«МК-Ультра» долбоору

Википедия дан

MKULTRA долбоору (англ. Project MKULTRA, ошондой эле MK-ULTRA аталышы менен белгилүү) - америкалык БЧАнын жашыруун программасынын коддук аталышы, ал аң-сезимди манипуляциялоо каражаттарын табууга жана изилдөөгө багытталган. Мисалы, тыңчыларды өз тарабына тартууда же сурак учурунда психотроптук химиялык заттарды (адамдын акылына таасир этүүчү) колдонуу менен маалымат алуу болуп эсептелеген .

Программанын масштабы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ЛСД тийгизген таасирин иликтөөчү чакан долбоор

Азыркы сакталып калган маалыматтарга таянсак, бул программа 1950-жылдары башталып 1960-жылдардын аягына чейин жүргүзүлгөн. Бирок, кээ бир мааламатарга таянсак программа 1960-жылдардан кийин да улантылган. 1973-жылы «МК-Ультра» долбооруна байланыштуу негизги документтер БЧА тарабынан атайылап жок кылган [1], жана бул 1975-жылы АКШ Конгресси тарабынан долбоорго байланыштуу иликтөө ишмердүүлүгүн жүргүзүгө бир топ тоскоол болгон.

Монреалдагы Макгилл университетинин алдындагы Аллан мемориалдык институтундагы психиатр Дональд Кэмерон ар кандай химиялык заттарды (нерв системасына таасир берүүчү, ЛСД жана психотроптук дарыларды) жана электроконвульсивдүү терапияны (электрошок) колдонуу менен эксперименттерди жүргүзгөн.

Эксперименттердин катышуучуларына бир нече ай бою тынымсыз химиялык заттар сайылган же электр разряддары менен кома абалына атайын түшүрүп, аларга магнитофонго жазылган жана кайра-кайра кайталанган үндөрдү, кайталануучу буйруктарды угузуп турушкан. Бул эксперименттердин максаты адамдагы эстутумду жок кылып жаны жалган окуяларды эстутумга киргизүү болгон.

Бул үрөй учурган эксперименттер, Аллан мемориалдык институтунун психиатриялык клиникасына невроз, тынчсыздануу же төрөттөн кийинки депрессия сыяктуу женил көйгөйлөр менен кайрылган адамдарга жасалган . Кийинчерээк бул долдоордун ишмердүүлүгүнүy парламенттик иликтөөсүнүн жыйынтыгында келип чыккан саясий чыр-чатак, жарандардын өздүк маалыматтынын купуя сыр бойдон калышын камсыз кылуу үчүн бир топ мыйзамдардын кабыл алынышына таасирин тийгизген (англ. informed consent).

1987-жылы Гарольд Блауэр, ажырашкандан кийинки депрессиядан улам Нью-Йорктун психиатриялык институтуна кайрылган (8 январь 1953), ага бир катар жашыруун дары-дармектердин уулуулугун изилдөө үчүн жашыруун эксперименттердин жүргүзүлгөнү тууралуу маалымат бербестен түрдү химиялык заттарды венасы аркылуу сайып турган . Ал бир катар даттануулардан кийин жана дарылоону улантуудан баш тартканына байланыштуу, венасы арткылуу бешинчи жолу 450 мг MDA (EA 1298) саюуу жолу өлтүрүлгөн. АКШнын федералдык бийлиги 20 жылдан ашык убакыт бою, медициналык документтерди жасалмалоо жана аскер экспериментинин фактысын дарылоочу дарыгерден, туугандарынан жана адвокаттарынан жашырып келишкен [2] .

1953-жылы БЧА болунгон каражаттардын 6% «МК-Ультра» долбооруна жумшалган жана бул маалыматтардан кийин программанын масштабы боюнча тыянак чыгарса болот .

Изилдөө жана эксперименттерди коюууга 44 билим жана илимий мекемелер (университеттер жана колледждер) [3], 15 илимий-изилдөө, химиялык жана фармацевтикалык компаниялар, 12 оорука жана 3 түзөтүү абактары абактары катышкан [4].

Программанын курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

МК Ультра боюнча АКШнын сенатынын отчету

БЧАнын сакталып калган документтери программанын «химиялык, биологиялык жана радиологиялык» ыкмалардын аң-сезимге тийгизген таасирин изилдөөгө багытталганын так көрсөтүп турат. Бул эксперименттин максаттыры:

  • эс тутумдун бузулушу
  • жаманатты кылуу максатында адамдын эс тутумуна таасир этүү
  • жыныстык адаттарды өзгөртүү
  • маалымат алуу ыкмалары
  • жалган сезимдерди туудуруу
  • көз карандылык сезимин түзүү

«МК-Ультра» жана «Артишок» долбоорлорунун бир бутагы караты катары, кээ бир булактар «Монарх» долбоорун аташат (англ. Project Monarch).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Template error: argument title is required.
  2. $700,000 Awarded to Estate of Army Drug Test Victim (en), Los Angeles Times/ Associated Press (6 May 1987). Архивировано из первоисточника 8 -март (жалган куран) 2016. Текшерилген күнү 17 -август (баш оона) 2016. «U.S. District Judge Constance Baker Motley detailed what she called a 20-year conspiracy by the Army, the Justice Department and the New York state attorney general's office to conceal events surrounding the death of Harold Blauer.».
  3. CIA Off Campus: Building the Movement Against Agency Recruitment and Research (англисче)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  4. Book Review: Search for the Manchurian Candidate by John Marks (англисче)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]