз өлкөсү кытай документтеринде Тан мамлекетиндеги расмий тилдик өзгөчөлүктөргө байланыштуу «гян-гун» деп атала баштаган. 638-ж кытай мамлекеттик иш-кагаздарында «гегу» деп да жазылган. «Гян-гун» жана «Гегу» бир эле атты, «кыргыз» дегенди туюнткан.

758-843-жж «кыргыз» этноними тарыхый жазма булактарында «хягас» формасында жазыла баштаган. Изилдөөчүлөр Тан доорунда (618-917-жж.) жана андан соңку мезгилдердеги Ніа dzizsi, Ніа-dzia-sі, he-gе- sі, gе-gе-sі формаларында жазыларын белгилешет. Кытайда монголдордун Юань династиясы башкарган мезгилде (1280-1368- жж) кыргыздар dzi-li-dzi-si, сhі-еr-dzі-sі, сhі-lі-dzi-si «кыргыз» аты кытай иероглифтеринде формадагы иероглифтер менен белгилүү болушкан. Руникалык жазуу эстеликтеринде этноним «кыркыз» формасында берилет. Күлтегиндин эстелигинде (711-ж): «...Тибет, табгач, апар, курум, кыркыз, үч курыкан, отуз татар, кытай, татабы - мынча журт келишти, ыйлашты, сыкташты..., Күлтегин жыйырма алты жашында кыргызга карай жортуулдады...» - деп жазылган. Могилян-каганга арналып тургузулган эстеликте: «...Мен жыйырма алтыга толгонумда чик журту кыргыздар менен бирге жоо болушту...» - деген маалыматтар бар. «Кыргыз» этнониминин Орхондогу (Монголиядагы) руникалык жазуулардан көп ирет эскерилиши кыргыздардын Борбордук Азиядагы согуштук-саясий бекем абалын чагылдырган. Кыргыз маданиятынын Түштүк Сибирдин аймактарына таралышы б.з. 6-к башталат. Археологиялык маалыматтар менен кыргыздардын Энесай тарапка журт которуусунун хронологиялык алкагы дал келет. Бул тыянактар эн тамга белгилери, петроглифтер жана башка тарыхый-этнографиялык маалыматтар менен да бекемделет. Династиялык өз ара чыр-чатактардан 583-ж 1-Түрк Каганаты кулагандан соң, кыргыздар убактылуу, ары шарттуу түрдөгү көз карандылыктан арылышкан. Тагыраак айтканда, толук көз каранды эместикке ээ болушкан. Кытай жыл баяндары: «Тюкюлардан (түрктөрдөн) түндүктө жашаган Цигулар (кыргыздар) өч алуу үчүн өз мезгилин күтүп жатышат деген», - маалымат беришет. Бул мезгилди Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнүн экинчи этабы катары кароо зарыл. Анткени дал ушул тарыхый окуялардан соң «кыргыз» этноними жана кыргыздар жөнүндө маалыматтар Кытайдын Тан династиясынын жыл баяндарында, араб-фарси жана башка булактарында көп эскериле баштайт.

Кытайдын «Тайпинхуаньюйцзи» («Тайпиндердин башкаруу доорундагы дуйнөнүн сүрөттөлүшү») аттуу жазуу булагында төмөндөгүдөй баалуу маалыматтар бар: Сяцзястар (кыргыздар) - түндүк- батыш багыттагы талаалардагы мамлекет. Алардын абалкы аталышы - цзейгу, башкасы - цзюйу, дагы бир аталышы цзянь - гунь деген ат менен белгилүү. «Тарыхый баяндарда» цзяньгунь деп аталса, Хань династиясынын жыл баяндарында бул эл гегунь катары белгилүү болушкан... Алардын (кыргыздардын) падышалыгында башкы аскер жетекчисин Хэси-бей, андан соңку Ацзюй- шэбей, андан кийинки башкаруучусу Ами-бей деп аталышат. Ошол үч адам (министрлер) мамлекетти чогуу башкарышат. Алардын мамлекетиндеги өкмөт кызматкерлери цзай-сян, ду-ду, цзян-цзюня, дацян (да-гань) деген кызмат даражаларын аткарышат. Чженьгуандын (Тан императору) башкаруусунун 6-жылында (632-ж.) Тан мамлекети янь-ши-вэй Ван И-Хунду аларга (кыргыздарга) элчиликке жөнөтүштү. 647-ж. саясий окуялардан соң, кыргыздар Тан империясы менен түз дипломатиялык байланыштарды түзүү максатында, 632-ж. элчиликке жооп иретинде 648-ж. белгилүү мамлекеттик ишмер, элтебер Шибокюй Ачжан Тхай-цзундун сарайына расмий иш сапары менен келген. «Император жогорку даражалуу мейманга атайын сый тамак уюштуруп, Цзян-Кундун (Кыргыз) генерал-губернатору (ду-ху) титулун ыйгарган. Жогорудагы кытай жыл башында андан соңку мезгилдердеги кыргыз-кытай алакалары жөнүндө кенен маалыматтар бар. Кыргыздар менен аскердик- саясий алакага кытайлар өздөрү кызыкдар болушканы анык.

