«Манас» операсы

Википедия дан

«Манас» — баатырдык патриоттук операсы. Музыкасы В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференики. Либреттосун «Манастын» сюжети боюнча А. Токомбаев менен К. Маликов жазган. Сюжеттин негизин «Манас» эпосундагы «Көкөтөйдүн ашы» түзөт. Операнын эки редакциясы бар.

Биринчиси 1946-ж., экинчиси 1966-ж. Кыргыз Мамлекеттик опера жана балет театрында коюлган. Рольдорду Ж. Садыков (Манас), С. Кийизбаева (Каныкей) ойногон. Операнын биринчи редакциясындагы башкы режиссёрлору В. Я. Васильев менен А. Куттубаев. Хормейстери С. Юсупов, художниги Я. Штоффер. Алгачкы редакциясында Манас менен элдин биримдүүлүгү белгилүү деңгээлде чечилген эмес. Сюжетте шаан-шөкөттөр басымдуулук кылып, окуялардагы карама-каршылыктар ачык көрсөтүлбөгөн, музыканын оркестрлештирилишинде жагымсыз угулуштар көп болгон. Авторлор бул мүчүлүштөрдү эске алып, операны кайрадан иштеп чыгышкан, айрым ашыкча эпизоддору алынып ташталган. "Манас" операсы улуу эпоско татырлык чыгарма болуп опера өнөрүнүн алтын казынасына кирген. Операнын 1966-ж. коюлушунда башкы ролдорун К. Чодронов, А. Тентимишев (Манас), С. Кийизбаева, К. Сартбаева (Каныкей), Т. Сейталиев, С. Токтоналиев (Сыргак), X. Мухтаров (Коңурбай) жана башкалар ойногон. Режиссёру профессор Р. В. Захаров, А. Куттубаев. Хормейстери С. Юсупов. Опера прологдон (киришүү музыкасы), 3 акт, көшөгө (картина) жана эпилог-апофеоздон турат. Ар бир көшөгөнүн аталышы бар. Кириш музыкасында операнын негизги эки лейтмотиви — Манастын жана анын кырк чоросунун баатырдык темалары жаңырат. Операнын өнүгүшүндө драматургиялык принцип катары реалдык жана фантастикалык образдарды салыштыруу, ошондой эле согуштук окуялар, лирикалык жана турмуштук сценаларды алмаштырып туруу ыкмалары колдонулган. Авторлор музыкасын жазууда элдик обондорду цитаталап пайдаланган эмес. Бул жагынан «Манас» операсы башка кыргыз операларынан айырмаланып, өзүнчө көркөмдүк бийик деңгээлге көтөрүлгөн.


Операнын партитурасында дүйнөлүк классикалык опера өнөрүнүн формалары: ариялар, дуэттер, трио, квинтет, секстет, оркестрлик эпизоддор жазылган. Булардын ичинен Манастын ариясы (3-көшөгө), Коңурбайдын монологу (2-көшөгө), Манас менен Каныкейдин дуэти (4-көшөгө), Сыргак менен Каныкейдин сценасы (5-көшөгө) финалдык салтанаттуу хор-апофеозу (7-көшөгө) жана башкалар айрыкча эмоциялуу жана таасирдүү. Манастын башкалардан өзгөчөлөнгөн артык сапаты анын эл абалын туура баалап, оюн туура түшүнгөн, эл башчысы, эл жетекчиси экендиги. Эл азаматтарды тегерегине топтоп, элинин башын кошуп, душманга каршы көтөрөт. Башкы ролду (Манас) аткарган К. Чодронов, А. Тентимишевдер баатырдын так ушул сапаттарын — кең пейилдигин, калыстыгын, балбандыгын сүрөттөп бере алышкан. «Манас» операсынын авторлору 1970-ж. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы сыйлыгына татыктуу болгон. Опера Москва, Ленинград шаарларында коюлган..!