Магнитофон

Википедия дан

Магнитофон (магнит жанa гр. pho­ne — үн) — үндү магниттик жазуучу жанa кайра угузуучу аппарат.

  • Магнитофондун составына лента жылдыргыч меха­низм, электр сигналдарын күчөткүч, үндү жазуу, угузуу жанa өчүрүүчү магниттуу бөрк, жог. жыштыктуу генератор, жазылууну көрсөткүч түзүлүш кирет.
  • Ал адистик жанa тиричилик Магнитофонну болуп айырмаланат. Адистик Магнитофон үндүү кинодо сүрөткө тууралап тешиктүү (перфорацияланган) магниттик лентага үн жазуу, радио угузууда, кинодо жана граммофондук жазууда, телеборбордо колдонулуучу 6,25 л.*луү магниттик лентага жазуу, транспортто диспетчердик сүйлөшүүлөрдү жанa ил. изилдөөдө жог. жыштыктуу сигналдарды жазуу үчүн колдонулат. Тиричилик Магнитофон үй тиричиликте үн жазуу жанa сатып алынган фонограммаларды ойнотуп угуу үчүн пайдаланылат.
  • Тиричилик Магнитофонун жөнөкөйлөтүү жанa арзандатуу үчүн кезектешип жаза жанa угуза турган универсал күчөткүч жанa универсал магниттүү бөрк орнотулат. Магнитофондун көбүндө лента өзөкчөгө же чыгырыкка,ал эми жаңы типтеринде кассетага түрүлөт (Үн жазуу).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.