Араб графикасындагы жазуу булактарында кыргыздар X к. орто чендеринен эскериле баштайт. Аль Истахри: Син падышалыгы көп тилдүү. Түрктөр, тогузгуздар, хырхыз, кимак, гуз жана хазлаждардын тилдерин түшүнүшпөйт. Хыргыздар (кыргыздар) тогузгуз, кимак океан (мухит) суусу жана хазлаждардын жерлеринин ортосунда жайгашкан. Тогузгуздар Тибет (Туббет), хазлаж, хырхыз жана Син падышачылыгынын ортолугунда жайгашкан. «Худуд ал-Алам» деген фарс тилдүү булакта Рас дарыясынын кимак жана хырхыздар жашаган жерлерден башталып, гуздардын жери аркылуу Хазар деңизине куят... Ааламдагы 51 мамлекет... - Хиарган, Гуз, Кимак, Чигил, Тухси, Халлух, Йагма, Тогузгуз жана Хырхыз. ...Алардын жетекчилери Хырхыз-хакан (каган)... Алардын негизги кесиби көчмөн турмуш, кой, уй жана жылкыга байланышкан. Хырхыздар көчмөндөр, жайыт издеп көчүп жүрүшөт. Боз үйлөрдө турушат, аңчылык жана балыкчылыкты да кесип кылышат. Отко сыйынышат, сөөктү өрттөп көмүшөт. Исламга чейин кыргыздар сөөктү өрттөп көмүшкөндүгү кытай булактарындагы маалыматтар менен бекемделери маалым. Халлухтарга жакын жайгашкан аймактын калкы өтө жыш жайгашкан; чыгышка жана түштүккө карай халлухтар, батышка-тухшйлер, түндүктө хырхыздардын жерлери созулуп жатат. Халлухтардын жана кыргыздардын аймагында өндүрүлгөн, иштетилген заттарды чигилдер да алып турушат. Алардын алган кирешелери арбын, боз үйлөрдө жашашат, айылдар жана шаарлар сейрек учурайт; негизги байлыгы - уй, кой, жылкы айбандары. Алардын айрымдары күнгө, жылдыздарга сыйынышат. Ал адамдар өз башкаруучусу сыяктуу эле жылуу маанай, ак көңүл, алар менен баарлашуу өтө жагымдуу. Соңку мезгилдеги иликтөөлөр карлуктар негизинен кыргыздар курамына жуурулушканын далилдөөдө. Атактуу энциклопедист-аалым Махмуд Кашгари (11-к.) да кыргыздар жөнүндө баалуу маалымттарды берет: «...Румдан күн чыгышка чейин мусулман жана башка элдерди зикир чалдым (эскерип жаздым). Румга жакын биринчи эл (уруу) беченек, андан соң кыфчак (кыпчак), огуз, йемек, башкурт, басмыл, андан соң кайлар, йабаку, андан соң татар, андан соң кыргыздар (кыркыз) жайгашышкан. Кыргыздар (кыркыздар) Чинге (Кытайга) жакын турушат. Автор андан соң: «кыркыз, кыфчак, огуз, тухси, йагма, чигил, игрек, чаруктардын тили - таза, түрк тилдери», - деп жазат. Андан ары Махмуд Кашгари кыргыздардын каада-салты жөнүндө да маанилүү маалымат жазат: «...Кыркыз (кыргыз), йабаку, кыпчак жана башкалар кишиге касам ичиргенде же аткарылчу иш үчүн убада бергенде, кылычын кынынан сууруп, ошол кишинин алдына коюп, «көк кирип, кызыл чыксын», - дешет. Эгер убада же берилген шерт бузулса, бул кылыч көк кирип, кызыл чыксын, канга бөлөнүп чыксын. Бул шерт бузулса темир сени өлтүрсүн, үч өлтүрсүн дешет. Алар (кыргыздар) темирди өтө урматтап мамиле жасашат». XI к. Кыргыздар жөнүндөгү маалыматтардын бүгүнкү тарых илими үчүн мааниси зор.

