«Манасты» бастыруу

Википедия дан

«Манасты» бастыруу. «Манас» эпосунун мазмуну менен окурмандарды тааныштыруу иретинде эпостун текстинин үзүндүлөрү, эпизоддору жарыяланып, китептери жарык көрүп жатат.

«Манас» эпосу тууралуу жазуу жүзүндөгү эң алгачкы маалымат «Мажму ат-таварихте» жолугат. 1856-ж. Ч. Валиханов тарабынан жазылып алынган «Көкөтөйдүн ашы» 1904-ж. «Жунгария очерктери» деген эмгегинде биринчи жолу орус тилинде басылып чыккан. «Көкөтөйдүн ашынын» факсимилесин 1973-ж. А. X. Маргулан жарыялаган. В. В. Радлов жазып алган үзүндүлөрдүн кыргызчасы Санкт-Петербургда, немисчеси Лейпцигде 1885-ж. жарык көргөн. 1911-жылы Д. Алмаши «Keleti Szemle» журналына «Манастын уулу Семетей менен коштошкону» деген чакан текстти жарыялаган.

1925-ж. Москвадан араб ариби менен Тыныбек жомокчунун айтуусунда «Семетей» эпосунан үзүндү жарык көргөн (басмага даярдаган жана баш сөзүн жазган Эшеналы Арабай уулу; көлөмү 3617 сап ыр). Бул — «Манас» эпосунун Совет доорунда жарык көргөн эң алгачкы тексти. 30-жылдардын аягында эпостун тексттеринин үзүндүлөрү, эпизоддору күндөлүк басма сөздө да жана өз алдынча китеп болуп жарыялана баштаган. Ал эми 1940—45-ж. «Манас» серияларынан төмөнкү китептер жарык көргөн: Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Манастын балалык чагы» (кара сөз аралаш, Фр., 1940, 132 б.), басмага Ы. Абдыракманов даярдаган; « Алооке хан» (Фр., 1941, 56 б.), басмага Ы. Абдыракманов даярдаган; Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Каныкейдин жомогу» (Фр., 1941,108 б.), басмага Ы. Абдыракманов даярдаган; «Каныкейдин Тайторуну чапканы» (Фр., 1941, 156 б.), редактору Ө. Жакишев; Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Макел дөө» (Фр., 1941, 64 6.), басмага даярдаган Ы. Абдыракманов; Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Манастын өлүмү» (Фр., 1941, 64 б.), басмага даярдаган Ы. Абдыракманов; «Манастагы элестер» (мектеп жашындагы балдар үчүн, Фр., 1941, 39 б.), түзгөн К. Маликов; ТМВ боюнча «Семетейдин Букардан Таласка келиши» (Фр., 1941, 56 б.), басмага даярдаган Ы. Абдыракманов; Акмат Рысмендеевдин варианты боюнча «Үргөнч» (Фр., 1941, 64 б.), басмага даярдаган Ы. Абдыракманов; Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Алгачкы айкаш» («Чоң казаттан» үзүндү, Фр., 1942, 98 б.), басмага даярдаган Ж. Бейшекеев; ТМВ боюнча «Майдан» («Семетейден» үзүндү, Фр., 1943, 63 б.), басмага даярдаган Ж. Бейшекеев; Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Биринчи казат» (Фр., 1944, 108 б.), басмага даярдаган К. Рахматуллин. Б. Юнусалиевдин жалпы редакторлугу астында эпостун курама вариантынын төрт томдугу жарык көргөн: «Манас» (1-китеп, Фр„ 1958), «Манас» (2-китеп, Фр„ 1958), басмага даярдаган К. Маликов; «Семетей» (Фр„ 1959), басмага даярдаган А. Токомбаев; «Сейтек» (Фр„ 1960), басмага даярдаган Т. Сыдыкбеков. «Манастын» Ч.Айтматовдун башкы редакторлугу астында 1978— 82-ж. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча төрт томдугу, 1984—91-ж. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Манас» (2 китеп), «Семетей» (2 китеп), «Сейтек» (1 китеп) китептери жарык көрдү. «СССР элдеринин эпосу» сериясынан Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Манастын» төрт китебин кыргыз, орус тилдеринде Москвадан басып чыгаруу пландаштырылган. 1984-жылдан бери үч тому чыкты. Ошондой эле «Манастын» айрым эпизоддору орус, жана башкалар элдердин тилдеринде которулуп басылып чыгып жатат: «Алмамбет и Алтынай», (М„ 1936, 168 б.), эркин которгон С. Клычков; ««Манас — киргизский эпос» («Великий поход», М„ 1946, 372 б.), которгон С. Липкин, Л. Пеньковский, М. Тарловский, редакциялаган Ө. Жакишев, Е. Мозольков, И. Сельвинский, К. Юдахин; «Манас» (эпостон эпизоддор, М„ 1960, 310 б.), которгон С. Липкин, Л. Пеньковский; «Алгачкы айкаш» (Алматы, 1942), которгон Куандык Жеми; курама варианттын 4 томдугу (Алматы, 1 — 2-китеби, 1962; 3—4китеби, 1963), «Көкөтөйдүн ашы» (Алматы, 1973, А. Маргуландын котормосунда) казак тилинде басмадан чыкты. Ошондой эле курама варианттын өзбекче 1—2—3-китеби (1964, 1966, 1968) Ташкенде жарык көрдү. «Манас» (1982) тажик тилинде да өзүнчө китеп болуп чыккан. Кызыл-суулук манасчы Жусуп Мамайдын айтуусунда эпостун бир нече китеби чыккан. Моңгол тилинде «Манас» 1989-ж. Улан-Батырда басылган. «Манастын» айрым эпизоддорунан үзүндүлөр француз, немец, англис, венгер тилдерине которулуп, басмадан чыгарылды. 1977-ж. профессор А. Т. Хатто Ч. Валиханов жазып алган «Көкөтөйдүн ашын» Англияда кыргызчасын латын арибинде жана англисче котормосу менен бастырып чыгарган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4