«Манас» монументи

Википедия дан

«Манас» монументи — архитектуралык-скульптуралык композиция. 1981-ж. Бишкек шаарынын Совет аянтында, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алдына курулган. Скульптор Кыргыз эл сүрөтчүсү Т. Садыков. Ансамбль темасы боюнча өз алдынчалуу жана скульптуралык топторунун пластикалык интерпретацияланышы боюнча ар башкача, алар бири-бирин толуктап турган жана анын образдык идеясын ырааттуу ачып берген эки топтон турат. Биринчи топ шаардын борборундагы Чүй проспектисине бет маңдай жайгашкан Манастын монументи жана Каныкейдин , Бакайдын статуялары. Экинчи топ — улуу манасчылардын скульптуралык портреттери. Алар аянттын эки тарабына эки-экиден бири-бирине бет маңдай орнотулган. Ансамблдин негизги бөлүгү Манастын скульптурасы. Анда Манас бардык жоо кийимдерин кийип, тулпары Аккулада ишенимдүү отурат. Анын сол колунда калкан, оң колунда кылыч. Ал жамандыктын үстүнөн болгон жеңиштин салтанатын көрсөтүп тургансыйт, аны жаалдуу, бирок алдан тайып бараткан канаттуу мардын (жылан) көрүнүшү аркылуу элестетүүгө болот.

Монумент (анын бийиктиги, супасы менен бирге 21 м) аянттын бардык тарабынан жакшы көрүнөт. Аны тегеренип карап чыкканда көп кырдуу жана бир бүтүн көркөм образды жараткан теманын трактовкаланышындагы жаңы нюанстарды көрүүгө болот. Атта отурган Манастын элеси шарттуулугуна карабастан, образдуу, конструктивдүү чечилген. Супага скульптуралык топ оригиналдуу жана ыңгайлуу орнотулуп, ал аянт мейкиндигинде учуп бараткандай таасир берүүгө жетишилген.

Каныкей менен Бакайдын фигуралары да зор сүймөнчүк менен иштелген. Алардын сөлөкөттөрү таасын, композициялары ачык-айкын, пропорциялары жеткире иштелген. Сүйкүмдүүлүккө, аялдын назиктигине, поэтикалуулукка ширелген Каныкейдин образы ансамблдин ичинен эң жагымдуусу. Көлөмдөрдүн өз ара шайкештиги, турган абалынын жана кыймылдагы көрүнүшүнүн табигыйлыгы Каныкейдин турпатындагы токтоолукту, назиктикти, тазалыкты, кең пейилдикти чагылдырган. Бул өзү типтүү образ. Скульптор кыргыз аялынын жалпылаштырган эң сонун портретин түзүү менен аны жаңы белгилер менен байыткан. Акылмандыкты жана элдик жетилгендикти көрсөткөн Бакайдын тулкусу типажды туура тандап алгандыгы жана пластикалык жактан аны так интерпретациялоо аркылуу образдын турмуштук ынанымдуулугуна жетишип, көрүүчүлөрдү өзүнө бурат. Скульптор негизги көңүлдү каармандардын мүнөзүн ачып берүүгө бурган, ошол эле учурда кенен жалпылаштырууга да жетишкен.

Манасчылардын скульптуралык портреттери скульптордун портрет жанры жаатында көп жылдык изилденүүсүнүн жемиши, ошондой эле синтездөөгө жасаган аракети катары каралат. Эгерде Манастын , Каныкейдин жана Бакайдын образдарынын ишенимдүүлүгү доорго үндөш кийимдеринин тарыхый тактыгынан каармандардын мүнөздөрү өз ара байланыштуу ишке ашырылган болсо, ал эми портреттерде манасчылардын образдарына эпикалык маанайды берүү пластиканын өзү аркылуу, көркөм каражаттарды так тандап, ар бир деталды чегине жеткире иштөө аркылуу жетишкен. Портреттердин кызыл граниттен жасалышы алгылыктуу болгон. Анын фактурасы жана түсү формаларды трактовкалоонун мүнөзүн аныктоого, көлөмдөрдүн бири-бирине куюлушуп өтүшүнө өбөлгө түзгөн. Өз каармандарынын өтө ачык индивидуалдуулугунан качып сүрөткер чоң идеялык-көркөмдүк күчтөгү образдарды түзгөн. Аларга берилген лиризм (Тыныбек Жапый уулу) жана ички жыйнактуулук, ойдун чабыты (Найманбай Балык уулу) жана кенен эпикалуулук (Саякбай Карала уулу ) өтө кылдаттык менен көрсөтүлгөн. М. архитектуралык-скульптуралык композициясынын бардык бөлүктөрү поэзиянын бийик демине сугарылган. Архитектор аянттын параметриндеги скульптуралык формаларды жайгаштыруунун зарыл катышын таап, бирдиктүү монументтик-архитектуралык ансамблди түзүүгө жетишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4