«Кыргыз» этнониминин чечмелениши - кыргыз этононимдерине илимий негиздеги чечмелөө жана алардын этимологиясын аныктоо боюнча эң алгачкы иликтөөлөр Н.А.Аристовго таандык. Илимпоздун айрым этностук аталыштарга берген илимий баасы бүгүнкү күнү да өз актуалдуулугун жогото элек. Н.А.Аристовдун изилдөөлөрүнүн бирден-бир кемчилиги болуп этнонимдердин маанисине иликтөөлөр жүргүзүүдө кыргыз тилинин жана лексикасынын, башка түрк тилдеринин системасындагы мүмкүнчүлүктөрү толук эмес пайдалангандыгында болгон. «Кыргыз» этнониминин чечмелениши жана анын баштапкы мааниси боюнча чет өлкөлүк, мурдагы советтик жана ата мекендик изилдөөчүлөрдүн бир катар кѳз караштары, тыянактары белгилүү. Мындан сырткары, этнонимдин чечмелениши боюнча элдик этимология, тагыраак айтканда, санжыранын жана башка фольклордук маалыматтарда да бар. Этнонимдин баштапкы мааниси элдик дастандарда, анын ичинде «Манас» эпосунда да чагылдырылат.

«Кыргыз» этнониминин маанисине адегенде венгр илимпоздору аныктама берүүгө аракеттенишкен. Вамбери этноним, эки сөздүн мааниси - «кыр» - талаа, тоо, «кез» - тургуну, жашоочусу» -деген пикирди айтып. Бул кѳз караш кыргыз санжыраларында «кыргез» (кыр + гез) деген элдик этимология менен үндөшүп турат. В.Мункачи болсо «кыргыз» этнонимин «кыр» + огуз («тоо» же Лигетинин маалыматы боюнча «талаа» огуздары) - «талаа огуздары» маанисин туюнтушу ыктымал деген божомол айткан. Бул кѳз караш Сейф ад-Дин Аксыкендинин «Мажму ат-таварихиндеги» (16- к.) кыргыздар «кырк гуздардан» келип чыгат деген орто кылымдык санжыралык маалымат менен үндөшкөнсүйт.

В.В.Радлов «Кыргыз» этноними сандык маанини туюнтат деген пикирин айткан. Анын айтымында «кыргыз» - «кырк»+»жүз» дегенди түшүндүрөрүн жазат. Болжолу, автор этностук аталыштын чечмеленишин кыпчак тилдүү элдерге кенен тараган жүз, миң деген этностук компоненттер менен жакын караган. Чындыгында эле, кыпчак тилдүү кѳчмѳн ѳзбек, казактар уруулук бирикмелер - жүздөргө (ѳзбек жүз, казактардагы улуу, жүз, орто жүз жана башкалар) бөлүнүшкөндүгү маалым. Шлегель «кыргыз» этнонимин «кыргу» - кызыл түс, «жүз»- кишинин өңү-түсү дегенди туюнткан деген эки сөздүн биригүүсүнөн келип чыккандыгын жазат. Бул пикир орто кылымдардагы (8-10-кк.) Кытайдын Тан династиясынын жыл баяндарындагы маалыматтар менен да дал келерин байкоого болот. Кытай жыл баяндарында «кыргыз» этнониминин «гянгун», «гегу», «сясзясы» (хягасы) формалары басымдуу учурайт. «Тан хуияодо»: биз тилмечтерден (уйгур тектүү котормочулардан) сураганыбызда (тактаганыбызда) «хя-гяс» сөзү «сары баш» (сары чачтуу), «кызыл түстүү» дегенди туюнтат деген» маалымат жазылган. Болжолу, уйгурлар кыргыздарды антропологиялык тибине карата ушундайча аташкан. «Хягас» сөзү котормочулардын айтымындагы ошол учурдагы уйгур тилиндеги qirgu = qizgu «кызгылт түстүү» дегенди туюнткан. Болжолу, уйгур тилинде «кыргы + сөзү кызыл маанисин аныктап, кытай тилине этноним дал ушул мааниде өтүп калган.

