Мазмунга өтүү

Банзаров Доржи

Википедия дан

Банзаров Доржи, 19-к. жашап өткөн бурят-орус окумуштуусу, белгилүү монголтаануучу, батыш үлгүсүндө университеттик билим алган алгачкы сибирдик чыгыштаануучулардын бири. Д.Банзаровдун изилдөөлөрү жана илимге киргизген маалыматтары бүгүнкү күндөрү да өз актуалдуулугун жогото элек. Ал тарых илиминде «кыргыз» этнонимине эң алгачкы тарыхый жана этимологиялык илимий аныктама берген. Кыргыз тарыхына андан 100 жыл кийинчерээк кайрылган кыргызтаануучулар Д.Банзаровдун «кыргыз» этнонимине берген аныктамасы илимий негиздүү (мис., С.М.Абрамзон ж.б.) экендигин колдоп келишкен. Д.Банзаров «кыргыз» этноними «кырк + з» - «кырк-з», «кырк», ал эми «-з» мүчөсү сөз жасай турган көптүк маанини аныктаган аффикс деген пикирин айтат. Демек, Д.Банзаровдун пикиринде байыркы түрк доорунда колдонулган – з мүчөсү, кырк +з, «кырк уруунун биримдиги, бирикмеси» маанисин туюнтат.

Ал шаман дини боюнча эң оболку изилдөөлөрдү жүргүзгөн, монголдордун шаман дининин негизи эң байыркы культ экендигин жана ал өз алдынча философиялык-диний түшүнүк катары калыптанган деген илимий негиздүү тыянакты айткан. Д.Банзаровдун тарыхый-филологиялык, эпиграфиялык эмгектери бүгүнкү күндө да мыкты иликтөөлөрдүн үлгүсү катары кызмат өтөп келет. Атактуу чыгыштаануучу Г.Потанин өз учурунда Д.Банзаровдун изилдөөлөрүнүн жогорку деңгээлин бир нече ирет белгилеген. Банзаров Доржи 1822-ж. Забайкалье областынын Кутетуев-Джидинский (азыркы Бурят Республикасы, Джидинский району) деген жерде туулган. Теги боюнча бурят казак-орустарынан, атасы Банзар Борхонов Ашебагат казак полкунун элүү башчысы катары кызмат өтөгөн. Д.Банзаров 1846-ж. Казан университетин аяктаган жана атактуу чыгыштаануучу Осип Михайлович Ковалевскийдин шакирти болуп калган. Ошол эле жылы «Черная вера, или шаманство у монголов» деген эмгегин басып чыгарган. 1847-1849 жж. Банзаров Санкт Петербургдагы Азия музейинде илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт. 1848-ж. «Пайцзе, или металлические дощечки с повелениями монгольских ханов» аттуу изилдөөсүн жарыялаган. 1850-1855 жж. чыгыш Сибирь губернаторунун (Иркутск шаары) өзгөчө тапшырмалар боюнча кызматкери болуп кызмат өтөгөн. Ушул мезгилдин аралыгында «Объяснение монгольской надписи на памятнике князя Исунке, племянника Чингис-Хана» (1851) деген эмгек аркылуу «Чынгыз ташындагы» жазууларга илимий тыянак берген. Декабрист Н.А.Бестужев Д.Банзаровдун сүрөттөрүн тарткан. 1955-ж Иркутск шаарында дүйнөдөн кайтат.

  1. Банзаров Д. Собрание сочинений / Отв. ред. Д.Б. Улымжиев; Предисл. В.Ц. Найдакова; РАН. Сиб. отд-ние. Бурят. ин-т обществ. наук. – 2-е изд., доп. – Улан-Удэ: Изд-во БНЦ СО РАН, 1997. – 240 с.; 30 см. – Библиогр.: с. 227-238. – 600 экз.
  2. Ким Н. В. Доржи Банзаров. (Биографический очерк). Улан-Удэ, 1992.
  3. Ч. Цыдендамбаев. Доржи, сын Банзара. Серия: Библиотека сибирского романа. Новосибирское книжное издательство, 1961 г. 424 стр. Тираж: 75000 экз.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]