Л.Лигети өз эмгегинде Девернянын кытай тилинде «киян кун» - «кыргыз» этнонимин, ал эми «Кем» - Энесай, «Кун» - Орхон маанисин туюнтушу мүмкүн деген гипотезасы жөнүндө жазат. Бирок, Девернянын бул пикирин далилсиз көз караш катары кароого болот. Мындан сырткары, илим чөйрөлөрүндө адистер жогорудагыдай гипотезаны колдоп чыгышкан жок. Соңку мезгилдеги илимпоздор «кыргыз» этнониминин тоо, кыр, талаа адамдары, өңү «кызыл», «кызгылт» түстүү адамдар маанисинде чечмелеп жүрүшөт. К.И.Петров: «Кыргыз»- «кырыг» (же кыргы) байыркы түрк тилдеринде кызыл түсүн аныктаган сын атооч, - 3 көптүк маанини (- лар мүчөсү) туюнткан сөз жасоочу мүчө» - деп жазат. Ушул эле көз карашты түрколог Н.А.Баскаков өз изилдөөлөрүндө колдоп чыккан тыянагын айтат. Бирок, Н.А. Баскаков qurquz сөзүнүн баштапкы маанисинде qurgu - quruq - «кызыл», экинчи компоненти oguz - guz же quruq oguz — кызыл огуздар дегенди туюнткан. «Кызыл» түсү байыркы түрк доорундагы «түштүк» дегенди туюнткан. Изилдөөчүнүн пикиринде этноним бир эле учурда «түштүк огуздар» дегенди билдирет. Бул гипотеза (экинчи компоненти боюнча) 16-к. теңиртоолук кыргыздардын Хожент тоолорунда кырк гуздардан - кыргыз этноними келип чыгат деген санжыра менен дал келет. Этнонимдин тоо, талаа, кыр, кызыл, жана башка ушундай сыяктуу сөздөргө маанилеш келип чыккандыгын белгилеп пикирлер соңку мезгилдерде да жарык көрүп келет. Илим чөйрөсүндө бул маселе боюнча дагы бир багыт бар. Биздин пикирде ушул көз караш негиздүү илимий тыянак болуп калат. Доржи Банзаров, Л.Лигети С.М.Абрамзондор кырг(к) - сан, - 3 көптүк маанисин туюнткан сөз жасоочу мүчө. «Кырк + з: - лар көптүк маанини түшүндүргөн сөз жасоочу мүчө». «Кырк + тар» же «кырк уруу», «кырк уруу эл». Бул илимий негиздүү пикирди эң алгач бурят окумуштуусу Доржи Банзаров айткан. Автор -3 көптүк маанини аныктаган монгол аффикси деген тыянакка келет. Арийне, - 3 мүчөсү байыркы түрк доорунан эле белгилүү. Мисалы, кыргыз , огуз, телес, барлас, мундуз жана башкалар. Огуз= ок(з)+ уз; «ок» - байыркы кыргыз тилинде «уруу», «эл» дегенди аныктаган оq-оq «тебе», «урук» +иг; көптүк маанисин аныктоочу байыркы аффикс. Санга байланыштуу этностук аталыш тар байыркы кыргыз (түрк) доорунда өтө кенен тараган. Мисалы, он ок, он огуз, атуу татар, үч карлук, үч курыкан, тогуз огуз, отуз уул, үч ок, жана башкалар. Кыргыздарда кырк уулу (саруу), кырк тамга (жоокесек), отуз уул, тогуз (багыш), жети уруу (саруу), үч ок (басыз) жана башкалар урук-уруу аттары кездешет. Түрк-монгол элдеринде, анын ичинде кыргыздарда жети, тогуз, кырк сандары ыйык санды туюнтары эзелтеден белгилүү. Мындан сырткары, башкыр, казак, өзбектерде жүз, кырктар, миңдер жана башка этникалык аталыштар кенен таралган.

Кыргыз-кырк + ыз(з) = кырк, -ыз (-з) көптүк маанини түшүндүрүүчү сөз жасоочу мүчө. Кырк + з - «кырк уруу эл», «кырк уруунун биримдиги, союзу» дегенди туюнтат. Элдик оозеки чыгар- маларда «кырк уруулуу кыргыз» сөзү арбын кездешет. Ушул эле маалыматтар «Манас» дастанында да чагылдырылат. 13-18- кк. Монгол тилдүү булактарда «кыргыз» этнонимин «киргут» - кырг + ут- т (- ут) монгол тилдүү элдерде көптүк маанини түшүндүргөн сөз жасоочу мүчө. Ойрот (Жунгар) хандыгын Угечи Кашка (Гүйлүчү, Мункэ Темур) жетектеген кыргыздар (булактарда «киргуттар») 1499- 1525-жж. Ойрот (Жунгар) хандыгын негиздешкендиги маалым. Жалпысынан, Азиянын эң байыркы элдеринин бири болгон кыргыздар жөнүндө маалыматтар тарыхый жана башка булактарда өтө арбын кездешет. Негизинен, «кыргыз» этноними жөнүндө илимге сунуш этилген көз караштардан Д.Банзаров, Л.Лигети, С.М.Абрамзондун пикирлери илимий негиздүү тыянак болуп калат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]